mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2023-жылдын 14-февраля Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жыйындар залында министрликтин 12 айындагы иштеринин жыйынтыктары жана 2023-жылга койгон милдеттери боюнча коллегия болуп өттү

2023-жылдын 14-февраля Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жыйындар залында Министрлер Кабинетинин Төрөгасынын орун басары Б.Төрөбаев жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Т. Текебаевдин катышуусунда коллегия болуп өттү. Коллегияда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин (КР ТжКМ) 2022-жылдын 12 айындагы иштеринин жыйынтыктары жана 2023-жылга койгон милдеттери каралды.

Коллегиянын катышуучуларына башкармалыктын 2022-жылга карата жол тармагындагы ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Экономика, анализ жана стратегиялык пландаштыруу бөлүмү башчысы А.Дуйшебаев жалпы министрликтин жетишкендиктерине токтолду. Тактап айтканда

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2022-жылы транспорттун жана жол тармагынын бардык түрлөрүнүн туруктуу иштөөсүн камсыз кылды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы №352 токтому менен бектитилген2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-мартындагы №134-т тескемеси менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылга карата иш-аракеттер планы бекитилген.

Аталган иш-аракеттер планында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 37 иш-чара аткарууга берилген, анын ичинен транспорттук-логистикалык инфраструктура маселелерин чечүү боюнча 12 иш-чара каралган: 4 иш-чара автомобиль жолдору, 4 иш-чара темир жол маселелери боюнча, 4 иш-чара жарандык авиацияжана ошондой эле, санариптик чечимдерди ишке ашыруу максатында 2 иш-чара негизги аткаруучу болуп каралган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги боюнча жалпы 33 тапшырманын 25и аткарылган, анын ичинен 10 тапшырма боюнча негизги аткаруучу, анын ичинен 8 тапшырма толугу менен аткарылган.

2022-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №133-т (КПҮ) тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылга карата Кризиске каршы иш-аракеттер планынын негизинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдында 4 иш-чара бекитилип анын ичинен 1 иш-чара жарандык авиация боюнча болгондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык Авиация мамлекеттик агенттигине өткөн.

Андан сырткары 1 иш-чара — товарларды ташуунун логистикасын жакшыртуу боюнча аткарылды, 2 иш-чара товарларды сатуу стадиясында ташуунун логистикасын жакшыртуу боюнча туруктуу аткарылууда.

«Кыргыз Республикасынын Баткен облусун өнүктүрүүнүн 2021-2035-жылдарга карата программасын жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 1-сентябрындагы 2021-жылдын 159-КПҮ токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдында 19 иш-чара коюлган, анын ичинен 1 иш-чара жарандык авиация боюнча болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык Авиация мамлекеттик агенттигине өткөн, калган 18 иш-чара аткаруу стадиясында, анткени иш-чаралардын мөөнөтү 2023 — жылдан баштап 2035-жылга чейин белгиленген.

Баткен облусун өнүктүрүүнүн Жол картасынын аткаруу алкагында Самаркандек-Мадиген-Даркум автожолунун курулушун аяктоо; Көк-Таш-Ак-Терек-Бужум автожолун куруу; Кайыңды-Кишемиш автожолун долбоорлоо жана куруу; Сох-Кан-Зардалы автожолундагы жер көчкү участогун айланып өтүүнү долбоорлоо жана куруу жана башка маселелер каралган.

Баткен облусундагы 48 жол  курулуш объектилерине 1 млрд 261 млн 300 миң сом өлчөмүндө республикалык бюджеттен каржыланды. Быйыл 70,4 км асфальтобетон катмары төшөлүп, андан тышкары 95,5 км шагыл жол төшөлдү жана 69 км жолго долбоорлоо документтери даярдалды.

Кадамжай-Чечме автожолунда 47,8 км асфальт төшөлүп 2 көпүрөнүн курулушу аткарылууда, Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык автожолунун 7 кмде жардырылган көпүрө калыбына келтирилди.

 

Тармактык программаларды ишке ашыруу бонча маалымат .

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2020-жылдын 15-январынын № 7 буйругу менен бекитилген 2020-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортун өнүктүрүү концепциясы боюнча 2022-жылдын 1-ноябрына карата Иш-чаралар планынын 33 пунктунун 14 пункту толугу менен аткарылды, калган пункттарды ишке ашыруу кийинки жылдарга каралууда.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 258 токтому менен бекитилген 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча иш-чаралардын планы 9 бөлүктөн турат, Программанын максаттарына жетиш үчүн 29 иш-чараны камтыйт, ал беш жылга эсептелген.

2022-жылга карата Иш-чаралардын планынын 13ү үзгүлтүксүз аткарылууда. Ошондой эле, Балыкчы-Кочкор темир жолун куруу долбоору боюнча 2022-жылдын ичинде «КТЖ «УК» МИнин өздүк күчү  менен жолдун жогорку структурасынын 5 км төшөлүшү аяктады.

 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин бюджетинин аткарылышы.

«Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин бюджетинин мамлекеттик капиталдык салымдарды кошкондо 13 млрд 155 млн. 800 миң сомго  бекитилген. 2022-жылга карата такталган бюджет 22 млрд 110 млн. сомду түздү же бекитилген бюджетке салыштырмалуу 8 млрд 954 млн. 2 миң сомго же 168,1% га көбөйдү.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Президентинин фондусунан “Ала-Арча” жаратылыш паркынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн 97,7 млн. сом жана “Куршаб – Жалпакташ” автожолунун курулушуна 30,0 млн. сом жалпы 127,7 млн. сомжана капиталдык салымдардын эсебинен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу үчүн 483,3 млн. сом бөлүнүп берилди.

Жыйынтыгында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2022-жылга жалпы такталган бюджети 22 млрд 721 млн 500 миң сомду түздү.

Такталган бюджеттин негизги үлүшү өнүктүрүү бюджетине (инвестициялык долбоорлорго)– 13 млрд 643 млн. 200 миң сом же жалпы бюджеттин 60 % туура келет, анын 13 млрд 250 млн. 300 миң сому өздөштүрүлдү, аткаруу 97,1 %-ды түздү. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу (89,4%) 7,7% га жогору.

2022-жылга автомобиль жолдорун оңдоого жана камсыздоого республикалык бюджеттин эсебинен 2 млрд 064 млн сом каралган. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 15-январындагы кеңешмесинин № 18-39 протоколунун негизинде 20 000 тоннадан кем эмес битумду сатып алууга бюджеттен кошумча 841,0 млн сом бөлүндү. Ченемден ашык запастар үчүн алынган сумманы эске алуу менен (34,2) такталган бюджеттин жыйынтыгы 2 млрд 853 млн 200 миң сомду түздү. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча учурдагы бюджет боюнча жалпы каржылоо 2022-жылга каралган каражаттардын 2 млрд 844 млн 892 миң сомду (99,6%) түздү.

2022-жылга «Мамлекеттик капиталдык салымдар» беренеси боюнча такталган План 5 млрд 268 млн сомду түзөт. 2022-жылга жалпы 5 млрд 231 млн. 600 миң сом (97,8%) каржыланган.

 

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча министрликте төмөндөгү 4 долбоордун үстүндө иштер алып барылууда. “Өзгөн шаарын айлынып өтүүчү жол куруу” МЖӨ долбоорун илгерлетүү максатында, тандалып алынган консультант долбоордун акыркы этабын аяктап, финалдык техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН)  жана конкурсттук документтердин иштеп чыгып министрликке тапшырды. ТЭН жана конкурсттук документтер министрлик тарабынан каралып чыгып, бекитилип жана консультанттын  акысы төлөнгөн соң, жеке өнөктөштү тандоо процедураларын баштоо пландаштырылууда.

«Жүк ташуучу транспорттордон жана автобустардан жыйымдарды чогултуу жана салмак жана өлчөм көзөмөлдөөчү маалыматтык электрондук тутумун киргизүү» МЖӨ долбоору азыркы учурда министрлик менен ОсОО “Ак-Жол Телематика” Долбоордук компаниянын ортосундагы Келишимге өзгөрүүлөр жана толуктоолорду киргизүүчү Толуктоо келишиминин долбоору даярдалууда.

“Бишкек шаарынын түндүк айланмасын жана Чүй облусунун калктуу конуштарын айланып өтүүчү жолду реконструкциялоо” жана “Бишкек-Күнтуу-Белогорка-Суусамыр жолун куруу узундугу 7км тоннель курулуш менен” МЖӨ долбоорлору”  мамлекеттик жеке-өнөктөштүк долбоорлорун колдоо Фондунун Байкоочу кеңешине тиешелүү түрдө сунуш жиберилген.

Андан тышкары “Бишкек шаарынын түндүк айланмасын жана Чүй облусунун калктуу конуштарын айланып өтүүчү жолду реконструкциялоо” долбоорун даярдоо боюнча кытайлык “Чайна роад энд бридж корпорейшн” компаниясы менен иш алып барылып азыркы учурда алар тараптын эсебинен долбоордун ТЭНи министрликке тапшырылды. ТЭНди изилдеп карап чыккан соң андан кийинки иштер алып барылат (Министрлер Кабинетинин долбоор боюнча түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү чечимин КР Президентинин Администрациясына даярдап киргизүү жана жыйынтыгы боюнча башка тиешелүү иштерди алып баруу).

“Бишкек-Ош автожолунда альтернативдик тоннелди куруу” МЖӨ долбоору боюнча азыркы учурда “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 3.11.2022ж. №597 тескемесин аткаруу маскатында түз сүйлөшүүлөр аркылуу Бишкек-Ош унаа жолунда альтернативдик автожол тоннелин куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун демилгеленип, түз сүйлөшүүлөргө чакыруу даярдалууда.

Санариптештирүү багытында министрликте төмөндөгү долбоордун алкагында иштер алып барылууда.

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы №221 «Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүүнүн комплекстүү системасы түзүү жөнүндө» Жарлыгын аткаруу үчүн санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүүнүн пилоттук долбоорун ишке ашыруу Министрлер Кабинентинин тескемесинин долбоору даярдалып, 2022-жылдын 19-октябрында №565-т номери менен тескеме аткарууга бекитилди.
  2. Көчмө жол лабораторияларын колдонуу менен жолго мониторинг жүргүзүү жолдорду оңдоону эффективдүү пландаштыруу жана финансылык бөлүштүрүү долбоорунун алкагында жалпы пайдалануудагы 13 515 км, анын ичинде 2022 – жылы 6001 км автомобиль жолдору изилденди, жолдордун электрондук маалымат базасы түзүлүп, маалыматтык система тестирлөө стадиясында ишке берилди.
  3. 2022-жылы чет мамлекеттердин аймактары аркылуу жүрүүгө лицензияларды, уруксаттарды жана бланктарды жана көлөмдүү жана бөлүнгүс жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксаттарды берүүнү автоматташтыруу үчүн маалымат системасын иштеп чыгуу үчүн долбоордун техникалык тапшырмасы иштелип чыккан, ишке ашырууга 7,8 млн сом республикалык бюджеттен бөлүнгөн. 2022-жылдын декабрь айында тендердин жыйынтыгы менен «Адилет Сот» мамлекеттик ишканасы менен макулдашуу түзүлүп, программа иштелип чыгууда.
  4. Евразиялык экономикалык комиссиянын 2021-жылдын 14 сентябрындагы №87 «Санариптик экосистемалык улуттук сервистердин маалыматтык – коммуникативдик «витринасын» иштеп чыгуу иш-чаралардын алкагында 2022 – жылы министрликке тиешелүү маалымат системаларын интеграциялоого даярдоо боюнча иштер жүргүзүлдү.

 

Жол тармагы

2022-жылы жалпысынан 382,6 км жолго асфальт катмары төшөлдү, анын ичинен учурдагы бюджеттин эсебинен 196,1 км, капиталдык салымдардын эсебинен 186,5 км, мындан сырткары инвестициялык долбоорлор боюнча 106 км асфальт төшөлгөн. Баардыгы болуп 488,6 км асфальт төшөлдү. Бул көрсөткүчтөр, 2021-жылга салыштырмалуу 2,8 эсеге көп.

Учурдагы бюджет боюнча жол тармагынын учурдагы бюджети боюнча иштердин көлөмү 3 072,3 млн. сомго аткарылды жана 196,1 км асфальтбетон төшөлдү, шагыл катмарын төшө – 78 км жана жолдорду бодурлоо (ШПО) – 88,4 км.

Учурдагы оңдоо иштери боюнча 393,5 млн. сомго иштер аткарылып, 151,3 миң м2 ашык аянтта аңгек-чөнгөктөрдү оңдоо иштери 269,2 млн. сомго жүргүзүлдү, мындан тышкары жалпы пайдалануудагы көпүрөлөрдү оңдоо иштери жана башка жол-курулуш иштери жүргүзүлдү. Автожолдорду жайкы жана кышкы күтүү боюнча 340,9 млн. сомго иштер аткарылды.

Кышкы кармоону даярдоо боюнча.

2022-жылга карата Республикалык бюджеттин эсебинен жолдорду кышкы кармоосуна жана тейлөөсүнө  “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы тарабынан 1-январга карата 44 402,0 тонна дизелдик отун, 6030,0 тонна кум, 4249,0 танна туз, 4783,0 тонна шлак жана 141 даана атайын техника даярдалып, жумушчулардын кышкы кийимдери алып берилген, жалпысынан кышкы тейлөөгө республика боюнча 80% даярдалган.

Капиталдык салымдар беренеси боюнча

“Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу каржылануучу курулуш обьектилерине 215,9 км асфальт жабуусун төшөө иштери каралып, бүгүнкү күндө 186,5 км асфальт жабуусу төшөлдү.

Азыркы учурда, мамлекетибиздин жетекчилигинин тапшырмасы менен, көз карандысыздыкты алгандан бери биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автомобиль жолунун курулуш иштери жүрүп жатат. Учурда 0-25 км аралыгында бир тарабында алдыңкы катмарынын 18 км асфальтобетон төшөө иштери бүткөрүлдү.

Ал эми, Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду автомобиль жолун реконструкциялоо долбоору 2015-жылы башталып 80 км асфальт төшөлгөн, 2022-жылы 305,0 млн.сом каралып 5 км асфальт төшөлдү.

     Баткен облусунун чек ара жолдору

Баткен облусундагы 48 жол  курулуш объектилерине 1 млрд 261 млн 300 миң сом өлчөмүндө республикалык бюджеттен каржыланды. Быйыл 70,4 км асфальтобетон катмары төшөлүп, андан тышкары 95,5 км шагыл жол төшөлдү жана 69 км жолго долбоорлоо документтери даярдалды.

Кадамжай-Чечме автожолунда 47,8 км асфальт төшөлүп 2 көпүрөнүн курулушу аткарылууда, Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык автожолунун 7 кмде жардырылган көпүрө калыбына келтирилди,

Башка булактардан каржыланган объектилер.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги «Ала-Арча Кыргыз мамлекеттик паркынын инфраструктурасын жакшыртуу жана калктын жана туристтердин эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жөнүндө” №68 тескемесине ылайык жол инфраструктурасынын курулуш иштерине 97,7 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.

Бул каражаттарга 16,5-28,5 км «Чоң-Арык – Ала-Арча жаратылыш паркы» автожолунда бүгүнкү күндө узундугу 10,4 км асфальтбетон төшөө иштери аткарылган, ошондой эле, 12 унаа токтоочу участокто асфальт жабуусун төшөө иштери толугу менен бүткөрүлгөн.

Андан тышкары Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан 2021-жылга карата Куршаб-Жалпакташ автомобиль жолуна 30,0 млн. сом акча каражаты берилген. Учурда Жол чарба департаменти “Кыргызжолтрансдолбоор” долборлоо жана изилдөө иниституту менен жолдун көзөмөлүн аткарууга жана “Өндүрүштүк инновациялык борбору” мамлекеттик ишканасы менен долбоордун сметалык иш кагаздарын даярдоого, жана ошондой эле, “Кыргызавтожол” Мамлекеттик ишканасы менен курулуш иштерин аткарууга келишим түзүлүп, учурда долбоордун сметалык иш кагаздарын даярдоо жүрүп жатат.

Табигый кырсыктарды калыбына келтирүү.

Өткөн 2022-жылда климаттык шарттарынын натыйжасында республиканын айрым райондорунда сел агымдары менен жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун участоктору жана жасалма курулмаларына келтирилген зыяндар боюнча жол-эксплуатациялык мекемелердин күчү менен 77,3 млн. сом суммасындагы селдин тыгындарын тазалоо иштери аткарылып, автомобиль жолдорунда убактылуу жүрүү камсыздалды.

 

Инвестициялык долбоорлор боюнча 2022-жылы, министрлик жалпысынан 14 долбоордун үстүндө иш алып барды жана 106 км жол бүтүрүлдү.

Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун 1-фазасын куруу долбоору, Кызыл-Жылдыз а. –  Арал а. (183 км – 195 км) жана Казарман а. – Жалал-Абад ш. (км 291 – км 408) участоктору жана узундугу 3,89 км Көк-Арт ашуусу аркылуу тоннелдин курулушун кошкондо.

2022-жылда бүткөрүлгөн жумуштар: алар 587,9 метр туннелдин казуу иштери аткарылган, анын ичинен түндүк тарабынан казуу – 249,6 м жана түштүк тарабынан казуу – 338,3 м. (Калганы 310,4 м).

Участокту 2022-2023-жылдары кышкы тейлөө: участокту кышкы тейлөөнү жүргүзүү үчүн Подрядчы тарабынан 26 кызматкер жана 7 бирдик атайын техникалары тартылган. Подрядчиктин негизинде 120 тонна инерттүү материал жана туз даярдалган.

Көйгөйлүү маселелер:

  1. Туннель курууда артта калуу:

Туннелди куруу этаптарында долбоордогу маалыматтар менен чыныгы геологиялык маалыматтардын ортосунда маанилүү айырмачылыктар аныкталган, бул туннелдин курулушуна техникалык жана автордук көзөмөл жүргүзгөн «Бамтоннельпроект» долбоорлоо—изилдөө институту ЖЧКсынын адистеринин расмий корутундусу менен тастыкталат. Долбоордун авторунан жакында алынган корутундусу менен туннелдин геологиясы долбоордогу маалыматтан маанилүү айырмаланаары дагы бир жолу тастыкталат, мындан сырткары тектоникалык жаракалар аныкталган жана булар тоону казуу, убактылуу бекемдөө жана туруктуу каптама жумуштарынын жолдорун тоону казуу учурунда алынган чыныгы маалыматтардын негизинде кайра долбоорлоого алып келген. Мындан тышкары, жердин климаттык шарттары кыш мезгилинде иштөөгө мүмкүндүк бербегендиктен жумуштарды аяктоо мөөнөтүн узартууга алып келген.

Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун 2-фазасын куруу, узундугу 99км

Арал а. – Казарман а. (км 195-291) чейинки участок жана 2 эстакадалык көпүрөнүн куруу долбоору: 2022-жылда бүткөрүлгөн жумуштар: жолду кышкы тейлөө жана 197+600 – 284+600 чакырымдардагы таш кулоодон түшкөн таштарды жана топурактарды тазалоо, бетон блокторду, КД5 катафотторду орнотуу, парапеттерди сырдоо иштери аткарылды.

Арал-Казарман участогун ТКМдин алдындагы ЖЧДнын балансына өткөрүлдү (Буйрук КР ТКМ № 436 12.12.2022-ж.) Жолду тейлөө иштерин ДЭП №18 жана ДЭП №24 жүргүзүүдө.

            Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун 3-фазасын куруу, БАРЭК 1 жана БАРЭК 3 транспорттук коридорлорунун бириктирген жолдун Долбоору (89 км –  159 км Эпкин-Башкууганды участогу)

2022-жылы аяктаган иштер:— 15,3 км, а/б төшөлгөн төмөнкү катмардын. (км 138 — км 157), жана  89-95, 108-114-чакырымдарында жер асты катмарын куруу иштери жүрүп жатат.

Участокту 2022-2023-жылдары кышкы тейлөө: участокту кышкы тейлөөнү жүргүзүү үчүн Подрядчы тарабынан 8 кызматкер жана 3 бирдик атайын техникалары тартылган. Подрядчиктин негизинде 420 тонна инерттик материал жана туз даярдалды.

 

            Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун 159-183 чакырымын куруу долбоору (Нарын облусу, Жумгал району)

Жолчулар тарабынан участоктун бардык узундугу боюнча негизги курулуш иштерин бүткөрүлүп, астынкы катмарына 24 км асфальтобетон жана 24 км үстүңкү катмарына ЩМА асфальтобетон төшөлүп, негизги жолго 53 суу өткөрүүчү түтүктөрдүн жана  съезддерде 31 суу өткөрүүчү түтүктөрдүн жана 2 көпүрөнүн курулуш иштери бүткөрүлдү.

                 2022-жылдын жолчулар тарабынан жолдун астынкы катмарына узундугу 14 км асфальтобетон жана 21,5 км үстүңкү катмарына ЩМА асфальтобетон төшөлүп, 24 суу өткөрүүчү түтүктөрдүн, 2 көпүрөнүн курулушу бүткөрүлдү жана мындан тышкары жол белгилери, парапеттер, тосмолор, аялдамалар, жол белгилери орнотулду.

Негизги курулуш иштери 15.11.2022-жылы аяктап, 2023-жылдын 15-ноябрына чейин долбоордук участок жоопкерчилик кепилдик мөөнөткө берилди.

Учурда аба-ырайынын шартына байланыштуу, долбоордук участок кышкы тейлөөгө берилген. Жалпы курулуш иштеринин аткарылышы 15,0 млн. АКШ долларын түзөт же 90% контракттык баадан.

                                   Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун 3-фазасын куруу, БАРЭК 1 жана 3, коридорлорун ортосундагы бириктирүүчү жолдорунун Долбоору, (0-43 км; 62-89 км)  узундугу 70,1 км. Кошумча каржылоо.

2022-жылы аяктаган жумуштар:

1-лот боюнча 25,7 чакырымдан ашык жолдун төмөнү катмарына асфальт-бетон төшөө, 6 чакырым аралыкта автожолдун жер катмары даярдалды, андан тышкары 13 даана суу түтүктөрүн куруу жумуштары бүткөрүлгөн.

2-лот боюнча  16,6 чакырымдан ашык жолдун төмөнү катмарына асфальт-бетон төшөө жумуштары, 9 даана суу түтүктөрүн куруу жумуштары бүткөрүлгөн.

Участокту 2022-2023-жылдардагы кышкы тейлөө: участокту кышкы тейлөөнү жүргүзүү үчүн Подрядчы тарабынан 9 кызматкер жана 5 бирдик тартылган. атайын технология. Подрядчынын негизинде 125 тонна инерттүү материал жана туз даярдалган.                               БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу долбоорунун Бишкек-Ош автожолу, 4-Фаза. узундугу 52,5 км (км 8,5 – км 61). Компонент 1 (Бишкек-Кара-Балта жолун реконструкциялосу, 8,5 – 61 км участогу):

2022-жылы аяктаган иштер:

— орнотулган темир-бетон лотоктор — 2360 даана;

— тротуарлар — 42 км;

— жарык берүүчү мамылар орнотулду — 1180 даана.

— 1 жер астындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктү оңдоо иштери аяктады.

Учурда участкада төмөнкүдөй иштердин түрлөрү жүргүзүлүүдө:

— Темир тоскучтарды орнотуу;

— аялдамаларды уюштуруу;

— Жол белгилерин орнотуу

            Бишкек-Кара-Балта жолун реконструкциялосу, 8,5 – 15,9 км участогу, узундугу 7,4 км..

           Учурда төмөнкүдөй иштердин түрлөрү жүргүзүлүүдө: Көчөлөрдү жарыктандыруу.

            2022-жылга долбоордун 7,4 км узундугундагы негизги жол курулуш иштерин бүтүрүү.

Участокту 2022-2023-жылдары кышкы тейлөө: участокту кышкы тейлөөнү жүргүзүү үчүн Подрядчы тарабынан 30 кызматкер жана 9 бирдик спецтехника тартылган. Подрядчынын базасында 50 тонна туз жана 250 тонна инерттүү материал жыйналды.

 

            БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу долбоорунун Бишкек-Ош автожолу, 4-фаза, Маданият-Жалал-Абад участкасы,  (507,5-574,5 км) узундугу 67 км.

2022-жылы аяктаган жумуштар:

  • 22 км а/б төшөлмөсүнүн астыңкы катмары эки тарабынан төшөлгөн;
  • 12,5 км а/б төшөлмөсүнүн үстүнкү катмары эки тарабынан төшөлгөн.
  • 47 суу түтүктөрү салынган;
  • 3 көпүрө салынган;

Бүгүнкү күнгө аткарылып жаткан иштер:

— жасалма курулуштарды куруу;

— коммуникацияларды кайра уюштуруу.

                        Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 272-365 чакырымын реконструкциялоо долбоору (үнөмдөлгөн акча каражат)

                 Өткөн 2022-жылдаБишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 272-365 км реконструкциялоодолбоорунан үнөмдөлгөн каражаттарынын эсебинен Ача-Кайыңды-Май-Босого автожолунун 6-11-чакырымында, 5 км асфальтобетон төшөлдү, 8 суу өткөрүүчү түтүкчөлөрдүн курулушу жана 3 суу өткөрүүчү түтүкчөлөрдүн оңдоо иштери аяктады.

Азыркы учурда пландалган курулуш иштери толугу менен аяктап, участок эксплуатацияга берилген.

             Ош-Баткен-Исфана автожолунун 75-108 чакырымын реконструкциялоо долбоору  Жалпы курулуш иштеринин аткарылышы 18,0 млн. АКШ долларын түзөт же 98,9% контракттык баадан, ошону менен бирге төмөнкү жумуштар аткарылды:

-157 даана суу өткөрүүчү түтүкчөлөрдүн курулушу бүткөрүлдү;

-5 даанакөпүрөлөрдүн куруу жана оңдоо иштери бүткөрүлгөн.

-33,8 чакырым астынкы катмарына асфальтбетон төшөлдү;

-33,8 чакырым үстүнкү катмарына асфальтбетон төшөлдү;

Курулуш иштерин жүргүзүү боюнча келишимге ылайык, Подрядчы негизги курулуш иштерин 2021-жылдын 15-октябрында бүткөрүлгөн. (Кепилдик мөөнөтү 2022-жылдын 15-октябрында аяктаган). 2022-жылдын 1-декабрында долбоор участогу № 46 жол тейлөө мекемесине колдонууга жана тейлөөгө өткөрүлүп берилген.

            Ысык-Кол айланпасы автожолунун 104-184,5 чакырымына Корумду айылдан баштап Балбай Баатыр айылга чейин реконструкциялоо долбоору

2022-жылдын 12 айында жумуштардын аткарылышы:

Өткөн 2022-жылда каралып чыккан Квалификациялык өтүнмөлөрдү баалоо отчету министрликтин каты менен кароо жана бекитүү үчүн ИӨБ, СӨФ, КАЭӨФге жана ОПЕКке жөнөтүлгөн. Октябры айынын аягында АКТ фонддору квалификацияга чейинки отчетту бекитти.Тендердик документациянын долбоору донорлорго макулдашуу үчүн жөнөтүлүп, бүгүнкү күндө ИӨБ жана АКГ жарандык иштерди аткаруу үчүн тендердик документтердин долбоорун жактырышты.

2022-жылдын 1-декабрынан баштап, алдын ала квалификациядан өткөн подряддык компанияларга тендердик документтерди берүү башталды.

2022-жылдын 19-20-декабрында тендердин шарттарына ылайык, алдын ала квалификациядан өткөн подряддык компаниялар менен тендерге чейинки жолугушуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Борбордук Азиядагы регионалдык каттамдарды жакшыртуу программасынын  3-фазасы”  долбоору (Дүйнөлүк банк), жалпы жолдордун узундугу 50 км, 1 –Лот  — Түп-Кеген автожолунун участогу (39-76 км чакырымы) жана 2-Лот  — Каркыра-Турук-Сары-Жаз  автожолунун участогу (0-13 км чакырымы); Авиациялык коопсуздукту  жана тейлөөнү камсыздоо; Ысык-Көл облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүү.

2022-жылдын 31-декабрына карата абал:2022-жылдын 15-ноябрынан баштап кышкы мезгилге карата курулуш иштери токтотулган.

Өздөштүрүү (жалпы долбоор боюнча)  2022-жылдын 31-декабрына карата жалпы долбоор боюнча өздөштүрүү  4 622 933  АКШ долларын түзөт ( долбоордун суммасынан 8,41% түзөт) (гранттын суммасынан 16,81% түзөт).

2022-жылдын аткарылган жумуштар (жетишкендиктер): Көзөмөлдөө боюнча Консультант жана  Подрядчы тандалып алынды.  Мобилизациялык иштер башталган (Кеңсе жана турак-жай үчүн негизги базанын курулушу аяктады, асфальт-бетон заводун жана майдалоочу-элеген цехти монтаждоо аяктаган). 1 жана 2 -Лот боюнча: 2023-жылдын жаз айларына чейин курулуш жумуштары кыш мезгилинде токтотулган. Участок кышкы тейлөөдө жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо турат (2022-жылдын ноябрында Подрядчы “Аделя” ЖЧК курулуш компаниясы менен 2022-2023 жылдардын кыш мезгилинде кышкы тейлөөнү жүргүзүү үчүн контракт түзгөн). 2023-жылдын жазында толук масштабдуу курулушту баштоого даярдыктар көрүлүүдө.

Компонент 2: Авиациялык коопсуздукту  жана тейлөөнү камсыздоо   План боюнча техникалык тапшырмалардын саны: 10 Компоненттин     бенефициарлары: КР МК алдындагы Мамлекеттик жарандык авиация   агенттиги (МЖАА); Кыргыз авиациялык институту (КАИ)

2022-жылдын аткарылган жумуштар (жетишкендиктер):Учуулардын коопсуздугу боюнча мамлекеттик программаны кайра карап чыгуу кичи- компоненти – 2022-жылдын 17-октябрында консультациялык компания менен келишим түзүлгөн. 2022-жылдын 5-декабрында Консультант Кыргызстанга келип, ЖАМА менен кичи-компонент боюнча иштерди баштаган.  Эки Техникалык тапшырма боюнча  тендерге даярдыктар көрүлүп жатат (КАИ объекттерин ремонттоо; КАИ объекттерин ремонттоону көзөмөлдөө боюнча консультациялык кызмат).  2022-жылдын 28-ноябрында  — “КАИ объекттерин ремонтоону көзөмөлдөө үчүн консультациялык кызматтар” боюнча Техникалык тапшырма Дүйнөлүк Банктын кароосуна жөнөтүлгөн.

3-Компонент: Ыссык-Көл облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүү Кичи-компоненттердин саны:      3 Компоненттин бенефициарлары:           Туризм департаменти

2022-жылдын аткарылган жумуштар (жетишкендиктер):Төмөнкү 2 кичи –компонент боюнча 2022-жылдын 10-октябрында Консультациялык компаниялар менен келишим түзүлгөн:  «Ысык-Көл облусунун эки чыгыш районунда, тактап айтканда Түп жана Ак-суу райондорунда коомчулуктун негизинде геопарктарды өнүктүрүү демилгелерин ишке ашырууну колдоо стратегиясы» жана «Туризмди туруктуу өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу, анын ичинде Ысык-Көл облусу үчүн туристтик спутниктик эсептерди (ТСА) пилоттук негизде колдонуу».

«Ысык-Көлдүн айланасында беш туристтерди тейлөө борборун реабилитациялоо жана/же куруу» үчүнчү кичи-компонентти боюнча тендерди жарыялоого даярдыктар көрүлүп жатат. 2022-жылдын 1-декабрында “5 ТТБ курууну көзөмөлдөө үчүн консультациялык кызматтар” Техникалык тапшырмасы Дүйнөлүк Банктын кароосуна жөнөтүлгөн.

            “Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору”, 1-компонент – узундугу 47 км болгон Ош-Баткен-Исфана авто жолунун 28 чакырымдан 75 чакырымга чейинки бөлүгүн реабилитациялоо жана 2-компонент  (Бишкек-Ош автожолунун участогун табигый кырсыктардан коргоо) – 400 км чакырымында  тоннелди  куруу (740 м),   409 км  чакырымында таш кулагандан коргоочу курулушту куруу (15 000м2 ); 451 км чакырымында  жер көчкүгө каршы таяныч дубал куруу (66 темир үймөк).

Өздөштүрүү (жалпы долбоор боюнча):2022-жылдын 31-декабрына карата: КРӨ салымы – 35 079 22 сом (545 093 АКШ долл.) (болжол менен 3%) жана насыя — 3  358 303 АКШ доллары  (насыянын суммасынан 3% түзөт).

2022-жылдын аткарылган жумуштар: Коммуникацияларды (Электр линиялары, суу проводдору, байланыш линиялары, канализация) которуу үчүн жергиликтүу компаниялардын арасынан субподрядчы тандалып алынды. 2022-жылдын 08 августунда  — Башкы подрядчыны тандоо боюнча тендер жараксыз деп табылган (компаниялардан тендердик арыздардын жоктугуна байланыштуу). 2-компонент боюнча Тендедик документтер JICAнын кароосуна жөнөтүлгөн.

Тендердин кечиктирилишинин жана  2022-жылдын 8-августундагы тендердин өтпөй калышынын негизги себептери

:- АКШ долларына карата япон иенасынын девальвациясы;

— Украинадагы жаңжалдан улам транспорттук жана логистикалык чынжырлардагы өзгөрүүлөр жана жүктөрдү жеткирүү/ташуу наркынын жогорулашы.

 

«Бишкек-Ош унаа жолунун 246 чакырымында кар көчкүдөн сактоо»

2022-жылдын 31-декабрына карата: кыш мезгилине карата курулуш иштери 2022-жылдын 18-ноябрынан тартып токтотулган.

Өздөштүрүү (жалпы долбоор боюнча): 2022-жылдын 31-декабрына карата жалпы долбоор боюнча өздөштүрүү 25 161 162 АКШ долларын түзөт (долбоордун суммасынан 65% түзөт).

2022-жылдын аткарылган жумуштар (жетишкендиктер): Иш 2021-жылдын ноябрынан баштап кышкы мезгилге консервациялангандан кийин 2022-жылдын жазында улантылды. Галереянын участокторунун аркаларын куруу боюнча арматура-бетон иштери улантылды. Галереяны автономдуу электр менен жабдуу системасын орнотуу боюнча да иштер улантылды. 2022-жылдын октябрь айынын аягына карата 4-период боюнча жумуштардын 50% аткарылды, жалпы долбоор боюнча 84% аткарылды. Участоктогу жумуштар кыш мезгилине карата 2022-жылдын 18-ноябрында токтотулган. Долбоор боюнча жалпы жумуштардын аткарылышы 84% түзөт.

 

“Талас-Тараз жолунда Урмарал дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо” долбоору

Өздөштүрүү (жалпы долбоор боюнча): 2022-жылдын 31-декабрына карата жалпы долбоор боюнча өздөштүрүү 4 352 548 АКШ долларын түзөт (долбоордун суммасынан 26,9% түзөт).

2022-жылдын аткарылган жумуштар:2022-жылдынноябрына карата жумуштардын 6,69% бүткөрүлдү, 2022-жылдын декабрь айында 1,57% бүткөрүлү,   бул жалпы долбоор боюнча 40,77% түзөт. Кышкы мезгилге карата курулуш иштери 2022-жылдын 9-декабрында токтотулган.

Япониядан курулуш материалдары, машиналар жана жабдуулар ташуу жүргүзүлгөн. Жер астындагы сууларды чыгаруу үчүн дренаждык иштер аяктады. Көпүрөнүн таянычтарынын пайдубалына бетон куюлууда. Участокто көпүрөнүн устундарын (арматуралык капастарды) чыгаруу, көпүрөнүн устундарына опалубкаларды орнотуу, көпүрөнүн устундарын куюу иштери жүрүп жатат. Бар болгон  конструкцияларды демонтаждоо жана алып салуу иштери аткарылууда.  Жолдун катмарлары боюнча иштер жүргүзүлгөн – эң алдыңкы катмарды төшөө (км 0+100 – 0+400). Габиондор менен жээк каналдарын бекемдөө  жана туштук иштер аткарылып жатат (км 0+890); км 0+300 — 0+840км участокко келүучү жолдорго  топурак төгүү. Свайларды орнотуу боюнча жумуштар аткарылып жатат. Р1 км 0+913 көпүрө таянычынын пайдубалын арматура даярдоо  жана бетон куюу.

 

Бишкек-Ош автомобиль жолунда кар күрткүлөрдөн коргоо” долбоору  (Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуу ашуусу аркылуу 125-129-чакырымдарында жана Ала-Бел ашуусу аркылуу 215-222-чакырымдарында кар тосмолор (дубалдар)

Өздөштүрүү (жалпы долбоор боюнча): 2022-жылдын 31-декабрына карата жалпы долбоор боюнча өздөштүрүү 228 478 АКШ долларын түзөт (долбоордун суммасынан 2,5% түзөт)

                 2022-жылдын аткарылган жумуштар (жетишкендиктер): 2022-жылдын 5-августунда  КРАлмашуу Ноталарын ратификациялоо боюнча Мыйзамы кабыл алынды.  Консультант тендердик процесске даярдык көрүү боюнча ишти баштады. Тендерге алдын ала квалификациялоо жөнүндө билдирүү — 2022-жылдын 14-октябры жарыяланды (газета — Kensetsu Tsushin Shimbun). 2022-жылдын 31-октябры —  Тендердик документтерди таркатуу. Тендердик сунуштарды ачуу 2022-жылдын 14-декабрында  болуп өттү. 2022-жылдын 21-декабрында финансылык сунуштарды ачуу болуп өттү. Контрактка кол коюу Токио шаарында 2022-жылдын 27-декабрында болуп өттү. Iwata Сhizaki Inc. подряддык компаниясы менен контрактка кол коюлду.

Автомобиль жана темир жол  транспорту

Жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаменти

2022-жылдын 12 айында лицензия жана  уруксат кагаздарын берүүдөн, салмак өлчөмдөрүн таразалоо жана өлчөөдөн, бөлүнбөгөн жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат жана  зыяндын ордун толтуруудан, административдик айыптардын салынышынан жалпысынан 48144,0 миң сом түшкөн  салыштырмалуу 2021-жылы 50922,5 миң сом түзгөн, анын ичинде:

2022-жылдын 12 айына Транспорт департаментинин транспорттук ишмердүүлүктү лицензиялоо жана жөнгө салуу бөлүмү тарабынан 17104 лицензия берилген, лицензиялык төлөмдөрдүн суммасы 111341000 сомду түздү (2021-жылдын 12 айында 17367 бирдик 11503500 сом суммасында берилген), алардын ичинен:

2022-жылдын 12 айында 7716200 сомго эл аралык автомобиль ташууларына 27678 уруксат кагаздары  сатылып, алар толугу менен республикалык бюджетке чегерилген. 2021-жылдын ушул мезгилине карата 5146200 сомго эл аралык автомобиль ташууларына 19283 уруксат кагазы сатылган.

2022-жылда кыргыз автоташуучулары тарабынан 193486  рейс аткарылып 3056331 тн. жүк ташылган. Ал эми 2021- жылдын ушундай эле аралыгында кыргыз автоташуучулары тарабынан 170139  рейс аткарылып 2623930тн. жүк ташылган.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлиги чет мамлекеттер менен системалуу түрдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет,  анын жыйынтыгында жыл сайын кыргыз автоташуучулары тарабынан жүк ташууларды жүргүзүү үчүн 41 мамлекет менен уруксат бланкаларын алмашып тургандыгын негизинде 35275 даана уруксат кагаздары алынган. Ошондой эле, 2021-жылдын ушул мезгилине 7350  уруксат кагаз  ашык алынды.

2022-жылдын 12 айында атайын жана бөлүнгүс жүктөрдү ташууга атайын уруксат жана автожолдорго келтирилген зыяндын жана зыяндын ордун толтуруу үчүн каражат чогултуу 15922604 сомду (2021-ж.ушул мезгилине – 25225194 сом) түзүп, толугу менен республикалык бюджетке которулган.2022-жылдын 12 айында  транспорт каражаттарын таразага тартуу, өлчөө өткөрүү жана жүрүүдөн чогулган каражаттар  жалпысынан  911390 сомду (2021-жылдын ушул мезгилине-1852072 сом) түзгөн.

«Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасы

Азыркы учурда «Кыргыз автобекети» МИ эл аралык (2022-жылдын май айынан баштап), облустар аралык жана шаар четиндеги багыттар боюнча каттамдарды жүргүзүп жатат.

Ыкчам маалыматтар боюнча, үстүбүздөгү жылдын 12 айындагы иштин натыйжасында 90875,5 миң сом киреше алынды, 2021-жылдын ушул мезгилине жалпысынан 70607,1 миң сом түшкөн. Ошентип, өткөн жылга салыштырмалуу 12 айдын ичинде киреше бөлүгү  28,7 %га өстү.

2021 -жылдын 12 айдагы иштин жыйынтыгы боюнча чыгымдар 81615,3 миң сомду түздү. 2021-жылдын ушул  мезгилинде чыгымдар 66579,5 миң сомду түзгөн.

Ошентип, 12 айдын ичинде иш жүзүндө 9260,2 миң сом суммасында баланстык киреше алынды. Откон жылга салыштырмалуу 2 эсе өстү. 2021-жылдын ушул  мезгилинде баланстык киреше 4027,6 миң сом алынган.

2022 -жылдын 12 айынын жыйынтыгы боюнча,  каттамдардын саны  442,7  миңди түзсө, жөнөтүлгөн жүргүнчүлөрдун саны  4284,7 миң болду. Ал эми 2021-жылдын ушул мезгилине карата 442,4 миң рейс жана 3914,5 миң жүргүнчү жөнөтүлгөн. Өткөн жылга карата 0,1% га көп рейс болуп, 9,5%га көп жүргүнчү ташылган.

Бүгүнкү күндө «Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасы жүргүнчүлөргө жана ташуучуларга көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрү боюнча ишкананын кирешелүү бөлүгүн жогорулатуу максатында өндүрүш процессинин уюштурулушун талдап жана координациялап жатат.

«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы” Мамлекеттик ишканасы

2022-жылда жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында, «КТЖ»УК” МИсынын баланстык кирешеси 1 369 325 миң сомду түздү (2021-жылдын тийиштүү мезгили – 1 479 912 миң сом). Баланстык кирешенин 92,5 миң сом азайышы транспорттук чыгымдардын жогорулашына байланыштуу.

«КТЖ»УК» МИнин ишмердүүлүгүнүн  негизги көрсөткүчтөрүнүн бири компаниянын каржылык-экономикалык туруктуулугун сактоо болуп саналат.

2022-жылы жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында, “КТЖ” УК” МИсынын баланстык кирешеси 1 369 325 миң сомду түзүшү күтүлүүдө (2021-жылдын тийиштүү мезгили – 1 479 912 миң сом). Баланстык кирешенин 110 587 миң сомго азайышы темир жол боюнча жүк ташуулардын көбөйүшү менен түшүндүрүлөт.

Республикалык бюджетке 2022-жылдын отчеттук мезгилинде 626 176 миң сом суммасында салык төгүү пландаштырылууда, бул 2021-жылдын деңгээлинен  106 377 миң сомго көп (2021-жылы 519 799 миң сом).

Социалдык фондго 2022-жылдын отчеттук мезгилине 483 339 миң сом которулат деп күтүлүүдө, бул 2021-жылдын деңгээлинен 27 376 миң сомго көп (2021-жылы – 455 963 миң сом).

Бүгүнкү күндө “КТЖ” УК” МИсы Кыргыз Республикасынын ири салык төлөөчүлөрүнүн бири болуп саналат.

“КТЖ” УК” МИсы тарабынан бюджетке жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна учурдагы төлөмдөр белгиленген мөөнөттөргө ылайык, өз убагында которулуп турат.

Жүк ташуу

Кыргыз темир жолу аркылуу 2022-жылы 8 028,3 миң тонна жүк ташылышы күтүлүүдө, өсүш 2021-жылдын тийиштүү мезгилине карата 367,8 миң тоннаны түзөт (2021-жылдын тиешелүү мезгили7 660,5миң тонна).

Өсүш экспорттун 125,3% га (анын ичинде көмүр 160,4%га, курулуш материалдардын 208,3%га жана кумшекердин 987,1%га), ошондой эле жергиликтүү каттамда жүк ташуулардын 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 121,3%га (анын ичинде көмүрдүн 135,8%га) көбөйтүүнүн эсебинен камсыз кылуу күтүлүүдө.

Ошол эле учурда,  2022-жылдын отчеттук мезгилинде болжолдуу жүк жүгүртүү 1 013,1 млн тонна/км же 2021-жылдын отчетуна карата 101,0% түзөт (2021-жылы– 1 003,1 млн. тонна км).

Ошондой эле, учурдагы жүк ташууларды сактоо жана Кыргыз темир жолундагы кошумча жүктүн көлөмүн көбөйтүү максатында белгилүү бир кадамдар жасалды:

2022-жылдын 1-январынан тарта Өзбек темир жолу тарабынан төмөндөгүдөй жеңилдиктер берилген:

— Өзбекстан Республикасынын аймагы аркылуу Кыргыз Республикасынын түштүк облустарына/түштүк облустарынан транзиттик жүктөрдү ташуу үчүн 35-50% өлчөмүндө;

— көмүрдү жана жыгачты импорттук ташууга 25%-50% өлчөмүндө;

— “Өзбекстан темир жолдору” АКмунун бекеттерине импорттук ташууда күрүч, кумшекер, өсүмдүк майы, канаттуулардын этин, картошка, күн карама дандарын жана буудайды ташууга 50% өлчөмүндө, ал эми башка жүктөр үчүн 33% өлчөмүндө жеңилдиктер каралган;

2022-жылдын 1-январынан тарта Кыргыз темир жолу тарабынан төмөндөгүдөй жеңилдиктер каралган:

— экспорттук ташууда көмүрдү инвентардык парктын вагондорунда ташуу үчүн 40% өлчөмүндө;

— бардык каттам боюнча (көмүрдөн башка) жүктүн бардык түрлөрү үчүн 10% өлчөмүндө;

— Кашкар шаары (КЭР) аркылуу « Азия-Тынч океан өлкөлөрү – Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Азербайжан – Грузия – Европа» эл аралык мультимодалдык маршруту боюнча ташуулар үчүн 50 АКШ доллары өлчөмүндөгү атайын тарифтер 2019-жылдын 20-ноябрында Ташкент шаарында темир жол администрацияларынын жетекчилеринин беш тараптуу жолугушуусунун протоколу менен бекитилген.

Бул чаралар Кыргыз темир жолу аркылуу жүк ташуу көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Жүргүнчүлөрдү ташуу

Кыргыз темир жолунун ишинин маанилүү багыттарынын бири калктын жүргүнчүлөрдү ташууга болгон муктаждыгын камсыз кылуу болуп саналат.

2022-жылы Кыргыз темир жолу менен 268 805 жүргүнчү ташуу күтүлүүдө, анын ичинде республика ичиндеги ташууларда 254 415 жүргүнчү  (2021-жылы республика ичиндеги ташууларда – 255 200 жүргүнчү) ташылган, бул өткөн жылдын отчеттук мезгилине караганда 785 жүргүнчүгө аз, ал эми эл аралык каттам боюнча 14 390 жүргүнчү  ташылган.

Жергиликтүү катуу жааган жаандын кесепетинен Бишкек-Балыкчы темир жолунун тилкелери сел суулары менен жуулуп, ылай-шагыл таштар агып келген. Сел сууларынын агып өтүүсүнүн натыйжасында темир жол тосулуп калган. Буга байланыштуу 2022-жылдын 30-июлунан 14-августуна чейин Бишкек-Балыкчы поезди убактылуу токтотулган, бул республика ичиндеги каттамда ташылган жүргүнчүлөрдүн санынын азайышына таасирин тийгизген.

Эл аралык каттамдагы жүргүнчү поезддери 2022-жылдын 6-июнунан тарта жүрө баштаган.

Темир жол техникасынын паркын калыбына келтирүү жана оңдоо, темир жолду тейлөө жана оңдоо, инфраструктураны өнүктүрүү

Улуттук компания Кыргыз темир жолунун ишин тийиштүү деңгээлде кармап туруу үчүн кыймылдуу составды жана темир жолдорду калыбына келтирүүгө жана оңдоого багытталган зарыл көлөмдөгү иштердин жүргүзүлүшүн камсыздайт.

«КТЖ» УК» мамлекеттик ишканасы чектелген финансылык мүмкүнчүлүктөрү менен темир жолдун коопсуз иштөөсүн камсыз кылуу үчүн өз каражаттарынын эсебинен кыймылдуу составдын паркын (локомотивдер, вагондор), темир жолду жана жасалма курулмаларды, сигнализация жана байланыш тутумдарын тейлөө жана оңдоону жүзөгө ашырат. Жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуудан киреше алып, ишкана материалдарды, техникалык жактан тейлөө жана ремонттоо үчүн запастык бөлүктөрдү, куйуучу-майлоочу майларды сатып алууга зор үлүшүн жумшайт, ансыз темир жол транспортунун үзгүлтүксүз жана коопсуз иштеши мүмкүн эмес.

Поезддердин кыймылын жана маневрдук иштердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн:

-темир жолдордун абалын текшерүү үчүн жол ченөөчү поезд 2 жолу өтүүсү уюштурулган;

-рельстердин жана жолдун үстүнкү бөлүгүнүн кемчиликтерин өз убагында аныктоо жана жоюу үчүн  ЛДМ-1 машинасы жана РДМ-2 дефектоскопиялык тележкалар сатылып алынды;

-поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыздоого байланышкан жагдайларды өз убагында каттоо жана көзөмөлдөө үчүн локомотивдерге видеокамералар орнотулган.

Жол чарбасы боюнча (жолдун түштүк тармагын кошкондо) 2022-жылдын отчеттук мезгилинде 17 902 даана шпал алмаштырылды жана жолго төшөлдү, 2021-жылдын тийиштүү мезгилине караганда 17,319 км жол ондолгон (2021-ж.3,5км).

Вагон чарбасы боюнча 2022-жылдын отчеттук мезгилинде 11 жүргүнчү ташуучу вагон капиталдык оңдоодон өткөн (2021-жылдын ушул мезгилинде  21 даана), ал эми жүк ташуучу вагон оңдоодон өткөн эмес (2021-жылдын тийиштүү мезгилинде 1 жүк ташуучу вагон).

Деподон 239 вагон оңдоодон өткөн, анын ичинен 12 жүргүнчү вагону (2021-жылдын ушул мезгилине карата 21 даана) жана 227 жүк ташуучу вагонго (2021-жылы 400 даана) оңдоо жүргүзүлгөн.

Локомотив чарбасы боюнча  (жолдун түштүк тармагын кошкондо) 2022-жылдын отчеттук мезгилинде 190,376  тепловоз деподо оңдолгон (2021-жылдын ушул мезгилине карата  191,205 даана тепловоз).

 

“Кыргыз темир жолу” УК” МИсынын 2022-жылдагы жетишкендиктери жана ийгиликтери:

Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн стратегиялык милдеттерин чечүү максатында отчеттук мезгилде төмөнкүдөй иштер аткарылып, төмөнкүдөй негизги натыйжаларга жетишилди:

— 2022-жылдын 31-мартынан бүгүнкү күнгө чейин «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы өз күчү менен 5,15 км жерге топурак төшөлүп, узундугу 63,5 км Балыкчы-Кочкор темир жолунун5 км үстүнкү бөлүгү төшөлүп бүттү;

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Президентинин түздөн-түз кийлигишүүсүнүн натыйжасында долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууда.

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы №258 токтому менен Кыргыз Республикасынын 2022-2026-жылдарга карата темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттары бекитилди;

— Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Өзбекстан Республикасынын Транспорт министрлиги жана КЭРдин өнүктүрүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун (Кыргыз Республикасынын аймагындагы участок) куруу долбоору боюнча кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 229-р токтомун ишке ашырууга ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин темир жол ташууларына керектөөлөрүн канааттандыруу максатында; «Кыргыз темир жолу» УК» МИсы өз эсебинен 100 даана вагондорду үстү ачык вагондорду чыгаруучу-«Алтай вагону» ААКмунан сатып алган;

— Өзбекстан темир жолу менен биргеликте Өзбекстан Республикасы аркылуу транзит менен Кыргыз Республикасынын түштүк облустары багытында темир жол транспорту менен жүк ташууларды көбөйтүү үчүн жеңилдетилген тарифтик шарттар түзүлдү, ал эми Кыргыз темир жолу тарабынан Кыргыз Республикасынын түштүк облустарынан Өзбекстан Республикасына көмүрдү экспорттоо үчүн жеңилдетилген шарттар түзүлдү;

— республикалык ички каттамда жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн эксперименталдык модернизацияланган жүргүнчү ташуучу вагон пайдаланууга берилди;

— темир жол жана автомобиль транспорту менен контейнерлерди ташуу үчүн Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Афганстан жаңы мультимодалдык коридору ишке киргизилди;

— жүк ташуулардын көлөмүн мындан ары жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын темир жолдорунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумдун алкагында Иранга/Ирандан контейнерлерди ташууга 90%га чейинки жеңилдик менен атайын тариф белгиленген;

-транспорттук ишмердүүлүктү санариптештирүү жана фискалдаштыруунун алкагында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасына электрондук эсеп-фактуралар жана онлайн-кассалык машиналар киргизилди;- «Россия темир жолу» жана «Казак темир жолу» менен электрондук маалымат алмашуу боюнча келишимдер түзүлдү;

— кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюшту:

— Кыргыз Республикасынын аймагындагы Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жол линиясын куруу боюнча “Россия Экспорт борбору” АК, “РЖД Интернэшнл” ЖЧКсы жана “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасы.

— Иран Ислам Республикасынын темир жолдору менен эл аралык контейнердик ташууларды активдештирүү.

— Кыргыз Республикасы менен Түркиянын темир жолдорунун ортосундагы ниеттердин протоколу.

Чечүүнү талап кылган маселелер (кемчиликтер)

— республиканын түндүгү менен түштүгүнүн ортосунда мамлекеттер аралык темир жол байланышына интеграцияланган темир жол байланыш системасынын жоктугу транспорттук инфраструктураны, транзиттик потенциалды өнүктүрүүгө, ошондой эле пайдалуу кендерди жана жүктөрдү Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн рынокторуна экспорттоого тоскоолдугун тийгизет;

— 3 жылдын ичинде бүткөрүлүүчү 23 км узундуктагы Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушуна жыл сайын 3,5 млрд сом суммасында каржылоонун (инвестициялардын) жетишсиздиги;

— Кыргыз темир жолунун кыймылдуу курамынын (тепловоздор, жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондор) паркынын эскириши;

— Кыргыз темир жолунун жол инфраструктурасынын эскиришинин олуттуу өсүшү жана темир жол инфраструктурасын модернизациялоо жана оңдоо боюнча аткарылбаган иштердин көлөмүнүн топтолушу;

— байланыш системаларын жана механикалык блокировка тутумдарын модернизациялоонун зарылчылыгы — «КТЖ» УК» МИнин станциялык объекттеринин өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жана эффективдүүлүгүн чектөө;

— темир жолчуларды — адистерди даярдоо үчүн, ошондой эле темир жол транспортунун иштешинин көйгөйлөрү боюнча илимий-изилдөө жана конструктордук иштерди жүргүзүү үчүн окуу-илимий базаны өнүктүрүүнүн деңгээлинин жетишсиздиги.

 

КР ТжКМнин басма сөз кызматы