mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Ош автожолу мурункудай эле режимде иштөөдө

Бишкек-Ош автожолу мурункудай эле режимде иштөөдө, башкача айтканда транспорттун баардык түрлөрү үчүн ачык. Өлкө калкы үчүн стратегиялык жолдо чектөөлөр киргизилген жок. Бул тууралуу Кыргыз Республкасынын транспорт жана жол министрлигинин басма-сөз катчысы Кылыч Досумбетов министрлик алдындагы Бишкек-Ош автомобилдик жолдор мамлекеттик дирекциясынын башкы директору Бердимат Джанышбаевге таянуу менен билдирди.

Учурда Бишкек-Ош автожолунун иштеши боюнча жүргүнчүлөрдүн суроолор түшүүдө. Аларга кайрылып тынчсызданууга себеп жок экендигин айтып, дагы бир ирет Бишкек-Ош автожолу күнүмкүдөй эле режимде иштеп жаткандыгын билдиребиз.