Министр Нарындагы Шералиев көчөсүн оңдоо иштеринен кабар алып, жергиликтүү тургундардын суроо-талабын укту
- 33 просм.
22-мартта Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ж. Шералиев көчөсүн оңдоо иштеринен кабар алып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Шаар тургундарынын суроо-талабын уккан министр Абсаттар Сыргабаев жол тармагынын жооптуу кызматкерлерине жол курууда сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Ошондой эле ведомство жетекчиси элдин пикирин эске алып, ыңгайлуу шарт түзүү максатында долбоордун айрым жерлерине өзгөртүү киргизүү тапшырмасын койду.
Буга чейин жергиликтүү тургундар курулуш иштерине байланыштуу Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевге социалдык тармактар аркылуу кайрылуу жолдошкон.
Белгилей кетсек, Нарын шаарынын Ж. Шералиев көчөсүнө 2 чакырымдан ашык асфальт төшөлөт. Аталган жолдун курулушу «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасына караштуу №1 Жол куруу башкармалыгынын аткаруусунда жана «Бета Груп» ЖЧК менен биргеликте ишке ашырылууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы