mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

6-мартта Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу киргизилген чектөө алынды

Сосновка постунда 2023-жылдын 6-мартында таңкы саат 8де оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу киргизилген чектөө алынды. Чектөө аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам 4-мартта киргизилген.
КР ТжКМне караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №9 ЖТИнин кызматкерлери жолду кардан тазалап, инерттик материалдарды сээп жатышат.
Кыргызгидромет тараткан маалыматка ылайык, 6-мартта Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +15…+20, Талас жергесинде +14…+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +17…+22, Ысык-Көл өрөөнүндө +8…+13, ал эми Нарында -2…+3 градуска жылыйт.
Ала-Бел ашуусунун 209-234-чакырым аралыгындагы тилкеси КР ТжКМне караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №23 ЖТИнин кызматкерлери тарабынан тазаланган.

Көк-Мойнок-Кубакы унаа жолунун 0-26-чакырымында №955 ЖТИнын кызматкерлери тарабынан тайгака каршы  материалдарды чачуу  иштери жүргүзүлүүдө , жол кыймылы үчүн ачык.

Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолу эки тарапка тең ачык. Бул жерде №959 ЖТнын жумушчулары жолдун жээгинен суу чыгаруу, дренаж иштерин жүргүзүп, жол жээгине  кулаган таштардан тазаланып, жол белгилери орнотулууда.

Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуу ашуусундагы 24-чакырымынан 209-чакырымына чейинки бөлүгү кардан тазаланып, тайгакка каршы инерттүү материалдар себилди.

2023-жылдын 6-мартында Өтмөк, Чапчыма, Чыйырчык, Чар, Акбейит, Торугарт, Кызарт, Карагоо сыяктуу ашууларда аба ырайы ачык, бул жерде ЖТИнын  кызматкерлери жолдорду  кеңейтүү, муздарды жаруу иштерин жүргүзүүлүүдө жана  суу өткөргүчтөрүнө жакын жерде эски куураган бутактарды кесип, жолдун жээгиндеги таштандыларды жана таштарды тазалоо, ошондой эле муз баскан жерлерде инерттүү тайгакка материалдар менен толтуруу иштери аткарылууда.

 

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн жалпак жерлердеги кардын чынжырларын алып салуу керек.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы