mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

«Жол тармагы – көйгөйлөрү жана келечеги»

Бардыгына белгилүү болгондой, 1997-жылы биздин республика автомобиль жолдорун куруу жана калыбына келтирүү үчүн зор финансы ресурстарын жана күчүн жумшап жатат. Ошол эле учурда жол тармагын реформалоо боюнча күчтөр обьективдүү жана субьективдүү себептерден улам жетишсиз болгон. Азыркы күндө биздин республика эл аралык транспорттук коридорлорду калыбына келтирүүнү иш жүзүндө аяктады. Ошону менен бирге жетишилген натыйжаларды сактоо боюнча башкарууну  андан ары сапаттуу өзгөртүү, биздин республиканын экономикасы үчүн зарыл болуп эсептелет. Министрлик республиканын эл аралык тажрыйбасын жана мыйзам чыгаруу базасын эсепке алуу менен жол тармагын талдоонун натыйжасы боюнча жол тармагын башкаруу жана каржылоо системасын реформалоо боюнча сунуштарды даярдады. Конференциянын алкагында министрлик даярдаган сунуштар талкууланат.

Башкаруу системасын автомобиль жолдорун оңдоп-түзөө жана тейлөө боюнча мамлекеттик ишканаларды түзүү аркылуу реформалоо пландаштырылууда.  Иштеп турган жол-пайдалануу мекемелеринин базасында мамлекеттик ишканаларды түзүү “Тапшырыкчы-Шарт менен иштөөчү-Көзөмөл боюнча инженер” системасын киргизүүгө багытталган. Тапшырыкчынын жана жумушту аткаруучунун функцияларын бөлүштүрүү —  автомобиль жолдорун оңдоп-түзөө жана тейлөө боюнча жумуштарды пландаштырууда, жүргүзүүдө жана кабыл алууда кызыкчылыктардын конфликттин жоет, бул коррупциялык тобокелчиликти минимализациялоого жана жол тармагын башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Башкаруу системасын өзгөртүү башкаруунун рыноктук принциптерин киргизүү зарылдыгы менен түшүндүрүлөт, анткени өз ара мамилелер макулдашуунун негизинде курулат, ал эми  тараптардын жоопкерчилиги  өз-өзүнчө жазылып бөлүштүрүлгөн.

Ошону менен, биз жол тармагын башкаруу системасына алдыңкы эл аралык тажрыйбаны киргизүүнү каалайбыз.

Министрликтин ишинин  негизги стратегиялык багыттары боюнча төмөнкү пилоттук долбоорлор ишке ашырылат:

— Натыйжасына багытталган контракттар боюнча – Бишкек-Ош  автожолунун 61 ден  129 км ге чейинки участкасын жеке компанияга тейлөөгө өткөрүп берүү;

— мамлекеттик-жеке шериктештикти өнүктүрүү боюнча – Өзгөн ш. айланма жолун куруу боюнча пилоттук долбоордун ТЭНи иштелип чыгууда;

— жол тармагын башкаруу системасын реформалоо боюнча —  пилоттук долбоор катары Чүй облусунун мамлекеттик ишканасын түзүү пландаштырылууда, ага жол-пайдалануу мекемелери филиалдар катары кирет.