mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жолдорду ирээтке келтирүү иштери уланууда

Бүгүнкү күнгө карата Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тарабынан аткарылган иштердин кыскача түрмөгү.
Бишкек-Ош унаа жолунун 315-427-чакырымында кышында камдалган инерттик материалдардын калдыктарын жана арыктагы таштандыларды тазалоо, кооптуулук жараткан жана куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу менен жолдогу аң-чөнтөктөрдү оңдоп-түзөөгө даярдыктар көрүлүүдө.
Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолундагы Чапчыма ашуусунун 65-80- чакырымында жолду кардан тазалоо жумуштары аткарылууда.
Ал эми Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолуна Тянь-Шань карагайынын көчөтү отургузулуп жатат.
Ошондой эле, № 26 ЖТИси тейлеген Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун «Тамчы» участкасында автогрейдер менен жолду тазалоо жумуштары жүрүүдө.
Үч-Коргон унаа жолунда жолду профилдөө жана тегиздөө иштери башталды.
Мындан тышкары, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунда аң-чөнтөктөрдү кесүү жана казып даярдоо иштери аткарылып жатат.
Белгилей кетсек, аймактарды тейлеген жолчулар кышында камдалган инерттик материалдардын калдыктарын кампага ташуу, таштандыларды тазалоо, кооптуулук жараткан жана куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, аң-чөнөктөрдү толтуруу, жолго чыккан сууларды буруу, шагыл, кара шагыл төгүп тегиздөө жана жолду кеңейтүү иштери менен алек.
КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы