mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 26-декабрында республиканын ашуу тилкелеринин айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт

Кыргызгидромет билдиргендей, 2022-жылдын 26-декабрына карата республикада жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метр.

Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө жок. Эч кандай тыгындар жок. Ошондой эле Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Чапчыма жана башка ашуу тилкелеринде трасса инерттүү материалдар менен (туз жана кум) толтурулган. 2022-жылдын 26-декабрында эртең мененки саат 8де аба ырайы ачык.

Аба ырайынын ыңгайсыз шарттарына байланыштуу ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жасалма тыгындарды жаратпоо үчүн жайкы дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырууну, ынтымакта болууну жана жасалма тыгындарды болтурбоо максатында ашууларда каршы тилкеге чыкпоону сунуштайбыз.

Ошондой эле КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн жалпак жерлердеги кардын чынжырларын алып салуу керек. Мындан тышкары, өтмөктөрдөн өтүүдө көйгөйлөр жаралбашы үчүн жолго чыгаар алдында унаалардын техникалык абалын текшерүү зарыл экендигин эскертебиз.

 

КР ТжКМнин басма сөз кызматы