mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жумушчу сапарына барды

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин орун басары Б. Бердалиев 2020-жылдын 16-февралында»Бишкек-Ош авомобиль жолун калыбына келтирүү, IV Фаза» долбоордук участогу болгон Маданият айылынын жолунан Жалал-Абад шаарынын жолуна чейинки узундугу 67 чм. болгон жолду жумушчу кыдырып көрдү. Анын курулуш участогуна келиши менен «Азвирт» ООО подряддык компаниясынын, «Ренардет» кещешчилик компаниясынын, субподрядчик жана Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин аймактык өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү менен кещешме болуп өттү. Анын жыйынтыгында Подрядчыга жолду кармоо боюнча иштиктүү аракеттерди жасоо жана коопсуздукту талаптагы дещгээлде камсыз кылуу, ошондой эле, суу өткөрүүчү түтүктөрдү курууну сугат сезонуна чейин бүткөрүү, көпүрөлөрдү курууну 517+680, 538+300 жана 572+400-чакырымдарда жумуштун графигине ылайык бүткөрүү тапшырылды. Ошону менен бирге жер иштерин жүргүзүү темпин күчөтүү, долбоордук участканын бардык жеринде толук масштабдуу иштерди баштоо милдеттендирилди.
Справка иретинде:
Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлиги жана ООО «Азвирт» компаниясы БАРЭК 3 Транспорттук коридорунун (Бишкек-Ош автожолу) IV фаза, Маданият — Джалал-Абад участкасын (507,5 — 574,5 чм.) калыбына келтирүү боюнча келишимге кол коюшту, Келишимге ылайык курулуш иштеринин бүтүшү менен автомобиль жолу төмөнкүдөй техникалык параметрлерге ээ болот:
калктуу пункттарда 4 тилкелүү жана калктту пункттардан сыртта 2 тилкелүү;
— жолдун туурасы – 3,5 — 3,75 метр;
— октук басымдын эсеби — 11,5 тонна;
— калктуу пункттардагы тротуарларды, жарыктандыруу жана суу өткөрүүчү лотоктор орнотуу;
— эски аялдамаларды калыбына келтирүү жана жаңыларын куруу;
— 36 миң даана көчөттөрдү олтургузуу.
Басма сөз кызматы