mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2017-жылдын май айынын титулдук тизмесинин негизинде Талас облусундагы жолдордо төмөндөгү иштер аткарылды

Транспорт жана жолдор министрлиги бекитип берген 2017-жылдын тизмесине ылайык жолдорду одоо иштерине баардыгы 135 422 миң сом каралган. 2017-жылдын титулдук тизмесинин негизинде, май айынын 25не карата Талас облусундагы жолдордо төмөндөгү иштер аткарылды:

  1. Орто оңдоо боюнча(средний ремонт) 2017-жылга 10,18 чакырымга асфальт төшөө  иштери  каралган. Бүгүнкү күндө “Аманбаево-Көк-Сай”, “Госдорога-Бакайыр” жана “Покровка-Жайылган” жолдорунда алдыңкы катмарына шагыл төшөлүп, түздөлүп, тапталып асфальт төшөөгө  даярдалды.
  2. Учурдагы оңдоо (текущий ремонт) иштери боюнча төмөндөгү иштер аткарылды:
  • Шагыл жана асфальт жолдордун четтерин (обочина) оңдоп-түзөө (профилировка) жумуштары аягына чыгарылды.
  • Асфальт жолдордун тешиктерин жамоо иштери толугу менен жүрүп жатат. 2017-жылга 10940 м2 аянттагы  тешиктерди жамоо иштери каралган. 25 май 2017- жылга карата 8224 м2 аянттагы  тешиктер жамалып бүттү же 75,1 пайызга аткарылды. Анын ичинен Эл аралык  маанидеги жолдор 100 пайызга, мамлекеттик маанидеги жолдор-30 пайызга, жергиликтүү маанидеги жолдор-10 пайызга аткарылды. Асфальт жолдордун тешиктерин оңдоо жумуштары №3 Талас облустук аймактык бөлүмү жана жергиликтүү  бийликтердин көзөмөлүнө алынган. Маселен №47-Жол тейлөө ишканасына караштуу асфальт жолдорунда жүргүзүлүп жаткан тешиктерди жамоо жумуштарын 22-май 2017-жылы Талас облустук телевидениеси аркылуу чагылдырылып, эртеси Талас облусунун жашоочуларына сыналгы аркылуу жеткирилген. Ошондой эле 25-майга №19-Жол тейлөө ишканасынын карамагындагы жолдорунда жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө жумуштары Талас облустук телевидениеси аркылуу чагылдырылмакчы.

 

 

 

Пресс- кызмат