mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Баткен жолун салууга жаңы техника жана жабдууларды алуу үчүн Япония Кыргызстанга 5,3 млн. доллар кайтарымсыз каражат бөлөт

Бүгүн, 23-март күнү Кыргызстан менен Япония өкмөтүнүн ортосундагы «Баткен облусунун жолдорун сала турган жабдууларды жакшыртуу» долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана гранттык макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.

Кыргыз тараптан Финансы министри Алмаз Бакетаев, Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Медербек Курманбеков, ал эми Япония өкмөтүнөн аталган өлкөнүн Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хидеки Года менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин өлкөдөгү туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки катышты.

Анда сөз сүйлөгөн Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Медербек Курманбеков Япония өкмөтүнүн колдоосу менен акыркы жылдарды ийгиликтүү ишке ашкан долбоорлорго токтолуп, учурдагы көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

Долбоордун негизги максаты – Баткен облусунун аймагында табигый кырсыктарга туруктуу жолдорду куруу. Ошондой эле, Борбордук Азия чөлкөмүндө логистикалык коопсуздукту камсыз кылуу.

Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн Япония өкмөтү 700,0 млн япон иени (5,3 миллион АКШ доллары) өлчөмүндө грант бөлүүдө. Башкача айтканда, бул кайра кайтарылбай турган каражат. Долбоордун алкагында жалпы 50дөн ашык техника жана жабдуулар алынат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы