mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жыл сайын — 24 саат бою «Кыргыз темир жолунун» поездеринин дөңгөлөгүнүн тыкылдаган добушу токтобойт

Кыргыз темир жолу өзүнүн 95 жылдык мааракесин майрамдап жатат. Учурда 5 миң адамдан турган бирдиктүү команда темир жолдун үзгүлтүксүз ишмердүүлүгүн камсыз кылып келет. 2019-жылдын 6 айында 166 миңден ашык жүргүнчү ташылып жеткирилди, бул деген өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21 миң жүргүнчүгө көптүк кылат. Айрыкча ички каттамдарда жүргүнчүлөрдүн саны өстү.
Быйыл жарым жыл ичинде 2 853,7 миң тоннадан ашык жүк ташылды.
“Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын” алкагында “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасын санариптештирүү максатында атайын өзүнчө иш-чаралар кабыл алынган. Аталган Концепциянын “Жол картасынын” алкагында Мамлекеттик бажы кызматы жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасына кошулуу ийгиликтүү ишке ашырылды.

Мына ушул ийгиликтердин артында жөнөкөй темир жолчулар, машинисттер, узатуучулар, инженерлер, жана ар кандай жумушчу кесиптин ээлери турат.

Бүгүн темир жолчулар клубунда майрамдык иш-чара болуп, ага Кыргыз Өкмөтүнөн, КРнын транспорт жана жол министрлигинен өкүлдөр катышты. 2 Өкмөттүк сыйлык, 19 министрликтин Ардак грамотасы жана 12 “Ардактуу темир жолчу” медальы тапшырылды.

Ведомстволук сыйлыктарды кошкондо жалпысынан 127 адам медальдар менен сыйланышты.