mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ашуулардагы абал тууралуу маалымат

Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолундагы Чапчыма ашуусунда кар жаап жатат. №27 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан 10 см калыңдыктагы кар тазаланып, жолго инерттик материалдар себилүүдө. Учурда бардык тарапка каттам бар.

Бишкек-Ош унаа жолундагы Ала-Бел менен Төө-Ашууда жана Чычкан капчыгайында жолду кардан тазалоо жана кум себүү жумуштары жүрүүдө.

Ал эми азыркы тапта Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. Жол тайгак, инерттик материалдар тынымсыз себилүүдө.

Өлкөнүн башка жолдору менен ашууларында жол ачык, бардык тарапка каттам бар жана унаа кыймылына эч кандай чектөөлөр жок.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды толук көзөмөлгө алып, ыкчам маалымат таратуу менен жолдо жаралган көйгөйлөрдү дароо чечип, үзгүлтүксүз иш алып барууда.

Жаралган кырдаалга жараша кошумча маалыматтар берилип турат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы