mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол жээгинде көчөт отургузуу иштери жүрүүдө

“Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканалары тарабынан көчөт отургузуу иштери кызуу жүрүүдө.

Алсак, узап кеткен апта аягында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 71-72-чакырымдар аралыгына 300 даана көчөт тигилди. Ошондой эле, аталган жолдун 105тен 107-чакырымына чейин жана Дорожный-Чолок-Боомдун 0-1-чакырымдар аралыгына жалпысынан 500 даана көчөт отургузулду.

Жол жээгин жашылдандыруу иштери Военно-Антоновка-Үчхоз, Киркомстром-Жал-Аламүдүн, Ош-Баткен-Раззаков, Бишкек-Ош, Кара-Суу-Отуз-Адыр-Кең-Сай жана башка жети дубан жолдорунда жүрүүдө. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы