Нарын облусу: Кында ашуусу апрелде ачылат
- 51 просм.
Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолунун 33-100-чакырымдар аралыгында кар көчкү жана кар күрткү тазалоо иштери жүрүүдө. Жумуштар аймакты караган № 20 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат. Тазалоо иштерине 1 даана автогрейдер жана 1 даана бульдозер тартылган. Бүгүнкү күндө жолдун 66-чакырымында иштер уланып, 1-апрелде каттамды ачуу аракети көрүлүүдө.
Белгилей кетсек, аба ырайынын катаал шарттарына байланыштуу Ат-Башы-Кында-Торугарт жолундагы Кында ашуусу жыл сайын ноябрь айынан апрелге дейре жабык болот.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы