mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

ЖОБО

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 1-июлу № 55

 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө
ЖОБО

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 2552021-жылдын 24-декабрындагы № 345, 2022-жылдын 28-январындагы № 422022-жылдын 12-июлундагы № 3812023-жылдын 17-апрелиндеги № 201 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

  1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги (мындан ары — Министрлик) автомобиль, темир жол, электр жана суу транспорту, жолдор, анын ичинде аэропорттордун ички аэропорттук жолдору, аэродром элементтери (жасалма учуучу-конуучу тилке, буруучу жолчо жана перрон) (мындан ары — жол-транспорт комплекси) чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүүчү, ишке ашыруучу жана башкарууну ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 3812023-жылдын 17-апрелиндеги № 201 токтомдорунун редакциясына ылайык)

  1. Министрлик Министрликтин карамагында турган ведомстволук бөлүмдөрдүн жана мамлекеттик ишканалардын ишин координациялайт жана контролдойт.
  2. Министрлик өз ишинде Кыргыз РеспубликасынынКонституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тесмелерин, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
  3. Министрлик өз ишин башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар, мекемелер менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
  4. Министрлик Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерден келип чыккан милдеттенмелерди ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын темир жол жана жол администрациясы катары чыгат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. Министрлик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары, ошондой эле Казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери бар.
  2. Министрлик төмөнкүлөрдүн укук улантуучусу болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын суу транспорту жана сууда сүзүүчү каражаттар, темир жол транспорту, дөңгөлөктүү транспорт каражаттары, айыл чарба, токой чарба тракторлору жана алардын чиркегичтери чөйрөсүндөгү техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларынын.

  1. Министрликтин борбордук аппаратын, ведомстволук бөлүмдөрүн камсыздоого чыгымдар республикалык бюджеттин, атайын эсептин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен ишке ашырылат.
  2. Министрликтин толук аталышы:

— мамлекеттик тилде:

«Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги»;

— расмий тилде:

«Министерство транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики».

Кыскартылган аталышы:

— мамлекеттик тилде:

«ТКМ»;

— расмий тилде:

«МТК».

  1. Министрликтин юридикалык дареги: 720017, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 42.

2-глава. Министрликтин максаты

  1. Министрликтин ишинин негизги максаты болуп жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобиль, темир жол, суу транспорту менен ташуу боюнча транспорттук кызмат көрсөтүүлөр рыногун (аба транспорту чөйрөсүн кошпогондо) өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, автомобиль жолдорунун сакталышын камсыздоо жана жол-транспорт комплексин өнүктүрүү саналат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомунун редакциясына ылайык)

3-глава. Министрликтин негизги милдеттери

  1. Министрликтин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

— жол-транспорт комплекси жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу;

— жол-транспорт комплекси чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо;

— жол-транспорт комплекси чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо;

— автомобиль, темир жол жана суу транспорту менен коопсуз жана үзгүлтүксүз (үзгүлтүктүү) ташууларды камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу;

— жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун, аэропорттордун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду) куруу, күтүү жана техникалык абалын жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү;

— автомобиль, темир жолдорунун тармактарын түзүү, ошондой эле аларды эл аралык транспорттук коридорлор системасына интеграциялоо;

— жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз автомобилдик ташуулардын маршруттук тармагын түзүү, калктуу конуштарды автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташууну камсыздоо үчүн шарттарды түзүү;

— Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык автомобилдик каттам жөнүндө эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн эл аралык автомобилдик ташууларды, ошондой эле жүктөрдү ташууларды жөнгө салуу.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 3812023-жылдын 17-апрелиндеги № 201 токтомдорунун редакциясына ылайык)

4-глава. Министрликтин функциялары

  1. Министрлик төмөнкү функцияларды ишке ашырат:

1) тармактык саясат функциялары:

— бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте иштеп чыгат жана киргизет жана аны жүзөгө ашырат;

— жол-транспорт комплекси чөйрөлөрүндө өнүктүрүүнүн тармактык программаларынын, стратегиялык документтеринин, илимий-техникалык жана башка программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана белгиленген тартипте киргизет жана алардын аткарылышын камсыз кылат;

— ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет;

— компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгат жана жүктөлгөн ыйгарым укуктарына ылайык белгиленген тартипте кол коёт жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылат;

— өз компетенциясынын чегинде чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын билдирет жана коргойт;

— тейлеген тармагына ылайык укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрөт;

— мамлекеттин менчигинде турган объектилерди акционерлештирүүгө жана менчиктештирүүгө белгиленген тартипте катышат;

— ведомстволор аралык, финансылык жана башка өнүктүрүү пландарын иштеп чыгат;

— өз компетенциясынын чегинде тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жарандык коргонуу боюнча иш-чараларга даярдануунун мобилизациялык пландарын иштеп чыгат, ошондой эле мобилизациялык даярдыкты камсыздайт, ведомстволук бөлүмдөрүндө жана алардын аймактык бөлүнүштөрүндө бул ишти контролдойт жана координациялайт;

— өз компетенциясынын чегинде техникалык регламенттерди өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;

— Министрликтин компетенциясынын чегинде техникалык регламенттерди, эрежелерди жана башка ченемдик-техникалык документтерди, анын ичинде региондук жана эл аралык стандарттарды иштеп чыгууга катышат жана алардын аткарылышын камсыз кылат;

— ишинин негизги багыттары боюнча маалыматтык базаны түзөт;

— Министрликтин компетенциясынын чегинде долбоордук, изилдөө, илимий-изилдөө жана конструктордук иштерди уюштурат;

— тейлеген чөйрөлөрдү өнүктүрүү боюнча аналитикалык маалыматтарды жана сунуштарды даярдоо иштерин жүргүзөт;

— Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча мыйзамдардын талаптарынын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;

— тейлеген тармактарда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү киргизүү жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

— жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жасалма курулмаларды долбоорлоо, куруу, оңдоо жана күтүү боюнча иштерди каржылоого керектөөлөрдү белгиленген тартипте түзөт, алардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдойт;

— жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу, өткөрүү жөндөмүн жогорулатуу, транспорттук-эксплуатациялык абалын диагностикалоо жана баалоо, паспорттоштуруу боюнча чараларды көрөт;

— тейлөө объекттеринин долбоорлоо ченемдерине, курулуш пландарына жана аталган объекттерди жайгаштыруунун башкы схемаларына ылайык жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна тейлөө объекттерин жайгаштыруу, алардын ишин уюштуруу боюнча чараларды көрөт;

— жол тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо менен орто мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү келечекке жол тармагын өнүктүрүүнүн инвестициялык программаларын түзүүгө катышат, ошондой эле алардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана акы төлөнмө автомобиль жолдорун (участокторун) оңдоо жана күтүү боюнча иштерди уюштурат;

— жер участокторун акысыз пайдаланууну жана алып коюуну, анын ичинде сатып алуу жолу менен алып коюуну жана жер участокторун бекитип берүүнү, ошондой эле жол чарбасынын объекттерин курууну, автомобиль жолдорун жайгаштырууну, анын ичинде жер участокторунун жана анда жайгашкан кыймылсыз мүлктүн башка объекттеринин менчик ээлери жана укуктуу ээлери менен келишим түзүү максатында мамлекеттин муктаждыгы үчүн жерлерди же жер участокторун резервдөөнү камсыздоо, ошондой эле аталган жер участокторуна жана объекттерге тиешелүү укуктарды каттоо боюнча иштерди белгиленген тартипте жүзөгө ашырат;

— автомобиль жолдоруна аталыштарды жана идентификациялык номерлерди ыйгаруу, алардын узундугун эсептөө, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тизмесин түзүү, аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү жана өзгөртүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

— жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана алардагы жасалма курулмалардын техникалык-экономикалык эсептөөлөрүн, оңдоо, куруу, реконструкциялоо жана ченемдик күтүү боюнча иштерге долбоордук документтерди белгиленген тартипте иштеп чыгат;

— жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо, тизмесин түзүү, аталышын жана индекстерин ыйгаруу тартибин иштеп чыгат;

— жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоого жана күтүүгө жумшалуучу каржылоо ченемдерин иштеп чыгат;

— акы төлөнмө автомобиль жолдорун жана жасалма курулмаларды пайдалануунун тартибин жана шарттарын иштеп чыгат;

— жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкесинде сырткы (визуалдык) жарнама объектилерин жайгаштыруу эрежелерин иштеп чыгат;

— жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун мамлекеттик эсепке алат;

— акы төлөнмө автомобиль жолдорунун (участокторунун) курулушун жана пайдаланышын контролдойт;

— автомобиль жолдорун реконструкциялоодо, күтүүдө, учурдагы, орто аралык жана капиталдык оңдоодо аткарылуучу жумуштардын түрлөрүнүн классификацияларын бекитет;

— шаардын чет жакасындагы, шаар аралык автобустук маршруттарды, анын ичинен облустук ички автобустук каттамдарды белгиленген тартипте ачат жана жабат, ушул маршруттардын ырааттамасын жана схемасын иштеп чыгат жана берет;

— жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн шаардын жет жакасындагы жана шаар аралык үзгүлтүксүз автомобилдик ташуулардын маршруттук тармагын бекитет;

— автоташуучулардын жана станциялык курулмалардын, суу транспорт каражаттарынын реестрин (тизмесин) жүргүзөт;

— автомобиль транспортунда станциялык курулмаларды долбоорлоону, курууну жана кайра жайгаштырууну макулдашат;

— Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык автомобилдик каттамдар жаатындагы эл аралык келишимдерди ишке ашыруу максатында эл аралык автомобилдик ташууларды аткарууда чет мамлекеттин аймагынан өтүүгө, үчүнчү өлкөгө (дөн) (өлкөлөргө) (дөн) ташууларга, Кыргыз Республикасынын аймагынан өтүүгө уруксаттардын бланктарын алмашат жана уруксаттарды ата мекендик ташуучуларга берүүнү камсыз кылат;

— өз компетенциясынын чегинде автомобиль транспорту менен жүргүнчү жана жүк ташууларды уюштуруу, автотранспорт каражаттарын техникалык эксплуатациялоо, автотранспортто эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы, айдоочулардын иштөөсүн жана эс алуусун уюштуруу боюнча тармактык эрежелерди иштеп чыгат жана бекитет;

— белгиленген тартипте лицензияларды (автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү лицензияларды кошпогондо), сертификаттарды, уруксаттарды жана күбөлүктөрдү берет;

— тейлеген тармактарда эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден келип чыгуучу милдеттенмелердин аткарылышын камсыздайт;

— жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда үзгүлтүксүз жана коопсуз кыймылды камсыздоо боюнча иш-чараларды ишке ашырат;

— автомобиль жолдорунун транспорттук-эксплуатациялык көрсөткүчтөрүнүн сапатын, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун туруктуулугун, кызмат өтөө мөөнөтүн, өткөрүү жөндөмүн жогорулатууну камсыздайт;

— жол-транспорт комплексин өнүктүрүүгө багытталган жаңы өндүрүштүк-инновациялык технологияларды, стандарттарды киргизүү үчүн шарттарды түзөт;

— автомобиль, темир жол, электр жана суу транспорту, автомобиль жана темир жол жаатындагы Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнүктүрүү боюнча документтерин иштеп чыгат жана ишке ашырат;

— (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2) жөнгө салуу функциялары:

— жол-транспорт комплексинин инвестициялык процессин мамлекеттик жөнгө салууга жана инвестицияларды, анын ичинде чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүүгө катышат, ушул маселелер боюнча эл аралык финансылык жана башка уюмдар менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенет;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензияларды (автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү лицензияларды кошпогондо), уруксаттарды, сертификаттарды, күбөлүктөрдү берет, ошондой эле берилген уруксат документтеринин шарттарынын жана талаптарынын сакталышын контролдойт (мониторинг жүргүзөт);

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнмө автомобиль жолдору жана жасалма курулмалар боюнча өтүү үчүн жыйымдарды алуу боюнча тарифтерди жөнгө салат;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыйымдарды алууну камсыздайт;

— (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

— автомобиль транспорту чөйрөсүндө айдоочулардын иштөө жана эс алуу режимин жана линиядагы жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун иш графигин макулдашат;

— менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан станциялык курулмалардын кызматтарынын ишин жөнгө салат;

— жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн эл аралык автомобилдик ташууну жөнгө салат, аталган ташуулардын маршруттары боюнча кыймылдын ырааттамасын макулдашат, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык автомобиль каттамы жөнүндө эл аралык макулдашуулардын талаптарына ылайык жүктөрдү ташууну жөнгө салат;

— жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана жол жүгүн шаар аралык, шаардын чет жакасындагы жана шаардык автомобилдик ташууларды жөнгө салат, аталган маршруттар боюнча автобустардын кыймылынын схемаларын жана ырааттамаларын иштеп чыгат жана мыйзамдарда белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашат, автобустук маршруттарды тейлөө укугуна конкурстарды (тендерлерди) (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) уюштурат, өткөрөт жана ташуучуга бекитип берет;

— суу транспорту чөйрөсүндө бекитилген программа боюнча кемелерди башкаруу укугуна кеме айдоочулардын билимин текшерет, ошондой эле сүзүүчү каражаттардын техникалык абалына экспертиза жүргүзөт:

— суу транспортунун реестрин жүргүзөт, өзү жүрүүчү жана өзү жүрбөгөн кемелердин сууда сүзүү коопсуздугун, Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндөгү портторду, базаларды жана курулмаларды коопсуз эксплуатациялоону камсыздоо маселелери боюнча ишкердик субъекттердин ишин каттайт;

— Евразия экономикалык бирлигинин Техникалык регламентинин талаптарына жооп берген чакан кемелердин классификациясы жөнүндө күбөлүктөрдүн бирдиктүү реестрин жүргүзөт;

3) координациялоо функциялары:

— Министрликтин белгиленген иш чөйрөсүндө инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн координациялайт, мониторинг жүргүзөт жана контролдойт;

— илимий-изилдөө, долбоордук-технологиялык жана конструктордук иштерди уюштурат жана координациялайт, алардын натыйжаларын ишке киргизүүнү камсыздайт;

— мамлекеттик жарандык кызматчылардан тышкары, ведомстволук бөлүмдөрдүн жана алардын аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлерин аттестациялоодон өткөрөт;

— инфратүзүмдү куруу жана жайгаштыруу (имараттар, курулмалар, станциялык курулмалар, жүк терминалдары), жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун контролдонуучу зонасында карьерлерди иштетүү менен байланышкан маселелерди координациялайт;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тейлеген чөйрөлөрүндө калкка кызмат көрсөтүүчү субъекттердин ишин координациялайт жана контролдойт;

4) көзөмөлдөө жана контролдоо функциялары:

— суу транспорту, сүзүүчү каражаттар (анын ичинде пляждык зонада суу транспортун пайдалануу), темир жол транспорту, дөңгөлөктүү транспорт каражаттары, айыл чарба, токой чарба тракторлору жана алардын чиркегичтери чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөйт жана контролдойт;

— чарбалык субъекттер (пансионаттар, санаториялар, эс алуу үйлөрү) тарабынан суу объекттеринде жана суу аттракциондорунда адамдардын өмүрүн сактоо боюнча, Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө коопсуз сууга түшүүчү жерлерди тосуу менен суу транспортун эксплуатациялоодо, анын ичинен суу транспортуна отургузуучу жана түшүрүүчү жерлерден сууга түшүүчү жерлерди бөлүү боюнча коопсуздук талаптарынын сакталышын белгиленген тартипте көзөмөлдөйт жана контролдойт;

— Кыргыз Республикасынын аймагында сүзүүчү каражаттардын, аларды токтотуу үчүн базалардын (курулмалардын) курулушун жана эксплуатацияланышын техникалык контролдоону камсыз кылат;

— кемелерди каттоонун, алардын сүзүүсүн эсепке алуунун, кеме журналдарын жүргүзүүнүн эрежелери, кемелерди, аларды токтотуу үчүн базаларды (курулмаларды) техникалык көзөмөлдөө жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, эл аралык укуктун жана ченемдердин талаптарынын аткарылышын контролдойт;

— (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарынын сакталышын контролдойт;

— текшерүүдө аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө жазма буйруктарды белгиленген тартипте берет жана аларды жоюу үчүн мөөнөттөрдү белгилейт;

— жүргүнчүлөрдүн агымына, жолдорго жана жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун кыймылынын маршруттарынын схемасын жана ырааттамасын түзүүгө (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) мониторинг жүргүзөт;

5) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү функциялары:

— жол-транспорт комплекси чөйрөсүндө жаңы технологияларды жана стандарттарды киргизүү боюнча консультация берет;

— жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун абалы жөнүндө кызыкдар жактарга маалымат берет;

— жол-транспорт комплекси чөйрөсүндөгү субъекттер үчүн сунуштарды иштеп чыгат, тиешелүү консультацияларды берет;

— станциялык курулмалар кызматтарын жүргүнчүлөргө жана ташуучуларга көрсөтөт;

— сүзүүчү каражаттарды жана аларды токтотуу үчүн базаларды (курулмаларды) каттайт жана кайра каттайт, алардын эксплуатациялоого жарактуулугун күбөлөндүрөт;

— жол-транспорт комплекси чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн ишинин чегинде акы төлөнүүчү жана акысыз кызматтарды көрсөтөт;

6) колдоо функциялары:

— Министрликтин компетенциясынын чегинде финансылык болжолдоону жана пландоону жүзөгө ашырат;

— кирешелердин, чыгашалардын сметаларын иштеп чыгат жана бекитет, Министрликти, анын ичинде ведомстволук бөлүмдөрдү каржылоо бөлүгүндө республикалык бюджеттин аткарылышын уюштурат;

— ички контролдоо системасынын жана финансы-чарбалык иштин натыйжалуулугун баалайт, баалоонун жыйынтыгы боюнча Министрликтин компетенциясынын чегинде сунуштарды иштеп чыгат;

— жарандардын жана уюмдардын Министрликтин маалыматтык ресурстарын пайдаланууга укуктарынын ишке ашырылышын камсыздайт;

— тиешелүү органдар менен биргеликте берилген лицензияларды, корутундуларды жана техникалык коопсуздук жаатындагы мамлекеттик органдар тарабынан берилген башка уруксат документтерди текшерүү боюнча иш-чараларга катышат;

— жол-транспорт комплекси чөйрөсүндө милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандырууну жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт;

— (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

— юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген тартипте жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт;

— ведомстволук бөлүмдөрдүн жана алардын аймактык бөлүнүштөрүнүн ишинин финансы-чарбалык жана экономикалык натыйжалуулугуна талдоо жүргүзөт жана алардын экономикалык көрсөткүчтөрүн бекитет;

— өз компетенциясынын чегинде кадрлардын квалификациясын жогорулатат, адистерди кайра даярдайт жана стажировкадан өткөрөт;

— кызматкерлерди социалдык коргоо боюнча чараларды көрөт;

— жарандарды кабыл алат, ооз эки жана жазуу жүзүндөгү кайрылууларды өз убагында жана толук карайт, алар боюнча чечимдерди кабыл алат жана арыз ээлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген мөөнөттө жана тартипте жоопторду жөнөтөт;

— Министрликтин иш процессинде пайда болгон архивдик документтерди комплекттөөнү, сактоону жана эсепке алууну ишке ашырат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 3452022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

5-глава. Министрликтин укуктары

  1. Министрлик өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:

— өнүктүрүүнүн тармактык программаларынын жана концепцияларынын долбоорлорун иштеп чыгууга жана белгиленген тартипте киргизүүгө;

— Министрликтин системасында аткаруу үчүн милдеттүү болгон ички эрежелерди, нускамаларды, жоболорду, регламенттерди, методикаларды, тартиптерди, колдонмолорду, реестрлердин формаларын, окуу программаларын, сунуштарды, техникалык шарттарды, ченемдерди, методикалык көрсөтмөлөрдү, формаларды, талаптарды иштеп чыгууга жана бекитүүгө;

— Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна бекитилген тартипте киргизүүгө;

— Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө;

— Министрликтин белгиленген иш чөйрөсүндө чет мамлекеттердин мамлекеттик бийлик органдары, эл аралык уюмдар жана интеграциялык бирикмелер менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүгө;

— Министрликти өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоого жана ишке ашырууга;

— Министрликтин компетенциясынын чегиндеги иштин маселелери боюнча эл аралык уюмдардын ишине катышууга;

— мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка юридикалык жана жеке жактардан Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте суроого жана алууга;

— өз компетенциясынын чегинде республикалык бюджеттин жана тейлөөчү тармактарды өнүктүрүүгө каралган башка булактардын каражаттарын башкы тескөөчүнүн жана алуучунун функцияларын жүзөгө ашырууга;

— Министрликтин өз функцияларын ишке ашыруусу үчүн кеңештерди, комиссияларды, техникалык комитеттерди жана жумушчу топторду түзүүгө жана алардын ишине катышууга;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензияларды (автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү лицензияларды кошпогондо), уруксаттарды, сертификаттарды, күбөлүктөрдү берүүгө, ошондой эле берилген уруксат документтеринин шарттарынын сакталышын контролдоого (мониторинг жүргүзүүгө);

— сотторго доолор жана арыздар менен кайрылууга, ошондой эле соттордо иштердин каралышына катышууга;

— юридикалык жана жеке жактарга тейлеген тармактар боюнча консультация берүүгө;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;

— Министрликтин ишинин тиешелүү чөйрөсүндө маселелерди иштеп чыгуу үчүн белгиленген тартипте илимий жана башка уюмдарды, окумуштууларды жана адистерди, анын ичинде чет өлкөлүк адистерди тартууга;

— ведомстволук бөлүмдөрдүн жана алардын аймактык бөлүнүштөрүнүн ишине мониторинг жүргүзүүгө;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык компетенциясынын чегинде менчигинин түрүнө жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан бардык уюмдарды текшерүүгө;

— Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аныкталган бузууларды жоюу тууралуу милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон жазма буйруктарды (кабарлоону, көрсөтмөнү) мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга жана жеке жактарга берүүгө;

— мыйзам бузуунун мүнөзүн эске алуу менен негизделген мөөнөттө бузууларды жоюуну талап кылууга;

— берилген ыйгарым укуктардын чегинде жана Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык бузуулар жөнүндө иштерди кароого, юридикалык жана жеке жактарга айыптарды салууга жана административдик жазалардын башка түрлөрүн колдонууга;

— мыйзам бузууга жол берген адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн көзөмөлдөө, сот жана укук коргоо органдарына материалдарды берүүгө;

— зарыл болгон учурда мамлекеттик башкаруу органдары, уюмдар тарабынан колдонуудагы эрежелердин чегинде жабдууларды жана материалдарды контролдук сыноолорду, ошондой эле жабдууларды күбөлөндүрүүнү жүргүзүүнү дайындоого;

— республиканын мамлекеттик башкаруу органдары, уюмдар, илимий-изилдөө жана долбоордук-конструктордук институттар менен макулдашуу боюнча өндүрүштүн, объектилердин жана жумуштардын коопсуздугуна байланышкан текшерүүлөрдү, көз карандысыз экспертизаларды жана иштеп чыгууларды жүргүзүү үчүн адистерди тартууга;

— мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан, юридикалык жана жеке жактардан көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди, түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды, техникалык коопсуздук жөнүндө маалыматтарды суроого жана акысыз алууга;

— белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга (лицензиарларга) уруксаттын (күбөлүктүн) колдонуу шарттары аткарылбаган же болбосо эгерде бул жазык жоопкерчилигине алып келбесе, техникалык коопсуздук талаптарын одоно бузуу аныкталган учурда лицензиялардын, ошондой эле уруксаттардын жана күбөлүктөрдүн колдонулушун токтото туруу же болбосо аларды кайра сурап алуу/жокко чыгаруу, ошондой эле күбөлүктөрдүн колдонулушун токтото туруу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;

— мыйзамда белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү токтото турууга же тыюу салууга;

адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратуучу техникалык коопсуздук талаптарын бузууда юридикалык жана жеке жактардын объекттерин (жумуштарын), айрым өндүрүштүк бөлүмдөрүн жана жабдууларын эксплуатациялоого;

тиешелүү техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келбеген учурларда транспорт каражаттарын, жабдууларды жана алардын компоненттерин эксплуатациялоого, ошондой эле аларды колдонууга чыгарууга;

— транспорт каражаттарын эксплуатациялоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте бузуунун кошумча укуктук кесепеттеринин чараларын колдонууга;

— техникалык коопсуздукту бузуу себептери боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн уюмдардын жетекчилерин жана башка кызмат адамдарын, ошондой эле жарандарды чакырууга;

— министрликтердин, ведомстволордун жана уюмдардын жетекчилерине техникалык коопсуздуктун талаптарын системалуу түрдө бузган кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу тууралуу сунуштарды киргизүүгө;

— мыйзамдарда белгиленген тартипте айырмалоочу белгиси бар бекитилген үлгүдөгү ведомстволук форма кийимин кийүүгө;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине төмөнкүлөр боюнча сунуштарды киргизүүгө:

транспорт чөйрөсүндөгү техникалык коопсуздук жаатында контролдоо-көзөмөлдөө ишин өркүндөтүү боюнча;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын техникалык коопсуздук жаатындагы мыйзамга каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө;

— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына техникалык коопсуздук жаатындагы мыйзамдарга каршы келүүчү чечимдерди жокко чыгаруу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;

— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин тиешелүү органдарына транспорт чөйрөсүндөгү мыйзамдарды аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө милдеттүү жазма буйруктарды жиберүүгө жана мындай бузууларды жоюу мөөнөтүн белгилөөгө;

— мыйзам бузуу фактылары жөнүндө маалыматтарды чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына жиберүүгө;

— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын, ишкердик субъекттердин жетекчилерин жана башка кызмат адамдарын белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө;

— Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана алардын аймактык бөлүнүштөрүнүн мыйзамдарга каршы келген чечимдерин токтото турууга жана жокко чыгарууга;

— келишимдик негизде жогорку квалификациялуу адистерди (анын ичинде чет өлкөлүк) ишке тартууга;

— өз компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донор өлкөлөрдүн гранттарын тартууга;

— белгиленген тартипте товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;

— белгиленген тартипте Министрликтин грамоталарын, төш белгилерин жана башка сыйлыктарын уюштурууга, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч берүүгө;

— Министрлик тейлеген чөйрөлөрдө илимий-изилдөөчүлүк жана инновациялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;

— өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн сунуштарды иштеп чыгууга;

— Министрликтин маалыматтык системаларын натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле Министрликтин ишин автоматташтыруу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн маалыматтык системаларды, техникалык чечимдерди киргизүүгө жана колдоого;

— өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон эрежелерди, методикалык көрсөтмөлөрдү, нускамаларды, башка актыларды бекитүүгө жана алардын аткарылышын контролдоого;

— белгиленген тартипте Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча кеңешмелерди, семинарларды, тренингдерди жана окутуунун жана талкуулоонун башка формаларын уюштурууга жана өткөрүүгө;

— салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыйымдардын өлчөмүн аныктоо боюнча сунуштарды киргизүүгө;

— экстремалдык шарттарда (жагымсыз аба-ырайы-климаттык шарттар, табигый кырсыктар, өрт, автомобиль жолдорунун көтөрүүчү жөндөмүнүн жоголушу), ошондой эле оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүүдө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу орган менен биргеликте жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кабарлоо менен транспорт каражаттарынын андан аркы кыймылын чектөөгө же тыюу салууга;

— жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана акы төлөнмө автомобиль жолдорун (участокторун) куруу, оңдоо жана күтүү боюнча иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурууга;

— (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

— авиа ташуучуларды жана жарандык авиациянын башка чарбалык субъекттерин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана аба транспортун эксплуатациялоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын аткарылышы боюнча текшерүүлөрдү Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жазаларды колдонуу менен жүргүзүүгө;

— мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле өз компетенциясынын чегинде тейлеген чөйрөлөрүндө алардын ишин координациялоого;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ченемдик укуктук актыларында каралган Министрликтин белгиленген иш чөйрөсүндөгү башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 3452022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Эскертүүсү: Берилген жобонун 14-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 14-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.

6-глава. Министрликтин ишин уюштуруу

  1. Министрликти мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри (мындан ары — министр) башкарат.
  2. (КР Министрлер Кабинетинин2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 тотомуна ылайык күчүн жоготту)
  3. Министрликте министрдин орун басарларынын кызмат орундары каралган, алардын бири министрдин биринчи орун басары болуп саналат. Министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз министрге баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Министрликтин ишин уюштурат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы министрдин сунушу жок министрдин орун басарларын ээлеген кызмат ордунан бошотууга укуктуу. Министр жокто анын милдеттерин аткаруу министрдин биринчи орун басарына, ал эми ал жокто орун басарлардын бирине жүктөлөт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 42 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. Министр:

— жеке башчылыктын негизинде Министрликтин ишин жалпы жетектейт жана Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен болгон мамилелерде Министрликтин атынан чыгат;

— өз компетенциясынын чегинде жана белгиленген тартипте Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коёт;

— министрдин жана министрдин орун басарларынын ортосунда функциялык милдеттерди бөлүштүрөт, аларга өзүнүн ыйгарым укуктарынын бөлүгүн аткарууну тапшырат, ыкчам, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана Министрликтин компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү боюнча Министрликтин системасынын башка кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын белгилейт;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын номенклатурасына кирген ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерин, алардын орун басарларын жана ишканалардын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына белгиленген тартипте сунуш киргизет;

— Министрликтин мамлекеттик кызматчыларын, Министрликтин башка кызматкерлерин, ошондой эле Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилерин мыйзамда белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.

Министр Министрликтин каражаттарын тескөө жана мүлкүн башкаруу, бүтүмдөрдү, келишимдерди, контракттарды түзүү жана аларды аткаруу боюнча чараларды көрүү, ведомстволук бөлүмдөрдүн аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, ошондой эле аларга карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу боюнча ыйгарым укуктарды Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилерине өткөрүп берүүгө укуктуу;

— Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерине, ведомстволук бөлүмдөрдүн жана алардын аймактык бөлүнүштөрүнүн, жетекчилерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;

— өз компетенциясынын чегинде Министрликтин бардык бөлүмдөрүнүн аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды жана тескемелерди кабыл алат;

— Министрликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук бөлүмдөрүнүн Министрликтин милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүшүнө гана байланыштуу өзгөртүүгө мүмкүн болгон түзүмүн бекитет. Мында министрди дайындоо Министрликтин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;

— белгиленген ченемдердин чегинде Министрликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана алардын аймактык бөлүнүштөрүнүн штаттык санын жана штаттык ырааттамасын бекитет;

— Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, ведомстволук бөлүмдөрүнүн аймактык бөлүнүштөрү жөнүндө жоболорду бекитет;

— Министрликтин ишинин регламентин бекитет;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бекитүүсүнө ведомстволук бөлүмдөр жана мамлекеттик ишканалар жөнүндө жоболордун (уставдардын) долбоорлорун берет;

— Министрликтин кызматкерлеринин өкүлчүлүк органы менен жамааттык келишимге кол коёт;

— мыйзамда аныкталган тартипте Министрликтин каражаттарын тескейт жана мүлкүн башкарат, бүтүмдөрдү, келишимдерди, контракттарды түзөт;

— ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин баяндамаларын жана билдирүүлөрүн угат, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кеңешмелерди өткөрөт;

— ведомстволук бөлүмдөргө жана алардын аймактык бөлүнүштөрүнө, мамлекеттик ишканаларга тапшырма берет, алардын аткарылышын контролдойт;

— Министрликтин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин жана башка адамдарды белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтөт;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Министрликтин мамлекеттик жарандык кызматчыларына класстык чиндерди ыйгарат;

— Министрликте жарандык коргонууга жетекчилик кылат жана кызмат орду боюнча жарандык коргонуунун начальниги болуп саналат;

— өз ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүгө укуктуу;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

  1. Министрликте курамында 9 адамдан турган коллегия түзүлөт. Кызмат орду боюнча министр (төрага), министрдин орун басарлары коллегиянын мүчөлөрү болуп саналат. Коллегиянын курамына милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү кирет. Коллегиянын жекече курамын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын профилдик түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча министр бекитет.

Коллегиянын курамына Министрликтин түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана мамлекеттик ишканаларынын жетекчилери, башка министрликтердин жана административдик ведомстволордун, жарандык коом институттарынын өкүлдөрү кириши мүмкүн.

Министрликтин коллегиясы Министрликтин ишинин эң маанилүү маселелерин карайт.

Коллегиянын чечими токтом түрүндө кабыл алынат жана министрдин буйругу менен ишке ашырылат. Коллегиянын ишинин тартиби министр тарабынан бекитилген жобо менен аныкталат.

  1. Транспорт иши жаатында илимий-техникалык, экономикалык жана инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана жүргүзүү, авариялардын алдын алуу жана техникалык коопсуздукту камсыздоо жана Министрликтин компетенциясына кирген башка маселелерди ишке ашыруу максатында Министрликте илимий-техникалык жана техникалык кеңештер түзүлөт.

Кеңештердин курамын жана алар жөнүндө жоболорду министр бекитет.

  1. Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрү өз иштерин өз алдынча жүргүзүшөт жана Министрликке түздөн-түз баш иет жана анын алдында өзүнүн иши жөнүндө отчет берет.
  2. Министрликтин кызмат адамдары белгиленген тартипте бекитилген жазма буйруктардын бланктарын жана отчеттордун формаларын пайдаланышат.

Министрликтин кызмат адамдарынын бирдиктүү үлгүдөгү күбөлүктөрү болот.

Министрликтин кызмат адамдары кызматтык милдеттерин аткарууда ээлеген кызмат ордуна ылайык келген айырмалоочу белгилери бар белгиленген форма кийимин кийүүгө тийиш.

  1. Министрликте мамлекеттик жарандык кызматчылардын этикасы боюнча комиссия иштейт.
  2. Министрликтин Казыналык системасында атайын жана депозиттик эсептери бар.
  3. Министрликтин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында коомдук башталышта иштеген, консультациялык-байкоочу орган болуп саналган коомдук кеңеш түзүлөт.

7-глава. Корутунду жоболор

  1. Министрликти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
  2. Министрлик жоюлган учурда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынаылайык сакталат жана пайдаланылат.