Жашыл Мурас: Жол жээгине көчөт отургузуу иштери уланууда
- 45 просм.
“Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында жол жээгине көчөт отургузуу иштери уланууда. Узап кеткен аптада № 9 Жол тейлөө ишканасы (ЖТИ) тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунун 75-чакырымына 300 даана көчөт тигилди. Ал эми Дорожный-Чолок-Боом жолунун 0-1-чакырымдар аралыгына жалпы 400 көчөт отургузулду.
Ушундай эле иштер № 6 ЖТИ тарабынан Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунда (54-чакырымы) жүрүп, 150 даана кайың, 150 даана терек көчөтү тигилди.
Жол жээгин жашылдандыруу иштери Военно-Антоновка-Үчхоз, Полтавка-Беш-Терек, Ош-Баткен-Раззаков жолдорунда да жүрдү.
Белгилей кетсек, “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында көчөт отургузуу жумуштары бардык аймактарда уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы