mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

ЖЧК «Кырчын» жайлоосунда өтө турган «III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына» жүргүнчүлөрдү бус менен ташууга өз каалоосу менен тандалып алынгандыгын билдирет 

Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттиги (мындан ары – Автотранспорт агенттиги), Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунда жайгашкан жергиликтүү «Союз-Транс-Иссык-Куль» (мындан ары — С.Т.И.К), ЖЧ К «Кырчын» жайлоосунда өтө турган «III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына» жүргүнчүлөрдү ташууга өз каалоосу менен тандалып алынгандыгын билдирет.

Кырчын» жайлоосунда өтө турган «III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына» жүргүнчүлөрдү ташууга   ЖЧК «Дас Транс»  «Манас» Аэропортунан «Кырчын» жайлоосуна чейин 2018-жылдын 26-августунан тартып жүргүнчүлөрдү ташууга даяр.

Ошондой эле Чолпон-Ата шаарынан Семеновка айылына чейин 50 сом бекитилген тарифте айдоочулар иш алып барууда. Григорьевка айылы аркылуу Кырчын жайлоосуна  өтүүчү жолдо кичи ашуу болгондуктан жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга кооптуу абал жаралаарын айдоочулар жана “С.Т.И.К” жетекчилиги билдиришти.

Чолпон-Ата шаарынан Семеновка айылы аркылуу “Кырчын” жайлоосуна чейин “Союз-Транс-Иссык-Куль” ЖЧК жетекчиси тарабынан 40 даана, 15 оорундуу, 2003-2006-жж чыккан кичи автобустар менен жүргүнчүлөрдү  камсыз кылууга даяр экенин билдиришти.

Автотранспорт агенттигинин Ысык-Көл аймактык башкармалык жана ЖЧК “С.Т.И.К” жетекчилиги менен биргеликте Чолпон-Ата Автовокзалынан 07:30 баштап 20:30 чейин 20 мунот аралыкта, Чолпон-Ата ат майданынан жол жээгиндеги 2 кичи автобус бата турган чөнтөкчөдөн  07:50 баштап 20:30 чейин 20 мүнөт аралыкта Семеновка айылы аркылуу “Кырчын” жайлоосуна чейин маршруттук ыраатама түзүлдү. Тамчы аэропортунан Чолпон-Ата ат майданына чейин келген конокторду тосууга 10 рекс кичи автобус даярдалууда. Тамчы аэропорттон кичи автобустардын чыгуу убактыларын жана күнүн тактап берүүнүздөрдү суранабыз.

“Чолпон-Ата-Кырчын (Семеновка айылы аркылуу)” маршруттук каттамынын бир тарап узундугу 60 чакырымды түзөт, Кырчынга жетүү убактысы жол шарттары жана тыгынды эске алуу менен 1:30 саат, 20 литр күйүүчү май сарпталып жол кире баасы 100 сомдон болуусу белгиленди, бир тарабы бош келишин эске алганда.

Жүргүнчүнүн агымы көп болсо кошумча Семеновка айылынын бурулушунан Кырчын жайлоосуна чейин маршруттук каттам жүрүүсу пландалып, жүрүү ырааттамалары түзүлүп  даярдык иштери жүргүзүлүүдө.

Аймактык башкармалык тарабынан  “Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринин” 2013-жылдын 23-сентябрындагы №519 токтомунун  2-главасынын 1-параграфына ылайык жол шарттарын иликтөө жана каттамдын узактыгын ченөө боюнча 14-август 2018-жылы комиссиянын курамы бекитилген №49-К буйрук чыгарылып эреженин 2-3 тиркемелерине ылайык 2018-жылдын 16-августунда “Чолпон-Ата-Кырчын” Семеновка айылы аркылуу каттам боюнча комиссиялык текшерүү жүргүзүлөөрү болду, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн каттамдарды тейлөөчү айдоочуларга ак көйнөк, ак калпак кийип иш алпараары белгиленүүдө.

 

КР ТжЖМ басма соз кызматы