mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жолдорду ирээтке келтирүү иштери кызуу жүрүүдө

Бүгүн, 13-мартка карата Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тарабынан аткарылган иштердин кыскача түрмөгү:

№50 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Базар-Коргон-Арстанбап унаа жолунун 0-2-чакырым аралыгында жаралган аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери менен алек.

Ал эми эл аралык маанидеги Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун боюндагы куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, жолду кеңейтүү, шагыл төгүп тегиздөө иштери жүрүүдө.

Бишкек-Ош унаа жолунун 315-427-чакырымында жолчулар жол четин таштандыдан тазалап, ирээтке келтирип жатышат.

Кемин-Шабдан-Көк-Ойрок жолун тейлеген кызматкерлер жолго түшүп,  унаа кыймылына тоскоолдук жараткан таштарды тазалап жатышат.

Өзгөн-Мырзаке унаа жолунда пайда болгон аң-чөнөктөрдү толтуруу иштерине даярдыктар көрүлүүдө.

Ача-Кайынды-Май-Босого унаа жолундагы сууларды буруу иштери жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери жол четин тазалоо, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, сууларды буруу, лотокторду тазалоо, аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери менен алек.

КРдин ТжКМнин басма сөз кызматы