mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү оңдолууда

Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү оңдолууда. Бүгүнкү күндө жумуштар жалпы 4 чакырым аралыгында жүрүп, кеңейтүү иштери дагы аткарылып жатат.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 23-мартында Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарына барып, калаанын борбордук көчөсүндө жүрүп жаткан оңдоо иштеринен кабар алган.

Ведомство жетекчиси сапатына өзгөчө көңүл буруу менен жайкы сезонго чейин асфальт төшөө иштерин аягына чыгарууну тапшырган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы