mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 13-июнунда КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №954 ДЭП кызматкерлери тарабынан Токмок-Дөң-Арык-Рот-Фронт-Ивановка авто жолдорунда жамоо иштери жүргүзүлдү.

2022-жылдын 13-июнунда КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №954 ДЭП кызматкерлери тарабынан Токмок-Дөң-Арык-Рот-Фронт-Ивановка авто жолдорунда жамоо иштери жүргүзүлдү. Ушул эле күнү №9 ДЭУ ишканасы  Бишкек-Манас аэропорту унаа жолунун жол жээгиндеги ирригациялык системаларды тазалоо боюнча иш  жүргүздү.

2022-жылдын 11-июнунда КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №24 ДЭУнун кызматкерлери тарабынан Кант-Чүй көпүрөсүндөгү унаа жолунда жамоо иштери жүргүзүлдү. Ушул эле күнү №32 ДЭПтин кызматкерлери Кемин-Шабдан-Көк-Ойрок унаа жолунда 80м2 чакырым жолдун чуңкурларын оңдоодон өткөрүштү.         Жалпысынан быйылкы жылы Кыргыз Республикасынын 207 589,33 м2 автожолдорун жамоо иштери пландалып, 600 чакырымдан ашык жолго асфальт-бетон төшөлмөсүн орнотуу пландаштырылууда, анын ичинен республикалык бюджеттин эсебинен 228 км. жана инвестициялык долбоорлордун эсебинен 160 кмден ашык.

 

 

 

 

КР ТжКМ басма сөз кызматы