mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жумгал райондук №24- жол тейлѳѳ мекемесинин 2019-жыл региондорду ѳнүктүрүү жана ѳлкѳнү санариптештирүү жылынын алкагында бир топ иштер аткарылды

Жумгал райондук №24- жол тейлѳѳ мекемесинин 2019-жыл региондорду ѳнүктүрүү жана ѳлкѳнү санариптештирүү жылынын алкагында бир топ иштер аткарылды
Жумгал райондук №24- жол тейлѳѳ мекемесинин 2019-жыл региондорду ѳнүктүрүү жана ѳлкѳнү санариптештирүү жылынын алкагында мекеменин айлана-тегерегин иретке келтирип, тосмолор орнотулуп, акталып сырдалды жана мекеменин алдына ийне жалбырактуу карагайдын, алманын жана түрдүү роза гүлүнүн кѳчѳттѳрү отургузулду жана жашыл газондун уругу себилди. Ошондой эле мекеменин кенсесине жана гараждын ичи-сыртына жалпы 6 видео кѳзѳмѳл орнотулду. №24- жол тейлѳѳ мекемесинин Арал-Мин-Куш жолунун Сары-Булун-Мин-Куш участкасы учурдагы ондоодон ѳткѳрүлдү жана жалпы мекемеге тиешелүү жол белгилери акталып-сырдалып бүткѳрүлдү. Эки автопавильон жеринен кайра жаныртылып салынды. Бүгүнкү күндѳ Дыйкан-Кара-Кече жолунун ремонт иштери журуп жатат. Дыйкан-Кара-Кече жолунда 2 автогрейдер, 1 мехпогрузчик, 1 автосамосвал жана 6 жол жумушчу иштеп жатат. Дыйкан-Кара-Кече жолунун 27-32- чакырымына 5 чакырым жолго орто ондоо жумушу каралган буйруса июнь-июль айлары менен бүткѳрүлѳт.
Пресс-кызмат