mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жолдорду ирээтке келтирүү иштери кызуу жүрүүдө

Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолундагы жол элементтери акталып, сырдалды.

Токмок-Кошой жолунун 9-15-чакырым аралыгында жаралган аң-чөнөктөрдү жамоо иштерине даярдыктар көрүлүүдө.

Үч-Терек-Өзгөрүш унаа жолунун 0-71-чакырым аралыгын тегиздөө жумуштары жүрүүдө.

Кербен-Үч-Коргон-ГЭС унаа жолунун 60,5-61-чакырым аралыгында асфальт төшөө жумуштары аяктады.

Өлкө аймагында жолдорду ирээтке келтирүү, таштандыларды тазалоо, кооптуулук жараткан жана куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, аң-чөнөктөрдү толтуруу, жолго чыккан сууларды буруу, шагыл, кара шагыл төгүп тегиздөө, жолду кеңейтүү жана быйылкы жылы планга кирген жолдорго асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы