Өзгөн-Мырза-Аке-Кара-Кулжа жолунун 34 чакырымына асфальт төшөө пландалууда. Министр курулуш иштерин текшерип барды
- 43 просм.
Бүгүн, 28-апрелде Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ош облусуна иш сапары менен барды.
Ведомство жетекчиси Өзгөн–Мырза-Аке–Кар-Кулжа жолундагы курулуш иштеринен кабар алды. Аталган жолго быйыл капиталдык салымдар беренесинин эсебинен 34 км асфальт төшөө пландалууда.
Жеринде подрядчы компаниянын өкүлдөрү менен жолуккан министр Сыргабаев иш ыргагын ыкчамдатуу жана сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө аталган автожолдо графикке ылайык иштер кызуу жүрүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы