mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол белгилери өмүрдү сактайт! Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдында жол белгилерин чыгарган цех ачылды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинде жол белгилерин чыгарган цех өз ишин баштады. Анын ачылышына Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев баштаган мекеме жетекчилери катышты.

Министр буга чейин жол белгилерин жеке компаниялар чыгарып келсе, мындан ары мекеме өзү чыгарууга кудурети жетерин билдирип, биринчи кезекте сапатына өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

Белгилей кетсек, жол белгилерин чыгарган жабдуулардын бардыгы Россиядан алынып келинген. 31-марттан баштап ишин баштаган устакана күнүнө 200дөн ашык жол белгисин чыгара алат. Министрге маалымдалгандай, азыркы тапта алгачкы буюртмалар түшө баштады. 7-10 жылга чейин жарамдуу жол белгилеринин баасы тирөөчү менен жеке компаниялардан алганга салыштырмалуу кыйла арзан болот. Ошондой эле, цехти ачуу менен жаңы жумуш орундары түзүлүп, кызматкерлердин ден соолугуна да көңүл бурулары белгиленди.

Мындан тышкары, Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев жол курулушуна колдонулган материалдардын сапатын текшерген лабораторияга баш бакты. Жабдуулардын абалы, алардын иштеши тууралуу маалыматты уккан министр тиешелүү жетекчилерге курулуш материалдарын сыноодон өткөрүү белгиленген эрежеге ылайык жүргүзүлүп жатканын көзөмөлдөөнү тапшырды.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы