mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Акипресс маалымат каражатына 15.09.2022 жарыяланган : “Депутат Ак-Сай-Рават жана Айгүл-Таш-Согмент жолунун курулушу эмне үчүн маанилүү экенин айтты” деген маалыматка ТжКМи жооп берет .

Айгүл-Таш-Согмен-Таян унаа жолунда (0 кмден 3 кмге чейин) Мамлекеттик капиталдык салымдардын эсебинен үстүбүздөгү жылдын июль айында, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №2 жол курулуш башкармалыгы тарабынан 3 км  жолго асфальт-бетон төшөлгөн

Ак-Сай-Рават унаа жолунун курулушуна быйыл 40 миллион сом каралган. Бул жолдун узундугу 25 чакырымды түзөт, анын курулушу бул жерде таштарды жардыруу менен жүргүзүлөт. Мындан сырткары 4-6 чакырымда 4 жерге сел түтүктөрү тартылууда. 14-15-чакырымда арыктарды таш менен бекемдөө иштери жүрүп жатат. Аталган объектинин курулушуна 35,0 млн сом каржыланып, аткарылган иштердин көлөмү 29,9 млн сомду түздү.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы