mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол инфраструктурасынын ар кандай элементтерин уурдоо мамлекеттик мүлккө олуттуу зыян келтирет жана жол долбоорлорун ишке ашырууга тартылган чет элдик кадрлардын алдында мамлекеттин беделине терс таасирин тийгизет.

Жол инфраструктурасынын элементтеринин коопсуздугун камсыздоого укук коргоо органдарынын көңүлүн бурууну суранабыз. Мындай өтүнүч менен Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун укук коргоо органдарына Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун 1-фазасынын Жалал-Абад-Казарман долбоору боюнча Подрядчы China Road British and Coporation компаниясы кайрылат. Кеп Жалал-Абад-Казарман альтернативдик Түндүк-Түштүк автожолунун 1-фазасында, тактап айтканда, айылдын аймагында, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Калмак Кырчын айылында 364+121-чакырымдагы көпүрөнүн темир ийри сызыктуу тосмосу уурдалгандыгы жөнүндө болуп жатат. Тиешелүү билдирүү 2021-жылдын 2-декабрында Сузак РИИБге тосмо элементин уурдоо фактысы боюнча «Чайна Роуд Бритиш энд Копорейшн» компаниясынын подрядчики тарабынан жөнөтүлгөн. Ал долбоордун 338-чакырымынан 408-чакырымга чейинки бөлүгүндө аткарылып жаткан иштердин коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүүнү суранды, бул жерде жолдун ар кандай элементтерин уурдоо дайыма катталып турат.
Белгилей кетсек,Тапшырыкчы менен Подрядчынын ортосундагы келишимдин шарттарына ылайык, жогоруда аталган долбоордук участок жергиликтүү ДЭУга өткөрүлүп берилген жана Подрядчы кошумча төлөмсүз келтирилген зыянды калыбына келтирүүгө ниеттенбейт. Келтирилген чыгым болжол менен 250 миң сомду түзөт.

Бул жагдайды эске алуу менен, подрядчы Жалал-Абад облусунун Сузак районунун укук коргоо органдарына дагы бир жолу өзгөчө көзөмөлгө алуу өтүнүчү менен кайрылат, анткени мындай уурулук мамлекеттик мүлккө олуттуу зыян келтирип, мамлекеттин аброюна терс таасирин тийгизет жана жол долбоорлорун ишке ашырууга тартылган чет элдик кадрлардын алдында мамлекеттин имиджине доо кетирет.