mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ашууларда кар. Жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.

“Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.

Ал эми Бишкек-Ош жолундагы Сосновка (саат 22:30дан тарта) постунда жана Суусамыр-Талас-Тараз жолунун 60-чакырымында (Өтмөк ашуусу, саат 23:30дан тарта) оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө азырынча күчүндө турат. Жеңил унааларга каттам бар.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы