Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды
- 115 просм.
Бишкек-Ош унаа жолундагы Сосновка (саат 09:20) жана Арал (саат 08:30) постторунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды. Ал эми Суусамыр-Талас-Тараз жолунун 60-чакырымында (Өтмөк ашуусу) оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө азырынча күчүндө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы