mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

ЖАЛПЫ ПАЙДАЛАНУУДАГЫ АВТОМОБИЛЬ ЖОЛДОРУН МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО ТАРТИБИ

«БЕКИТИЛДИ»

Кыргыз Республикасынын

Транспорт жана жолдор

министрлигинин буйругу

№ ___ от  «____» _______2017- ж.

 

 

ЖАЛПЫ ПАЙДАЛАНУУДАГЫ АВТОМОБИЛЬ ЖОЛДОРУН МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО ТАРТИБИ

 

  1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

 

  1. 1. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун мамлекеттик каттоо тартиби (мындан ары – Тартип) Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамына ылайык түзүлгөн жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун мамлекеттик каттоо тартибин жана жол чарбачылыгынын мүлктөрүн аныктайт.
  2. Автомобиль жолдорунун курамына автомобиль жолу, автомобиль жолундагы инженердик курулуштар, эксплуатациялык иш-аракеттерди жана жардамчы өндүрүштөрдү камтыган жол кызматынын техникалык жыйнагы кирет
  3. Толук түрдө мамлекеттин менчиги болуп эсептелген жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун катарында жол чарбачылыгынын мүлкүнүн курамына автомобиль жолундагы инженердик курулуштар жана аларды камсыз кылууда жана башкарууда керектелген жабдыктар, ошондой эле автомобиль жолунун карамагындагы жол бойлогон тилкелер кирет.
  4. Бул тартипте төмөндөгү негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:

— жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорду мамлекеттик каттоо – автомобиль жолдорунун паспортторунун негизинде транспорт жана жол тармагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн маалыматтар банкы;

— автомобиль жолунун паспорту – жолдордун техникалык каттоосун ишке ашыруунун жыйынтыгында алынган жолдордун техникалык жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн камтыган техникалык документ;

— жолдорду техникалык каттоо – автомобиль жолдорунун паспортторун түзүү үчүн автомобиль жолдорунун техникалык жана эксплуатациялык мүнөздөрү тууралуу маалыматтарын топтоо;

— автомобиль жолдорун диагностикалоо – жол оңдоо ишинин стратегиясын иштеп чыгуу жана эксплуатациялоо үчүн атайын жабдыктарды колдонуунун негизинде автомобиль жолдорунун транспорттук-эксплуатациялык абалында мүмкүн болгон бузулууларды божомолдоо жана себептерин аныктоо;

— жол органдары – транспорт жана жол тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу мекемелер жана алардын бөлүмдөрү;

— негизги өндүрүштүк фонддор – узак убакытка созулган жол иштерин жүргүзүү процессине катышкан жана табигый формасын сактап калган, жол органдарынын өндүрүштүк-техникалык базасын түзгөн эмгек каражаттары.

 

 

  1. ТЕХНИКАЛЫК КАТТОО ЖАНА АВТОМОБИЛЬ ЖОЛДОРУН ПАСПОРТТОШТУРУУ.

 

  1. Мамлекеттик орган тарабынан автомобиль жолдорун мамлекеттик каттоого алуу максатында: автомобиль жолунун расмий картасы түзүлөт; ар бир жолдун аталышы, индекстелүүсү жана узундугу көрсөтүлгөн жол тизмеси түзүлөт; автомобиль жолунун баланстык баасынын каттоо жана өзгөрүүсү жүргүзүлөт; автомобиль жолдорунун техникалык каттоо жүргүзүлөт, анын ичинде автомобиль жолу ээлеген жерлердин аянтынын каттоо; автомобиль жолдорунун паспорттору түзүлөт жана анын негизинде жол тууралуу маалыматтардын банкы түзүлөт.
  2. Техникалык каттоого жана паспорттоштурууга абалынан жана жабуу түрүнөн көз карандысыз бардык жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору тийиш.
  3. Техникалык каттоо жана паспорттоштуруу ар бир автомобиль жолунда же анын бөлүгүндө өткөрүлөт.
  4. Техникалык каттоого алынышы керек болгон жолдордун элементтери: жол тилкеси, жер катмары, жүрүүгө жарактуу бөлүк, жасалма курулуштар, жол кызматынын имараттары, жолдогу инженердик түзүлүштөр, жолдун абалы, жолдун жашылдандырылуусу ж.б.
  5. Жолдорду техникалык каттоодон өткөрүлүшүнүн жыйынтыгында алынган автомобиль жолдорунун техникалык жана эксплуатациялык маалыматтарынын негизинде автомобиль жолдорунун паспорттору түзүлөт.
  6. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун бир жолку техникалык каттоо жана паспорттоштуруу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен жүргүзүлөт.
  7. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун бир жолку техникалык каттоо жана паспорттоштуруу республикалык бюджеттен жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоого жана тейлөөгө каралган каражаттын эсебинен жүргүзүлөт.
  8. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун учурдагы техникалык каттоо жана паспорттоштуруу жыл сайын жолдордун өзүнчө өзгөрүлмөлүү параметрлерин өлчөө муктаждыгынан улам жүргүзүлгөн жолдун техникалык паспорту тууралуу маалыматтардын анализинин жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт. Техникалык паспорттордун маалыматтарынын анализи мамлекеттик органга караштуу жол органынын инженердик персонал тарабынан жүргүзүлөт. Учурдагы каттоо маалыматтарына автомобиль жолдорунун өзүнчө параметрлери, мүнөздөмөлөрү жана элементтери өзгөргөн абалда жылына бир жолу жол паспортуна өзгөртүү киргизилет.
  9. Автомобиль жолунун паспорту төмөндөгүлөрдү түзүшү керек: автомобиль жолдун схемасы, ал тууралуу жалпы маалымат, экономикалык жана техникалык мүнөздөмө, акчалай чыгымдар жана аткарылган иштин негизги көлөмү, линиялык графиги.
  10. Учурдагы техникалык каттоо жана паспорттоштуруу жалпы пайдалануудагы жолдорду учурдагы оңдоого, тейлөөгө жана жол курулуштарына каралган акча каражатынын эсебинен жол органдары ишке ашырат.
  11. Автомобиль жолдорун техникалык каттоо жана паспорттоштуруу иштерин жүргүзүүгө конкурстук негизде жол органдары тарабынан белгиленген мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзам тартибинде келишимдер боюнча ошондой эле долбоордук-изилдөө жана башка адистештирилген мекемелер тартылат. Бул иш-чарага тартылган мекемелер керектүү жабдыктар жана приборлор камсыз кылынышы керек.
  12. Автомобиль жолдорун техникалык каттоо жана паспорттоштуруу иштери менен бир учурда автомобиль жолдорун диагностикалоо боюнча дагы иштер жүргүзүлөт.
  13. Автомобиль жолдорунун техникалык каттоо жана паспорттоштуруу иштери жана автомобиль жолдорунун диагностикалоо иштери №827 18-октябрь 2011-ж. ТК «Автомобиль жолдорунун коопсуздугу» (ТР ТК 014/2011) техникалык регламентинин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
  14. Техникалык каттоону жана паспорттоштурууну кайрадан курулган жана реконструкцияланган автомобиль жолдорунда же алардын бөлүктөрүндө талаа иштерин иш жүзүнө ашырбастан долбоордук же иш жүзүнө ашыруучу документациянын негизинде жүргүзүүгө мүмкүн.
  15. Кайрадан курулган жана реконструкцияланган жолдорун техникалык каттоо жана паспорттоштуруу иштери объектти эксплуатацияга киргизгенге чейин иш жүзүнө ашырылат.

 

  1. АВТОМОБИЛЬ ЖОЛДОРУНУН ТЕХНИКАЛЫК КАТТООСУН ЖАНА ПАСПОРТТОШТУРУЛУУСУН ЖҮРГҮЗҮҮ ЧЫГЫМДАРЫН ПЛАНДОО

 

  1. Автомобиль жолдорун техникалык каттоо жана паспорттоштуруу каражаттарын пландоого иш көлөмүнүн тизмеси жана чыгымдардын сметасы (пландык сумма) түзүлөт.
  2. Иш көлөмүнүн тизмесинде аткарылуусу үчүн керектелген материал жана ресурстар көрсөтүлүү менен иштин түзүмү (ыкмасы) жана көлөмү аныкталышы керек
  3. Автомобиль жолдорун техникалык каттоо жана паспорттоштурулуу боюнча чыгашанын алдын-ала түзүлгөн сметасы жол органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.
  4. Автомобиль жолдорунун техникалык каттоо жана паспорттоштуруу тартылган мекемелер тарабынан жүргүзүлгөн учурда чыгашалардын алдын-ала түзүлгөн сметасына салыктын тийиштүү түрүн кошуу керектелет.

 

  1. НЕГИЗГИ ӨНДҮРҮШ ФОНДДОРУНУН КАТТООСУ

 

