mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол кызматкерлери жолдорду кардан тазалап жатышат жана ошондой эле жазгы оңдоо иштери да башталды

Кыргызгидромет билдиргендей, 2023-жылдын 2-мартында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу автожолдордо кар күрткүсү, кар жаайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метр. Чүй облусунда күндүз +12…+17; Таласта +12…+17; Баткен облусунда +13…+18; Ош, Жалал-Абад облустарында +13…+18; Ысык-Көлдө +4…+9, Нарында 0…-5.

«Кыргызавтожол» МИнин №4 ЖТИнын кызматкерлери тарабынан Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунда, Сөөк ашуусунда жана Сөөк-Каракол унаа жолунда кар күрткүлөрүн тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул жерде да аң-чөнөктөрдү жамоо  иштер жүрүп жатат.

Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолунун 125-чакырымында жол лотокторун, белгилерди жана жарык берүүчү чагылткычтардын пленкаларын тазалоо иштери жүрүп жатат.

Көк-Бел ашуусунда Бишкек-Ош унаа жолунун 315-чакырымынан 427-чакырымына чейинки бөлүгүнө инерттүү материал себилип, таштар да тазаланып, жолдун жанындагы бутактары кыркылып, трассада пайда болгон тешиктер ысык битум менен толтурулуп  жатат.

№23 жол тейлөө ишканасы тарабынан Ала-Бел ашуусундагы 209-228-чакырымдары жана Торкент-Толук-Сары-Камыш унаа жолунун 20-86-чакырымдары кар күрткүлөрүнөн тазаланды.Бишкек-Ош унаа жолу эки тарапка ачык.

Ошондой эле Төө-Ашуу ашуусунда, жолдун айрым участокторунда, 135, 208, 224, 246, 247, 251, 255-чакырымдарында кар көчкү түшүшү мүмкүн.

Көк-Мойнок-Кубакы унаа жолунун 0-26-чакырымында No955 ЖТИнын  кызматкерлери тарабынан тайгалактан сактоочу материал менен толуктоо иштери жүрүп, каттам унаа кыймылы үчүн ачык.

2023-жылдын 2-мартында Өтмөк, Чапчыма, Чыйырчык, Чар, Акбейит, Торугарт, Кызарт жана Карагоо сыяктуу башка ашууларда аба ырайы ачык, бул жерде ЖТИнын  кызматкерлери жолдорду  кеңейтүү, суу өткөргүчтөрүнө жакын жердеги муздарды жаруу , кургатылган эски бутактарды кесип, жолдун жээгиндеги таштандыларды жана таштарды тазалоо, ошондой эле муз баскан жерлерде тайгакка каршы инерттүү материалдар менен толтуруу иштери аткарылууда.

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн жалпак жерлердеги кардын чынжырларын алып салуу керек.

Мындан тышкары, узак жолдорго чыгаар алдында көйгөйлөр жаралбашы үчүн унаалардын техникалык абалын текшерүү зарыл экендигин эскертебиз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы