Жол тегиздөө иштери уланууда
- 59 просм.
Өлкө аймагындагы убактылуу кароодогу шагыл жолдорду жаан-чачындан кийинки калыбына келтирүү үчүн сүрүп, тегиздөө иштери тынымсыз уланууда.
Чүй районунун Чапаев-Кегети-Арпатектир автожолунун 6,5-14 чакырымдар аралыгында жана Кегети–Восточный-Каракол автожолунун 4 чакырымын тегиздөө иштери аткарылып бүтүп, бүгүнкү күндө Калыгул айылынан мектеп-интернатына барчу жолдун 2 чакырымын тегиздөө иштери жүрүүдө.
Кочкор районунун Кочкор-Коммунизм унаа жолунун 21-39 чакырымдар аралыгында кырып тегиздөө иштери аткарылууда.
Ушундай эле жол иштери Киров-Өрнөк-Дөдөмөл авто жолунун 1-23 чакырымдар аралыгында да уланууда.
Сүрүп, тегиздөө иштери менен катар асфальт жолдун жээгин авто грейдердин жардамы менен бекемдөө эл аралык маанидеги Тараз-Талас-Суусамыр авто жолунун 74-82 чакырым аралыгында жана Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолунун 18-58 чакырымдар аралыгында жүрүүдө.
Жогоруда аталган калыбына келтирүү иштери жаан-чачындан улам жана муктаждыгына жараша Жол тейлөө ишканалары тарабынан жүргүзүлүп жатат.
Министрликтин маалымат кызматы