  1. Жол органдарынын негизги өндүрүш фонддору табигый жана нарктык белгиде эске алынат.
  2. Табигый белгидеги негизги өндүрүш фонддорун каттоонун баштапкы документтери негизги өндүрүш фонддорунун каражаттарынын паспорттору (техникалык паспорттор, долбоорлор) болуп эсептелет.
  3. Паспорттордо негизги өндүрүш фонддорунун каражаттарынын кененирээк техникалык мүнөздөмөсү келтирилет (мындан ары НӨФ): эксплуатацияга киргизүү жылы, күчтүүлүгү, эскиргендигинин деңгээли ж.б.
  4. НӨФ каражаттарынын баасы алардын жалпы көлөмүн, түзүлүшүн, структурасын, динамикасын жана амортизациялык чегерүү көлөмүн, ошондой эле аларды колдонууда экономикалык таасирдүүлүк баасын аныктоо үчүн зарыл.
  5. Мамлекеттик орган кызматкерлеринен түзүлгөн жумушчу комиссиясы жол органдарынын негизги өндүрүш фонддорунун мамлекеттик каттоосун жүргүзүү максатында жол органдарынын НӨФ каражаттарынын инвентаризациясы өткөрүлөт.
  6. Инвентаризация жүргүзүүнүн жыйынтыгында ар бир турган аймак жана негизги каражаттарга жооп берген милдеттүү жак боюнча НӨФ каражаттарынын инвентаризациялык тизмеси түзүлөт.
  7. Жол органдарынын НӨФ каражаттарынын инвентаризациялык тизмеси электрондук мааалымат базасына бириктирилет жана мамлекеттик органдын тийиштүү бөлүмүндө сакталат.
  8. Инвентаризациялык тизменин бир үлгүсү мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жөнөтүлөт.
  9. Жоопкерчиликтүү мамлекеттик орган тарабынан кварталдык түрдө мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна негизги өндүрүш фондунун абалынын өзгөрүүсү тууралуу маалыматтар жөнөтүлөт.
  10. Жол органдарынын негизги өндүрүш фондунун абалынын кыймылы же өзгөрүүсү (жаңы сатып алуу, кайрадан калыбына келтирүү, баланстан жол органдарынын балансына жөнөтүү, убактылуу колдонуу үчүн жөнөтүү, катардан чыгуу, эсептен чыгаруу ж.б.) тастыктаган документтер (жогорку органдардын буйругу, кабыл алуу-берүү акттары, эсептен чыгаруу акты, калыбына келтирүү акты, катардан чыгуу акты ж.б.) көрсөтүлүү менен өз учурунда маалымат базасында белгилениши керек.
  11. Каражатты баланска жөнөтүү себеби жогорку мекемелердин буйругу жана кабыл алуу-берүү акты болуп саналат.
  12. Инвентардык номер комиссия тарабынан каражат кабыл алынган күндөн 5 күн кеч эмес өздөштүрүлөт.
  13. Жол органынын жетекчилиги 3 күндүн ичинде тийиштүү мамлекеттик органга негизги өндүрүш фондундагы өзгөрүү тууралуу кабарлоосу жана маалымат базасында белгилениши үчүн керектүү тастыктоочу материалдарды жөнөтүүсү зарыл.
  14. НӨФ өзгөрүүсү тууралуу кабарлоонун өз учурунда берилүү жоопкерчилигин жол органынын жетекчиси алып жүрөт.
  15. Жол органдарынын балансындагы жана балансына түшө турган (эл аралык мекемелердин, мамлекеттик бюджеттин жана жогорку мекемелерге караштуу уюмдардын кредиттеринин жана гранттарынны эсебинен) НӨФ каражаттары мамлекеттик мүлктү башкаруу жана менчиктештирүү боюнча мамлекеттик органында мамлекеттик каттоого алынуусу керек.
  16. НӨФ инвентаризациясы боюнча иш комиссиясынын компетенциясы төмөнкүлөрдү камтыйт:

— негизги өндүрүш фондунун каражаттарынын накталай жана сапаттуу абалын көрсөтөт;

— техникалык документациянын болушун көзөмөлдөйт (паспорттор, мүнөздөмөлөр, долбоорлор ж.б.) бухгалтердик эсептин маалыматтарын тактайт;

— НӨФ каражаттарынын колдонуунун таасирдүүлүгүн, кызмат көрсөтүү сапатын жана жол органдары тарабынан НӨФ каражаттарынын эксплуатацияланышын карайт;

— эреже бузуулар жана НӨФ каражаттарын колдонуунун таасирсиздиги, ошондой эле кызмат көрсөтүүнүн жана каражаттардын эксплуатацияланышынын мүмкүн болбогон сапаты аныкталган учурда аны калыбына келтирүү көрсөтмөнү берет;

— инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча өзүнүн компетенциясынын алкагында  иш комиссиясы тарабынан тийиштүү мамлекеттик орган жетекчилигине НӨФ каражаттарын эксплуатациялоо жана колдонуу таасирдүүлүгү тууралуу пикирлер жана сунуштар берилиши мүмкүн

— инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча өзүнүн компетенциясынын алкагында мамлекеттик орган жетекчилигине НӨФ каражаттарын колдонууда одоно ката кетирген жол органдарынын жетекчилеринин жоопкерчиликтерин карап чыгуу сунушун киргизет.