mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2023-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Т.К. Текебаев Монголиянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Ганхуяг Содном менен жолукту

2023-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Т.К. Текебаев Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ганхуяг Содном менен жолукту. Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Т.Текебаев Монголиянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ганхуяг Содномго соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык маселелер боюнча кыргыз-монгол өкмөттөр аралык  төртүнчү  жыйын жогорку деңгээлде өткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле КР Транспорт жана коммуникациялар  министрлиги жол куруу үчүн атайын техниканы лизингге алууга кызыкдар экенин белгиледи. Мындан тышкары, ал үчүнчү өлкөлөрдөн эки тараптуу транзиттик жүк ташуу үчүн уруксат бланктарын алмашууга квота 20дан 50гө чейин көбөйтүлгөнү тууралуу маалымат берди. Жүргүнчүлөрдү ташуунун жоктугунан бул уруксат бланктары ишке ашырыла элек. Буга байланыштуу эки тарапка тең пайдалуу негизде жүргүнчүлөрдү ташууну көбөйтүү маселелери талкууланды. Кыргыз тарап аталган транспорт тармагында өз ара пайдалуу кызматташууга даяр.

Жолугушууда Монгол тарап транспорттук чыгымдардын кымбаттыгы кыргыз кийимдерин Монголияга автотранспорт менен жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатканын жана бул маселе чечилбей жатканын белгиледи. Бирок бул маселе актуалдуу жана аны чечүү үчүн тиешелүү аракеттер көрүлөөрүн министр белгиледи.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы