mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Э.Осоев Ислам өнүктүрүү банкынын топтун жетекчиси А.Казангапов жетектеген баалоо миссиясы менен жолугушту.

2022-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Э.Осоев Ислам өнүктүрүү банкынын топтун жетекчиси А.Казангапов жетектеген баалоо миссиясы менен жолугушту. Жыйындын жүрүшүндө пландалган «Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун IV фазасы, 104,6-197,5-чакырымдарын реконструкциялоо» долбоору боюнча маселелер каралды. Ошондой эле, Ислам өнүктүрүү банкы автотранспорт тармагындагы келечектүү долбоорлордун тизмесин сурады.

Маалымат үчүн:
Учурда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Араб координациялык тобунун каражаттарынын эсебинен «Суусамыр-Талас-Тараз автожолунун IV фаза 104,6-197,5-чакырымдарынан, Казакстан Республикасы «Кичи Капка» Мамлекеттик чек арасына чейин болжолдуу 101,4 млн. АКШ долларга
реконструкциялоо ишке ашырууну пландаштырууда .
25-июлдан 29-июлга чейинки мезгилде Ислам өнүктүрүү банкынын баалоо миссиясы Кыргыз Республикасында болот..

КР ТжКМнин басма сөз кызматы