mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оңдоо жана тейлөө боюнча иштерди пландаштыруу жана аткаруу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу»

«Кыргыз Республикасында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оңдоо жана тейлөө боюнча иштерди пландаштыруу жана аткаруу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинин 2017-жылдын 2-майындагы № 162 буйругуна өзгөртүүлөрдү  киргизүү жөнүндө»

  «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем чыгаруу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 токтомуна ылайык,

буйрук кылам:

  1. «Кыргыз Республикасында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оңдоо жана тейлөө боюнча иштерди пландаштыруу жана аткаруу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын 2-майындагы № 162 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оңдоо жана тейлөө боюнча иштерди пландаштыруу жана аткаруу тартиби жөнүндө Жобосуна:

I бөлүмдүн 4-пунктунда:

  • экинчи абзацта » жөнүндө маалыматтарды» деген сөздөрдөн кийин «жол активдерин башкаруунун бирдиктүү маалыматтык системасына бириктирилген (жолдордун жана курулмалардын транспорттук пайдалануу абалы жөнүндө билдирүүлөрдүн бирдиктүү маалыматтык банкы)» деген сөздөр менен толукталсын;
  • үчүнчү абзацта » артыкчылыктары боюнча» деген сөздөрдөн кийин «жана жол активдерин башкаруунун маалымат тутуму тарабынан» деген сөздөр менен толукталсын;

— II бөлүмдүн 5-пунктунун 1) пунктчасында » диагностикалоонун” деген сөздүн алдында  «жол активдерин башкаруу үчүн маалыматтык тутумдарды менен милдеттүү түрдө алынган» деген сөздөр менен толукталсын;

— 14-пунктун  биринчи абзацында « түзүү тартиби» деген сөздөрдон кийин «жол активдерин башкаруунун бирдиктүү маалыматтык системасын милдеттүү пайдалануу менен» деген сөздөр менен толукталсын;

— III бөлүмдүн 19-пунктунда “ал эми Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине учурдагы отчеттук жылдын 1-декабрынан”  деген сөздөр алып салынсын.

2) Аталган буйрук менен бекитилген Автомобиль жолдорун реконструкциялоодо, капиталдык, орто, учурдагы оңдоодо жана тейлөөдө аткарылуучу жумуштардын түрлөрүнүн  Классификациясынын:

7-пунктунун төртүнчү абзацында:

— «аныкталган тартипте» деген сөздөрдөн кийин «ведомстволук» деген сөз менен толукталсын;

— төмөндөгүдөй маанидеги сүйлөм менен толукталсын:

«Автомобиль жолдорун капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча долбоордук документтерге ведомстволук экспертизаны жүргүзүү тартиби жол иштери жаатындагы коомдук бирикмелер (ассоциациялар жана союздар) менен макулдашылып жол чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет»;

— 8-пункттун тогузунчу абзацы “боюнча аныкталат” деген сөздөрдөн кийин төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөмдөр менен толукталсын:

“Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын орто оңдоо жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун орточо оңдоонун техникалык (долбоордук-сметалык) документтерине ылайык орто оңдоого багытталган, жолдун курамына кирген бардык объектилер үчүн комплексте жүргүзүлөт. Техникалык документтер ведомстволук экспертизадан өткөрүлөт. Автомобиль жолдорун орто оңдоонун техникалык (долбоордук-сметалык) документтеринин ведомстволук экспертизасын жүргүзүү тартиби жол иштери жаатындагы коомдук бирикмелер (ассоциациялар жана союздар) менен макулдашылып жол чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.”;

—  11-пункттун экинчи абзацында «байкоо жүргүзүү» деген сөздөрдөн кийин «жол активдерин башкаруунун маалыматтык системасын (жолдордун жана курулмалардын транспорттук пайдалануу абалы жөнүндө билдирүүлөрдүн бирдиктүү маалыматтык банкы) милдеттүү пайдалануу жолу менен)» деген сөздөр менен толукталсын.

  1. Пресс-катчы К.Р. Досумбетовго ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде “Эркин-Тоо” гезитинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтында, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин сайтында жарыяланышын камсыз кылсын.
  2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы автомобиль жолдорунун башкармалыгынын начальниги Толонбек Дуйшөк уулуна:

— расмий жарыяланган күндөн тартып, үч жумушчу күндүн ичинде, ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук каражаттарында, жарыяланган булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;

— ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып, үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.

  1. «Жалпы пайдалануудагы жолдорду оңдоо жана күтүү боюнча иштерди классификациялоо жөнүндө» 2010-жылдын 29-январындагы № 13 Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинин буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
  2. Ушул Буйруктун 1) -подпунктунун бешинчи, алтынчы абзацтарында, 1- пунктунун 2) пунктчасынын сегизинчи абзацтарында каралган өзгөртүүлөр 2023-жылдын 1-январында, калган өзгөртүүлөр расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.
  3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Н.Б.Кайынбаевге жүктөлсүн.

 

 

Министр                                                                 Абдралиева   Г.К.