mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

ЖОЛДОР

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УНАА ЖОЛДОРУ ТУУРАЛУУ ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2023-жылдын 22-майы № 104

Автомобиль жолдору жөнүндө

Автомобиль жолу — транспорт каражаттарынын ченемдик укуктук актылар менен аныкталуучу белгиленген ылдамдыктар, жүктөр жана габариттер менен коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүн камсыз кылууга арналган жана өзүнө автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесинин жана жол жээгиндеги тилкесинин (транспорт жерлеринин) чектериндеги жер участокторун, алардын үстүндө же алардын астында жайгашкан конструкциялык элементтерди (жол полотносу, жол каттамы жана ушул сыяктуу элементтер), анын технологиялык бөлүгү болуп саналган жол курулмаларын жана алардын үстүндөгү аба мейкиндигин камтыган транспорттук инфратүзүм объектиси;

Ѳлкѳдѳгү автомобиль жолдорунун жалпы узундугу 34 000 чакырымды түзѳт.

Анын ичинен Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 18 961,93 чакырым жолду тейлесе, 15 190 чакырым жол шаарлардын, айылдардын, айыл чарба, ѳнѳр жай жана башка мекемелердин карамагында.

Эл аралык маанидеги автомобиль жолдорунун узундугу 4 306 чакырымды,

Мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунун узундугу 5 839 чакырымды,

Жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорунун узундугу 8 816 чакырымды түзѳт.

Кыргыз Республикасынын жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун өнүктүрүүсүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти жүргүзөт.

Ал эми “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын негизги максаты жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун, аэропорттордун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду) учурдагы оңдоо жана күтүү боюнча буюртманы аткаруу жана өнүккөн жол тармагынын участокторунда автотранспорт каражаттарынын үзгүлтүксүз жана коопсуз жүрүшүн камсыз кылууда мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын муктаждыктарын канааттандыруу болуп саналат.

Жалпы пайдалануудагы автожолдорду оңдоп-түзѳѳ жана кармоо иштерин 57 жол тейлѳѳ ишканалары (ДЭП) жүргүзөт.