mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жарандык авиациясынын 86 жылдыгында болуп ѳттү

2019-жылдын 7-октябрында Сейтек балдар борборунда Жарандык авиациянын 86- жылдыгы белгиленди. Аталган мааракеге Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов, Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин тѳр айымы Мавлянова Махабат, Министрликтин алдындагы Жарандык Авиация агенттигинин директору Акышев Курманбек , авиацианын ардагерлери, студенттери катышты. Салтанатуу мааракенин ачылышында Министр куттуктоо сѳзүн сүйлѳп бир катар авиа тармактын ѳкүлдѳрүнѳ ардак грамота жана тѳш белгилерди ыйгарды.
Министрдин куттуктоо сѳзү.
Урматтуу авиаторлор!
Урматтуу
Жарандык авиациянын ардагерлери

Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясынын 86 жылдыгында Жарандык авиация тармагы бир катар жетишкендиктер жана бир топ келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу менен белгилеп жатат.
Жетишкендиктер жөнүндө айтсак, акыркы жылдарда жарандык авиация Кыргызстандын экономикасынын динамикалуу өнүгүп жаткан тармактарынын бири болуп келатканын белгилей кетүү керек. Азыр анын өзүнүн бай тарыхы, ийгиликтери жана күнүмдүк оорчулуктары бар.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында 3 авиакомпания Эл аралык жана ички линияларда жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташууну аткарып жатышат. Ошондой эле, 13 чет элдик авиакомпания Кыргызстандын шаарларын 9 мамлекет менен байланыштырган Эл аралык линияларда жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташууну ишке ашырып жатат.
Мындан тышкары, Президентибиз авиажүк ташуулардын рыногун жөнөкөйлөтүү үчүн, Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде чет өлкөлүк аба кемелеринин «Аба боштугунун бешинчи деңгээли» укугун пайдалануу менен учууларды аткарууга багытталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Ал чет өлкөлүк компаниялар үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында аба кемесинин бортуна үчүнчү мамлекеттен келе жаткан же ага бара жаткан жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, жүктү жана почтаны кабыл алууга укук берет.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун «2019-жыл — Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» Жарлыгына ылайык, “Кербен” жана “Исфана” аэропортторунда аэровокзалдык имараттарды кеңейтүү жана реконструкциялоо иштери толугу менен аяктады.
Ысык-Көлдө туризмди өнүктүрүү максатында «Ысык-Көл» Эл аралык аэропортуна жайкы мезгилде Новосибирск, Ташкент, Алматы жана Ош шаарларынан аба каттамдары аткарылып турду.
Жетишкендиктерди айтсак, 2018-жылы 2010-жылга салыштырмалуу жүргүнчүлөрдүн саны үч эсе көбөйдү. (2010-ж. — 1 135 000 адам болсо, 2018 – 3,5 млн.адам)
«Шарджа-Бишкек-Шарджа», Алматы-Бишкек, Алматы-Ош багыттары боюнча жаңы аба каттамдары ачылды.
Авиация тармагындагы бардык кызматкерлердин иши жогорку чеберчиликти жана жоопкерчиликти талап кылат.
Урматтуу Жарандык авиациянын ардагерлери!
Урматтуу авиаторлор!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясынын 86 жылдык майрамы менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин эмгек жамаатынын атынан жана өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм.
Сиздерге чың ден-соолук, үзүрлүү эмгек жана ийгилик коштоп жүрүүсүн каалайм.
Пресс- кызмат