mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 314 385
KG   RU   EN

ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК

Эл аралык кызматташтыкты  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин Сырткы байланыштар жана интеграция Бөлүмү (мындан ары – СБжИБ) ишке ашырат.

СБжИБ Кыргызстандын чет мамлекеттер, эл аралык жана регионалдык уюмдар, коомдук жана коомдук эмес структуралар, жеке фирмалар жана жеке адамдар менен, анын ичинде өнүгүүнүн Эл аралык программалары менен жол-транспорт комплекси чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыгын орнотуу жана өнүктүрүү боюнча сунуштарын жана мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөт.

Өзүнүн компетенциясынын алкагында жол-транспорт комплекси чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргойт. ЕАЭБ менен өз ара аракеттешүү боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары менен макулдашуу боюнча  Евразия экономикалык комиссиясы менен Кыргыз Республикасынын жол-транспорт комплекси чөйрөсүндөгү өз ара аракеттешүүсүнүн бирдиктүү тартибин аныктайт.  ЕАЭБдин маселелеринин спектри боюнча жол-транспорт комплекси чөйрөсүндөгү ишти координациялайт, ошондой эле  ЕАЭБ менен өз ара аракеттешүү боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын макулдашуусу боюнча өз компетенциясынын чегинде ЕЭК менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

 

 

Эл аралык уюмдар менен кызматташуу

 

Жарандык авиация уюму  (ИКАО )

Жарандык авиация чөйрөсүндөгү зор жана абройлуу уюм, БУУнун эл аралык жарандык авиациянын ишмердигинин техникалык, экономикалык жана укуктук чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттарды, сунуш кылынган практика жана эрежелерди иштеп чыгууга жооптуу  атайын мекемеси болуп эсептелет.  ИКАОнун ишмердиги учуулардын коопсуздугун жана бүткүл дүйнөдөгү авиациянын өнүгүү тартибин камсыздоого багытталган.

КМШ өлкөлөрүнүн бардыгы, анын ичинде Кыргызстан (18 декабрь, 1992-жылдагы КР Жогорку Кеңешинин токтому) ИКАОнун мүчөсү болуп эсептелет. Андан сырткары, КМШнын Өкмөттөр аралык авиациялык комитети (ӨАК) ИКАОдо өкмөттөр аралык уюм катары катталган.

ИКАОнун максаттары жана милдеттери эл аралык аба транспортун пландаштырууга жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жана эл аралык аэронавигациянын принциптерин жана ыкмаларын иштеп чыгуу, ошондой эле калкка коопсуз, үзгүлтүксүз, эффективдүү жана үнөмдүү эл аралык аба транспортуна муктаждыгын канааттандыруу жана бүткүл дүйнөдөгү эл аралык жарандык авиациянын коопсуз жана пландуу өсүүсүн камсыздоо болуп саналат. ИКАО самолетторду тынчтык максатта конструкциялоону жана пайдаланууну, ошондой эле авиалинияларды, аэропортторду жана навигациялык жабдууларды түзүү жана өнүктүрүүнү  колдойт.

Ушул максаттарды жана милдеттерди аткаруу үчүн ИКАО:

— самолеттордун конструкциясына жана мүнөздөмөсүнө колдонулган жана көбүнчө учкучтардын, учуучу экипаждын, авиадиспетчерлердин жана жер бетиндеги кызматтардын кызматкерлеринин, техникалык тейлөө кызматтарынын ишин тариздөөчү жабдуулардын эл аралык стандарттарын жана сунуштарын, ошондой эле эл аралык аэропорттордун коопсуздук талаптарын жана иштөө тартибин кабыл алат;

— визуалдык учуу жана приборлор боюнча учуу эрежелерин иштеп чыгат, ошондой эле эл аралык навигацияда колдонулган аэронавигациялык карталарды иштеп чыгат. Анын жоопкерчилик чөйрөсүнө авиациялык телекоммуникация системасы, радиожыштыктар жана коопсуздук чаралары кирет;

— самолеттордун добушунун деңгээлин жана түтүндү азайтуунун эсебинен айлана-чөйрөгө авиациянын тийгизген таасирин төмөндөтүү чараларын көрөт;

— бажы, иммигарциялык, санитардык эрежелерди жана башка формалдуулукту стандартташтыруунун эсебинен чек ара аркылуу самолеттордун, жүргүнчүлөрдүн, экипаждын, кол жүгүнүн, жүктөрдүн жана почта жөнөтмөлөрүнүн кыймылын жеңилдетет;

— БУУнун адистештирилген мекемеси катары, жеке адамдардын паспортторунун түрлөрүн жана башка идентификацияланган документтерин стандартташтыруу боюнча иштерди эл аралык масштабда жүргүзөт. КР МКК паспортторду жана башка документтерди даярдоо маселелеринде ИКАОнун стандарттарын жетекчиликке алышат;

— айлана-чөйрөнү коргоо стандарттарын орнотот жана авиаишканалардын курчап турган чөйрөнү булгоо маселелерин чечет;

— аба транспортунда террористтик актыларды жоюу боюнча авиациялык коопсуздук стандарттарын орнотот;

— эл аралык учууларды аткарууда формалдуулукту жөнөкөйлөтүү боюнча стандарттарды орнотот, бул авиажүк ташуулардын өсүүсүнө жол ачып, натыйжада эл аралык масштабдагы туризмдин өнүгүүсүнө оң таасир берет.

Андан сырткары, ИКАО өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин авиатранспорттук системаны өркүндөтүүдө жана авиациялык персоналды даярдоодо жардам көрсөтүү боюнча өтүнүчтөрүн аткарат.

  КРнын  ИКАО менен кызматташуусун багыттоо

Ушуга байланыштуу, төмөнкү маселелер боюнча ИКАО менен өз ара аракеттешүүнү өнүктүрүү зарыл болуп эсептелет.

  1. Чикаго конвенциясынын алкагында жана ИКАОнун эл аралык стандарттарын жана саясатын киргизүүгө багытталган курсу боюнча, өзгөчө коопсуз учууларды, авиациялык коопсуздукту камсыздоо жана авиациялык тармакты координациялоонун туруктуу системасын киргизүү жана ал системаны керектүү көзөмөлдөөдө эл аралык милдеттерге абш ийүү.
  2. Кыргыз Республкасынын улуттук мыйзамына ИКАОнун Стандарттарын жана Сунуш кылынган практикасын өз учурунда киргизүү.
  3. Кыргыз Республикасынын көйгөйлөрүн жана муктаждыктарын талдоого негизделип, NCLB демилгесинин алкагында ИКАО менен кызматташтыкты бекемдөө. “Бир да мамлекет көңүл буруусуз калбайт” (NCLB) глобалдык демилге ИКАОнун (SARPS) Стандарттарын жана Сунуш кылынган практикасын киргизүүгө мамлекеттерге жардам берүү боюнча ИКАОнун аракетине көңүлдү бурат. Бул иштин башкы максаты SARPS глобалдык масштабда бирдиктүүлүктүн зор деңгээли менен, бардык мамлекеттер аба транспортун коопсуз жана ишенимдүү пайдаланууга шартталган маанилүү социалдык-экономикалык пайда алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусуна жардам көрсөтүү болуп саналат.

Андан сырткары, NCLB кампаниясынын алкагында жүргүзүлгөн иштер,  ИКАОнун коопсуз учууларды камсыздоо,  коопсуз учуулар, авиациялык коопсуздукка жана эмиссияга байланыштуу жана башка максаттарга жетишүүсүн камсыздоодо ИКАОнун  контролду уюштурууну текшерүүнү жүргүзүүсү  аркылуу табылган коопсуз учуулар жаатында (SSC) маанилүү коопсузданууну туудурган маселелерди чечүүгө ИКАОнун аракетине өбөлгө түзөт.

  1. ИКАОнун кеңеш берүү жардамын алуу, тактап айтканда, ИКАОнун Европа жана Түндүк Атлантика бюросу 2017-жылдын май айында кол коюлган Меморандумдун алкагында, 2016-жылдын январындагы аудиттин натыйжалары боюнча табылган кемчиликтерди жоюуга багытталган ниеттери жөнүндө:

 

 

 

 

— Кыргыз Республикасы үчүн Иш-аракеттин Адистешкен Планын өз учурунда киргизүү, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамы бекиткен тартипте техникалык кызматташтыктын алкагында техникалык кеңеш берүү долбоорлору боюнча;

—  КРнын жарандык авиация системасындагы жетишпестиктерди аныктоо жана аларды ИКАОнун эксперттик-методологиялык жана техникалык колдоосу менен жоюу боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыгуу;

— Кыргыз Республикасынын жарандык авиация системасын өркүндөтүү жана ал системаны ИКАОнун эл аралык стандарттарына ылайык келтирүү.

  1. Улуттук жүк ташуучуларды Европа Союзунун “кара тизмесинен” чыгарууну камсыздоо үчүн иш-чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.

КРнын  ИКАОго катышуусунун негизги максаттары жана милдеттери   

КРнын ИКАОго катышуусунун негизги максаты,  учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыздоо үчүн ИКАОнун Сунуш кылынган практикасын жана Стандарттарын киргизүү жана сактоо болуп эсептелет. Анткени  ИКАОнун Сунуш кылынган практика жана Стандарттары дүйнөлүк авиациянын негизги принциптери болуп эсептелет.

 

ИКАО менен кызматташууда  жетишилген натыйжалар   

 

2017-жылы ИКАОнун Европа жана Түндүк Атлантикалык бюросу менен адистештирилген иш-аракет планынын ниеттери жөнүндө Меморандумга кол коюлган, ага ылайык КР ТжЖМне караштуу Жарандык авиация агенттигине инспектордук курамды даярдоло жана кайра даярдоодо, аба мыйзамын өркүндөтүүдө инспекторлорду окутууда донорлорду тартып келүүгө дифференцирленген жардам көрсөтүлөт.

ИКАОнун катышуусуз Кыргызстандагы жарандык авиациянын ишмердигин уюштуруу мүмкүн эмес.

Мамлекеттер аралык авиациялык   комитет  (МАК)

1991-жылдын декабрында бардык  КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилери жарандык авиация жана аба мейкиндигин пайдалануу жөнүндө Өкмөттөр аралык  макулдашууга кол коюшкан (Латвия менен Эстония байкоочу статусуна ээ болушту).

МАК  жарандык авиациянын эл аралык регионалдык, дүйнөнүн башка региондорунун эл аралык авиациялык структураларына окшош уюму болп эсептелет жана  ИКАОдо ушундай катталган.

Кыргыз Республикасы 1991-жылдан бери ИКАОнун мүчөсү.

МАКтын максаты бирдиктүү авиациялык эрежелерди, учууга жарамдуулукту, авиациялык техникаларды  жана алардын өндүрүштөрүн, авиациялык окуяларды көз карандысыз изилдөөлөрдү, жарандык авиациянын өнүгүү маселелерин координациялоону жана аба кыймылынын уюштуруу системасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын шайкештирүүнү  сертификаттоонун бирдиктүү системасын, эл аралык категориядагы аэродромдорду жана алардын жабдууларын сактоодо турат.

КРнын МАКка катышуусунун  негизги максаттары жана милдеттери

КРнын МАКка катышуусунун негизги максаты МАКтын эксперттери авиациялык окуяларга изилдөө жүргүзүүсү, авиациялык окуу жайларын сертификаттоо, учууга врачтык эксперттик комиссия жүргүзүү болуп саналат, анткени КР өз алдынча изилдөө изилдөө жүргүзө албай        т.

МАК менен кызматташууда жетишилген натыйжалар

Кыргыз Республикасы жарандык авиация  жана аба мейкиндигин пайдалануу жөнүндө Макулдашууга 1991-жылы кол койду, ошондой эле 2009-жылы жарандык аба кемелерине байланыштуу авиациялык окуяларды изилдөө жана жоюу жаатында өз ара аракеттешүү жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.

Көрсөтүлгөн документтерге ылайык МАК авиациялык окуяларды бир канча жолу көз карандысыз жана обьективдүү изилдеп чыккан. Андан тышкары, МАК инспекторлордун адистигин жогорулатуу боюнча курстарды өткөрүүдө, анда КР ТжЖМне караштуу Жарандык авиация агенттигинин инспекторлору катышат, ошондой эле аба мыйзамын өркүндөтүүдө кеңе берүү кызматын көрсөтөт, авиациялык окуялардын маалыматтар базасын түзөт жана аларды анализдейт.

Кыргыз Республикасы МАК менен кызматташуудан төмөндөгүдөй натыйжаларга жетишти:  авиациялык окуяларды изилдөө, авиациялык окуу жайларын сертификаттоо жана учууга врачтык эксперттик комиссия жүргүзүлөт.

Андан сырткары,  авиация  тармагынын адистери,Жарандык авиациянын инспекторлору жана адистери менен биргеликте жыл сайын ар кандай багыттар боюнча МАК уюштурган семинарларга жана курстарга катышат, анын ичинде – учуулардын коопсуздугун камсыздоо, авиациялык окуяларды изилдөө, музга каршы иштеп чыгуу (диайсинг)  ж.б.

 

 

 

Темир Жол Кызматташтык уюмдары  (ТЖКУ)

 

Темир жол кызматташтык уюму (ТЖКУ) 1956-жылы Софияда (Болгария Республикасы) Европа жана Азиянын он мамлекетинин темир жол транспорту боюнча министрлери тарабынан Министрлер Кеңешмеси түзүлгөн. ТЖКУнун негизги иши эл аралык келишим мүнөзүндөгү “ТЖКУ жөнүндө Жобо” болуп эсептелет.

ТЖКУнун негизги максаты жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык темир жолдо ташууну өнүктүрүү жана өркүндөтүү, камсыздоо, алардын евроазиянын зор мейкиндигиндеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, темир жол транспорттук комплексининин ишинде жогорку эффективдүүлүккө жетишүү максатында укуктук ченемдик базаны бекемдөө жана жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууда ТЖКУга мүчө-мамлекеттердин муктаждыктарын канааттандыруу болуп эсептелет, бул КРнын ТЖКУ менен кызматташуусунун негизги багыты.

КРнын ТЖКУ менен кызматташуусунун потенциалы

ТЖКУ тууралуу Жобого ылайык бул уюм ТЖКУга  мүчө-мамлекеттердин ортосунда эл аралык жүк ташуу жана жүргүнчү ташууну пландаштыруу, көбүрөөк рационалдуу маршруттарды аныктоо, жүк жана жүргүнчү тарифтерин иштеп чыгуу, кыймылдуу курамды көбүрөөк үнөмдүү пайдаланууну камсыздоо, поезддердин кыймылынын тездигин жогорулатуу жана эл аралык каттамдардагы кыймылдардын ырааттамасын өркүндөтүү ж.б. уюштурат, бул КР үчүн өтө маанилүү.

ТЖКУ менен кызматташууда жетишилген натыйжалар

ТЖКУнун жыл сайын өткөрүлчү конференцияларында ТЖКУга мүчө-мамлекеттердин ар бири үчүн поезддердин кыймылынын тарифтик коюмдары орнотулат.  Кыргызстан бул конференциялардын ишинде активдүү катышат, ушуга байланыштуу ал үчүн башка мамлекеттерде да поезддердин транзиттик өтүүсүнө өз алдынча жогорку коюмдар колдонулбайт, бул ташылган жүктүн жана жүргүнчүлөрдүн наркына таасир берип жана темир жолдо жүк ташуунун рентабельдуулугун төмөндөтмөк.

Эл аралык жүргүнчү (СМПС) жана жүк ташуу (СМГС) каттамдарын ишке ашыруу үчүн Макулдашуулар Евроазия мейкиндигинде эл аралык каттамдарда жүргүнчү жана жүк ташууну камсыздоо боюнча бирдиктүү укуктук жана экономикалык ченемдерди түзүү үчүн зарыл керек.

Ушул Макулдашуулардан улам, ТЖКУ депозитарий болгон ТЖКУга мүчяө-мамлекеттердин эл аралык темир жолдо жүк ташууну ишке ашыруу жана уюштуруу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

  1. Бул уюмдун алкагында Кыргыз темир жолу башка темир жол администрациялары менен биргеликте туруктуу негизде мамлекеттер аралык каттамдардагы темир жол транспортунун иштерин координациялоо, жүргүнчү жана жүк ташууну уюштурууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук документтерди өркүндөтүү, вагондорду, контейнерлерди бирге пайдалануу жана техникалык тейлөө, тарифтерди жана темир жолдун технологиялык биримдигин сактоого мүмкүндүк берүүчү көптөгөн башка  бардык маселелерди чечет.

Темир жол администрацияларынын биргелешип иштөөсүнүн натыйжасында эл аралык деңгээлдеги жүк ташуу процессин уюштуруунун биридктүү технологиясы сакталды.

Кыргызстан, ТЖКУ иштеп чыккан зарыл илимий-техникалык документтерди системалуу алып турат (жоболор, сунуштар, эрежелер, поезддердин КМШнын темир жолдору боюнча кыймылынын ченемдери), бул КМШ темир жолдору боюнча өтүүнү тартипке келтирет жана жеңилдетет.

        

Көз карандысыз мамлекеттердин кызматташтыгына  мүчө-мамлекеттердин Координациялоочу Транспорттук Кеңешмеси (КМШ КТК)

Уюштуруунун максаты жана милдеттери

КМШ мүчө-мамлекеттердин аймагында транспорттун ишмердигин мамлекеттер аралык жөнгө салуунун бирдиктүү органы болуп эсептелет, ал 1991-жылдын 30-декабрында транспорт жаатындагы өз ара мамилелешүүнүн принциптери жана шарттары жөнүндө Макулдашууга ылаык түзүлгөн.

Координациялоочу транспорттук кеңешме (КТК) КМШ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн жетекчилер кеңешинин  чечими менен түзүлгөн. КТКнын мүчөлөрү КМШга мүчө-мамлекеттердин транспорт министрлери болуп эсептелишет.

КТК өз ишмердигин өкмөттүн жетекчилер кеңешинин, транспорт жаатындагы Кызматташтыктын өкмөттөр аралык органдарынын чечимдерине жана макулдашууларына ылайык ишке ашырат, тактап айтканда, КМШ мүчө-мамлекеттердин жалпы транспорттук мейкиндигин түзүүгө көмөк көрсөтүүнү жана деңиз, автомобиль жана ички  суу транспортунун транспорттун башка түрлөрү менен алардын уюштуруу структураларын өркүндөтүүгө багытталган концепциялардын жана программалардын негизинде өз ара аракеттешүүдө макулдашылган тарифтик саясатты орнотуу, жүктөрдүн транзиттик шарттарын, айлана-чөйрөнү сактоону, жүргүнчүлөрдү ташуунун жана жүктөрдүн сакталуусунун коопсуздугун   камсыздоо Уюмдун негзги максаттары жана милдеттери болуп эсептелет.

ТРАСЕКА Программасы

ТРАСЕКАНЫН максаты жана милдеттери

Кыргыз Республикасы 1993-жылдан бери  ТРАСЕКАнын мүчөсү болуп эсептелет.

ТРАСЕКА программасынын ишмердигинин негизги багыты  — Европадан Борбордук Азия мамлекеттерине Кара Деңиз, Кавказ жана Каспий деңизи аркылуу транспорттук коридорду өнүктүрүү. Технологиялык жактан алганда программа транспорттун ар кандай түрлөрүн пайдаланууда бардык маршрут үчүн   бирдиктүү транспорттук документ боюнча жүктөрдү ташууга багытталган.

Программанын максаты башкаруунун жаңы, көбүрөөк борборлоштурулган системасын автожол, темир жол жана деңиз транспортуна киргизүүдө; жаңы соода жана транспорттук жолдорду өнүктүрүү, ошондой эле, транспорттук инфраструктураны иштеп турган эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү үчүн зарыл болгон инвестицияны бөлүп берүүдө  турат.

КРнын  ТРАСЕКА менен кызматташтыгынын багыты

Кыргыз Республикасынын  ТРАСЕКА Программасы менен кызматташуусу  Европа-Кавказ-Азия коридорун өнүктүрүү боюнча эл аралык транспорт жөнүндө Негизги көп тараптуу макулдашуунун алкагында ишке ашат. .

Уюм менен кызматташуу Кыргыз Республикасына төмөндөгүдөй   үзүр берет:

транспорт маселелери боюнча кызматкерлерди окутуу жана адистигин жогорулатуу;

  • айрым долбоорлор боюнча донордук жардам алуу;
  • Кыргыз Республикасынын транспорт тармагын өркүндөтүү боюнча кеңеш жана сунуштарды берүү.

Негизги  басым Кыргыз Республикасынын коридорлордун эл аралык тармагына акырындап интеграцияланышы менен мультимодалдык жүк ташуулардын туруктуу инфраструктуралык чынжырын түзүүгө жасалат.

Жолчулардын Өкмөттөр аралык Кеңеши  (ЖӨК).

 

ЖӨКтүн максаты жана милдеттери

Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу, кайра куруу жана пайдалануу жаатындагы кызматташтыкты координациялоо жана автомобиль жолдорунун тармактарын жана жол курулуштарын өркүндөтүү максатында 1992-жылы Жолчулардын кеңеши түзүлгөн.

1998-жылдын 11-сентябрындагы Экономикалык биримдиктин Мамлекеттер аралык экономикалык комитеттин Президиумунун чечимине ылайык ага КМШнын өкмөттөр аралык органынын статусу берилген жана ал Жолчулардын Өкмөттөр аралык  кеңеши деп аталат.  (ЖӨК).

ЖӨКтүн катышуучулары КМШга мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик башкаруу жана жол администрацияларынын органдары болуп эсептелет (министрликтер, ведомстволор, концерндер, корпорациялар ж.б.)

12-13 май,  1994-жылы ЖӨКтүн төртүнчү отурумунда (Алматы ш.) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын жол администрациясы ЖӨКкө мүчөлөккө алынган.

  

       2017-жылга интеграция боюнча маалымат

ЕАЭБге киргенге чейинки жана киргенден кийинки салыштырып талдоону жүргүзүүдө (2014-2016-жылдарды салыштыруу статистикасы) Биримдиктин алкагында жүктөрдүн көлөмүнүн дээрлик жогорулаганы көрүнөт.

Жүктөрдү ташуунун өсүү динамикасы Кыргыз Республикасына шериктеш өлкөлөрдүн экономикалык өсүшү менен түшүндүрүлөт, тактап айтканда, Россияда жана Казакстанда. Ошондой эле, 2017-жылдын 2-мартынан киргизилген “Темир жол транспортунун кызматына жеткиликтүүлүктү жөнгө салуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасы менен Казак Республикасынын ортосундагы Макулдашуунун талаптарына ылайык.

Кыргыз жана чет өлкөлүк авиакомпаниялардын жүргүнчүлөрдү ташуу санынын көбөйгөнү учуу географиясынын кеңейгенине, жаңы багыттардын ачылышына, иштеп турган маршруттар боюнча рейстердин санынын көбөйгөнүнө байланыштуу болууда.

Мыйзамды шайкеш келтирүү боюнча жасалган иштер

  1. 2016-жылы “Темир жолу транспорту жөнүндө” КРнын жаңы Мыйзамы кабыл алынган;

 

 

  1. Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда темир жол транспортунун кызматына жеткиликтүүлүктү жөнгө салуу тартибин колдонуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлган, анын ичинде тарифтик саясат, ал Казак Республикасынын транзиттик тарифтин ордуна унификацияланган тарифти колдонушун караштырат.
  2. Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөр киргизилди, бул Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда каботаждык жүк ташууларды аткарууга мүмкүнчүлүк берет (кооптуу жүктөрдөн сырткары). Мыйзам 2017-жылдын 28-апрелинде кабыл алынган.
  3. Белорусь Республикасы, Армения жана Россия Федерациясы менен эл аралык автомобиль каттамдары жөнүндө эл аралык макулдашууларды ылайык келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
  4. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участкасында транспорттук контроль алып салынды жана транспорттук контролдун ички стационардык постторуна которулду.
  5. Кыргыз Республикасы ЕАЭБдин тышкы чек арасында транспорттук (автомобиль) контролду ишке ашыруу жөнүндө, “Электрондук транспорттук контроль” автоматташкан маалымат системасы тууралуу Макулдашууга кошулду.

    Техникалык маселелер боюнча

“Темир жолдун кыймылдуу составынын коопсуздугу жөнүндө” жана “Темир жол транспортунун инфраструктурасынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенттердин ченемдерин киргизүү максатында  «Кыргыз темир жолу» УК” МИнин алдында сыноо борбору түзүлгөн, азыркы учурда, аны жабдуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Проведено оснащение четырех пунктов пропуска «Манас», «Ош», «Торгугарт», «Иркештам»  4 өткөрүү пунктарын жабдуу жүргүзүлдү.

Үстүбүздөгү жылы, бюджеттик каражаттардын эсебинен 8 өткөрүү пункту курула баштады, кыргыз-казак чек арасындагы  өткөрүү пунктарын калыбына келтирүү жана курууда  «Токмок-автожолу»  жана  «Кен-Булун – автожолу» пункттарында иштер аяктады, «Ак-Тилек-автожолу»  жана  «Чалдовар – автожолу» эки пункту аяктоо стадиясында турат.

Координацияланган транспорттук саясаттын Негизги багыттарын аткаруу боюнча  “Жол картасы” кыска мөөнөткө, орто мөөнөткө жана узак мөөнөткө аныктоо менен түзүлдү.

Азыркы учурда эксперттер  ЕАЭБдин ички рыногунда транспорттук чөйрөдө тоскоолдуктарды жоюу жана идентификациялоо боюнча иштеп жатышат жана макулдашылган, макулдашылбаган тоскоолдуктардын тизмесин аныкташат.