mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол-транспорт коопсуздугун көзөмөлдөгөн башкармалык түзүлдү. Анын милдеттери кандай?

Жол-транспорт коопсуздугун көзөмөлдөгөн башкармалык түзүлдү. Анын милдеттери кандай?

Башкармалык жакында эле түзүлгөн. Ведомство техникалык регламенттердин сакталышына басым жасайт.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Жол-транспорт коопсуздугун көзөмөлдөө жана күзөтүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлсада Ибраимова ведомствонун милдеттери боюнча айтып берди.

Минтранс: «Биздин башкармалыктын негизги милдети — ЕАЭБ талап кылган техникалык регламенттердин бузулушун алдын алуу жана токтотуу.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Жол-транспорт коопсуздугун көзөмөлдөө жана күзөтүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлсада Ибраимова Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги брифингге катышкан.

Алгач сөздү министрликтин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов алды. Анын айтымында, бул башкармалык жакында эле түзүлгөн.

«Биздин башкармалыктын негизги милдети — ЕАЭБ талап кылган техникалык регламенттердин бузулушун алдын алуу жана токтотуу. Кыргызстан боюнча 50гө жакын техрегламент бар, анын сегизи Транспорт министрлигине бекитилген», — деди Ибраимова.

Жетекчинин айтымында, бул регламенттер жолдогу коопсуздукка, дөңгөлөк менен жүргөн транспортторго, темир жол транспортуна, айыл чарба техникаларына, кемелерге жана инфраструктуранын бир катар түрлөрүнө тиешелүү. Адис белгилегендей, техникалык регламент — бул продукцияга коюлган талаптар жазылган документ. Ал элдин ден соолугун жана мүлкүн коргоо үчүн керек.

Мындан тышкары, Ибраимова башкармалык суу транспортторуна дагы техникалык көзөмөл жүргүзөрүн айтты. Реестрде 500гө жакын суу транспорту бар жана алар жыл сайын текшерүүдөн өткөрүлүп турушу керек.

Транспорт министрлигинин маалымат кызматы башкармалыктын башка дагы функцияларын санап берди:

— Жалпы колдонуу үчүн жаңы салынып жаткан, оңдолуп жаткан жана эксплуатацияга берилип жаткан автоунаа жолдоруна көзөмөл кылуу;

— Министрликтин компетенциясына жараша ЕАЭБдин техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү жана алымча-кошумчаларды киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

— Өзүнүн милдеттери боюнча нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун министрлер кабинетинин кароосуна жөнөтүү.

 

КР ТжКМ басма сөз кызматы