mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2023-жылдын 24-январына карата өлкөнүн автоунаа жолдорунда унаалардын бардык түрлөрү үчүн эч кандай чектөөлөр жок.

Кыргызгидромет билдиргендей, 2023-жылдын 24-январында өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр.

2023-жылдын 23-январында жааган кардан кийин Сары-Таш-Карамык унаа жолунда кар күрткүлөрү пайда болуп, автогрейдер менен түндө тазаланган. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Түзбел ашуусунда аба ырайы ачык болуп, катуу шамал жүрүп жатат. Талдык жана Тоң-Мурун ашууларындагы өтмөк унаалар үчүн ачык.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 293-чакырымынан 297-чакырымына чейин жана Солтон-Сары-Кичи-Кара-Кужур унаа жолунун 1-2-чакырымына чейинки аралыкта көпүрөнүн муз тоңгон жерлерин КР ТжКМге караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №41 ДЭП кызматкерлери кол менен тазалап, тайгалоого каршы инерттүү материал менен толтурулган.

Өтмөк, Төө-Ашуу, Чапчыма, Чыйырчык, Долон, Чар, Акбейит, Торугарт, Кувакы, Кызарт, Карагоо, Чоң-Ашуу сыяктуу бардык ашууларда жана суу өткөргүчтөрүнө жакындоо жана тайгакка каршы инерттүү материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.

24-январга карата бардык жогоруда аталган жана башка жолдор ачык, жол кызматкерлери жолдорду кардан жана муздан тазалоо иштерин улантууда.

Аба ырайынын ыңгайсыз шарттарына байланыштуу ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жасалма тыгындарды жаратпоо үчүн жайкы дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырууну, ынтымакта болууну жана жасалма тыгындарды болтурбоо максатында ашууларда каршы тилкеге чыкпоону сунуштайбыз.

Ошондой эле КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн жалпак жерлердеги кардын чынжырларын алып салуу керек. Мындан тышкары, өтмөктөрдөн өтүүдө көйгөйлөр жаралбашы үчүн жолго чыгаар алдында унаалардын техникалык абалын текшерүү зарыл экендигин эскертебиз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы