mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жолдорду ирээтке келтирүү иштери кызуу жүрүүдө

17-апрелге карата аткарылган иштер:

№25 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан Чоң-Арык-Ала-Арча жолундагы жол белгилер алмаштырылып, унаа токтотуучу жайлар таштандыдан тазаланды.

Токмок-Кошой (2 км) жана Аламүдүн-Арашан-Кой-Таш унаа жолдорунда жаралган аң-чөнөктөрдү толтуруу иштерине даярдыктар көрүлүүдө.

Тараз-Покровка-Кайыңды унаа жолунун 9,5-11-чакырым аралыгындагы жол четиндеги тосмолор, аялдамалар акталып, сырдалды.

Эл аралык маанидеги Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунун 63-65-чакырым аралыгында аң-чөнөктөрдү толтуруу иштерине даярдыктар көрүлүүдө.

Нарын шаарынын ички көчөлөрүн оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат. №41 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн калаанын жолдоруна асфальт төшөө иштерине даярдык көрүп жатышат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы