mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

«Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун кызматтарды сатып алуу келишим түзүүнүн негизинде тейлөөнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу»

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун кызматтарды сатып алуу келишим түзүүнүн негизинде тейлөөнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу»

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 токтомунун негизинде, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын тейлөөсүн жакшыртуу максатында, буйрук кылам:

  1. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун кызматтарды сатып алуу келишим түзүүнүн негизинде тейлөөнүн тартиби жөнүндөгү тиркелген Жобобекитилсин.
  2. Автомобиль жолдор башкармалыгына:

— ушул буйрук бекитилген күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде аны «Эркин Тоо» гезитине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайттарына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяласын;

— ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде аны мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;

— ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберсин.

  1. Басма-сөз катчысы К.Р. Досумбетовго катоодон өткөн күндөн кийин, үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин веб-сайтына жарыялоосун  камсыздасын.

 

 

  1. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
  2. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары А.И. Жусубалиевге жүктөлсүн.

 

 

 

Министр                                                            Ж.К. Калилов

Кыргыз Республикасынын

транспорт жана жол

министрлигинин 2018-жылдын

“___” _________ № ___ буйругу

 

 

 

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун кызматтарды сатып

алуу келишим түзүүнүн негизинде тейлөөнүн тартиби жөнүндө

Жобо 

 

  1. Жалпы жоболор

 

  1. Бул Жобо жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулуштарын тейлөөнүн тартибин автомобиль жолдорун тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүгө келишим түзүүнүн негизинде орнотот жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдору, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык колдонулат.
  2. Бул Жободо төмөнкү терминдер пайдаланылат:

тапшырыкчы – жол чарбасын башкаруу боюнча мамлекеттик орган, анын оперативдүү башкаруусунда жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору (жолдордун участкалары) бар, келишимдин негизинде  ал жолдорду же жолдордун участкасын башка юридикалык жакка тейлөөгө тапшырат;

кызмат көрсөтүүчү –автомобиль жолдорун тейлөө жана күнүмдүк оңдоп-түзөө боюнча кызмат көрсөтүүчү юридикалык жак, тапшырыкчы менен түзүлгөн келишимдин негизинде иш кылып, жолду (жолдун участогун) тейлөөнүн талап кылынган деңгээлин камсыздоого жооптуу;

кызмат көрсөтүүнү сатып алуу келишимин түзүүнүн негизинде жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун тейлөө  – жолду тейлөөнүн ыкмасы, ал боюнча кызмат көрсөтүүчү учурдагы оңдоп-түзөөнү жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулуштарын тейлөөнү келишимдин негизинде жүргүзөт;

автомобиль жолун тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр —  жол коопсуздугун камсыздоо жана автомобиль жолдорунун жана жол курулуштарынын абалына талаптардын орнотулган деңгээлин камсыздоого багытталган автомобиль жолдорун учурдагы оңдоп-түзөө жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн комплекси;

автомобиль жолдорунун абалын баалоо (диагностика)-автомобиль жолдорун жана жол курулуштарынын конструктивдүү элементтеринин параметрлери жана абалы жөнүндө, транспорттук агымдардын мүнөздөмөсү, керек болгон учурда оңдоо иш-чараларына муктаждыгын аныктоо үчүн жана башка маалыматты изилдөө, жыйноо жана талдоо, ошондой эле автомобиль жолдорун андан ары пайдалануу процессиндеги абалын баалоо жана болжолдоо;

автомобиль жолдорун тейлөөнүн деңгээли – жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу автомобиль жолдорунун конструктивдүү элементтеринин белгилүү бир  абалын жана аны оңдоп-түзөө жана тейлөө боюнча жумуштарды жүргүзүүнүн эсебинен жаратылыш-климаттык шарттарынын таасиринен сактоону чагылдыруучу көрсөткүч;

автомобиль жолдорун тейлөө деңгээлин баалоо – жолдорду тейлөөнүн талаптарынын ченемдеринин жана эрежелеринин деңгээлине таасир берүүчү иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрдүн ылайык келүүсүн табуу процесси;

автомобиль жолдорун күнүмдүк оңдоп-түзөө – автомобиль жолдорунун транспорттук-пайдалануу мүнөздөмөсүн калыбына келтирүү боюнча жумуштардын комплекси, аларды аткарууда автомобиль жолдорунун ишенимдүүлүгү жана коопсуздугунун конструктивдүү жана башка мүнөздөмөлөрү козголбойт.

  1. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун тейлөө боюнча кызматтарды сатып алуу жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүчүнү аныктоо мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамга ылайык конкурстук негизде ишке ашырылат.
  2. Тапшырыкчы конкурстун жеңүүчүсү болгон кызмат көрсөтүүчү менен 3 жылдан кем эмес мөөнөткө келишим түзөт.
  3. Жол кийимдеринин жана жол жабууларынын кызматынын мөөнөтү өтүп кеткенде, тапшырыкчы мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамына ылайык жолдун транспорттук-пайдалануу абалын жана/же эскирген катмарын калыбына келтирүү боюнча жумуштарды учурдагы оңдоо жана тейлөө боюнча жумуштары менен биргеликте иштердин көлөмүнүн ведомостуна ылайык сатып алат.

 

  1. Автомобиль жолдорунун абалын баалоо

 

  1. Автомобиль жолдорунун абалын баалоо (диагностикалоо)– жолдорду транспорттук-пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, мамлекеттик стандарттары жана транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын актылары менен аныкталган алардын иштеринин шарттары жана керектөөчү касиеттеринин, параметрлеринин жана мүнөздөмөлөрүнүн ылайык келүү деңгээлдери жөнүндө  толук, обьективдүү жана такталган маалыматты алуу максатында жүргүзүлөт.
  2. Автомобиль жолдорунун абалын баалоо жол чарбасын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт, керек учурда конкурстук негизде тиешелүү уюмдар тартып келинет.
  3. Автомобиль жолдорун баалоону тапшырыкчы жана кызмат көрсөтүүчү биргелешип жүргүзүшөт. Автомобиль жолдорун абалын баалоо, анын ушул Жобонун талаптарына ылайык келүүсүнө көрүнөө текшерүү жүргүзүү жолу менен ишке ашырылат.
  4. Автомобиль жолдорун көрүнөө текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталат:

— жол тилкесинин, жер полотносунун жана суу өткөргүчтүн абалы;

— өтүү бөлүгүнүн жабууларынын абалы, анын кемчиликтери;

— жасалма жол курулуштарынын абалы;

— автомобиль жолдорун жабдуу элементтеринин абалы.

  1. Көрүнөө текшерүүнүн натыйжасы боюнча бул Жобонун талаптарына жооп бербеген автомобиль жолдорунун участкалары аныкталат. Көрүнөө текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жумуштардын түрлөрү, жумуштардын курамы жана автомобиль жолдорун тейлөө жана оңдоп-түзөө боюнча иш-чаралар транспорттук-пайдалануу абалын талап кылынган деңгээлге чейин көтөрүү максатында аныкталат.
  2. Көрүнөө текшерүүнүн натыйжалары №3 Тиркемеге ылайык жолдун абалын баалоо актысы менен таризделет, анда автомобиль жолунун табылган кемчиликтери чагылдырылат.
  3. Автомобиль жолунун абалынын айрым параметрлерин көрүнөө баалоого мүмкүн болбогондо (жол кийиминин жана жол жабууларынын бекемдиги, бодуракай болуусу жана дөңгөлөктүн жолдун үстүнкү бетине жабышуусунун коэффициенти, көпүрөлөрдүн жана суу өткөрүүчү түтүктөрдүн абалына) диагностика жүргүзүү, автомобиль жолдорун инструменталдык контролдоо, атайын уюмдардын жасалма курулуштарды изилдөөсү жүргүзүлөт. Баалоонун негизинде жолдун техникалык паспортуна түзөтүүлөр киргизилет.

 

  1. Автомобиль жолун тейлөөнүн деңгээлин баалоо

 

  1. Автомобиль жолун тейлөөнүн деңгээлин баалоо төмөнкү максатта жүргүзүлөт:

— автомобиль жолдорун тейлөөнүн иш жүзүндөгү деңгээли жөнүндө маалымат алуу жана бул маалыматты автомобиль жолун тейлөөнүн сапатын башкаруу максаттары үчүн пайдалануу;

— автомобиль жолдорун тейлөөнүн деңгээлин аныктоо, анын негизинде тапшырыкчы менен кызмат көрсөтүүчүнүн ортосунда түзүлгөн автомобиль жолдорун тейлөө келишиминин шарттарына ылайык көрсөтүлгөн кызматтарга акы төлөө, келишимдин шарттарын сактабагандык үчүн жоопкерчилик чараларын кызмат көрсөтүүчүгө колдонуу же колдонбоо чечими кабыл алынат.

  1. Автомобиль жолдорун тейлөө деңгээлин баалоону тапшырыкчынын өкүлү кызмат көрсөтүүчүнүн өкүлүнүн катышуусунда жүргүзөт.
  2. Тапшырыкчы тарабынан автомобиль жолдорун тейлөөнүн эки удаалаш мезгили бекитилет: кышкы жана жайкы. Көрсөтүлгөн мезгилдердин башталуу жана аяктоо мөөнөттөрү тапшырыкчы тарабынан автомобиль жолу өткөн аймактын жаратылыш-климаттык шарттарын эсепке алуу менен аныкталат.
  3. Бул Жобо жайкы жана кышкы мезгилде автомобиль жолун тейлөөнүн төмөнкү деңгээлдерин орнотот:

— Ушул Жобонун талаптарына ылайык келген (1 жана 2 тиркеме) жол, анын ар бир конструктивдүү элементи жана алардын түзүмдөрү,   автотранспорттук каражаттардын күнү-түнү үзгүлтүксүз жана коопсуз кыймылын камсыздаган абалда жана келишимдин милдеттерине ылайык  тейленет;

— Ушул Жобонун талаптарына ылайык келбейт (1 жана 2 тиркеме) —  автомобиль жолун тейлөө автотранспорттук каражаттын коопсуз кыймылынын уруксат берилген деңгээлин камсыздабайт, жана келишимдин милдеттенмелери аткарылган эмес.

  1. Тапшырыкчы кайсы убакта болсо да автомобиль жолун тейлөөнүн деңгээлин, кызмат көрсөтүүчүгө тейлөөгө өткөрүп берилген автомобиль жолунун бардык узундугунда бир айда бир жолудан кем эмес баалоо укугуна ээ.
  2. Тапшырыкчы автомобиль жолунун айрым участкаларын тейлөө деңгээлин тандап баалоону жүргүзүү укугуна ээ. Автомобиль жолун тейлөө деңгээлин баалоо жүргүзүлгөн автомобиль жолунун минималдык участогу 1 километрге барабар болот. Автомобиль жолунда километрдик белги коюлбаган учурда, участканын 1 километр узундугу транспорттук каражаттын одометри менен жүргүзүлөт.

Бүтүндөй автомобиль жолун тейлөө деңгээлин баалоо,  ишке ашырылган жасалма жол курулуштарынын узундугуна  карата аныкталат.

  1. Тейлөөнүн деңгээлин баалоого (жол кыймылын уюштуруунун тиешелүү каражаттарын пайдаланган шартта) жатпайт:

— жаратылыш кырсыктарына жана башка аларга тең келе турган окуяларга туш келген автомобиль жолдорунун участкалары,  кесепеттерди жоюу үчүн тиешелүү органдар бекиткен мөөнөттүн ичинде;

— тейлөө деңгээлин баалоону жүргүзүү учурунда автомобиль жолдорун кайра куруу, капиталдык жана орточо оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлүп жаткан, анын ичинде мындай участкаларга кошулуу же кайчылаш куруу учурунда;

— четтетүү зонасында, убактылуу көчүрүү зонасында турган жолдордун участкалары;

—  жалпы колдонуудагы жолдордун курамына өткөрүп берилген жана өткөрүп берүү учурунан үч жылга чейин бул категориянын тейлөө талаптарынын орнотулган деңгээлине ылайык келбеген жолдордун участкалары;

  1. Жайкы жана кышкы мезгилде автомобиль жолдорун тейлөөнүн деңгээлин мүнөздөгөн кемчиликтердин жана көрсөткүчтөрдүн түрлөрү ушул Жобонун 1 жана 2 Тиркемелеринде көрсөтүлгөн.
  2. Автомобиль жолун тейлөөнүн деңгээли, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун тейлөө келишиминин шарттарына ылайык, автомобиль жолун тейлөөнүн бардык бааланган көрсөткүчтөрүнүн деңгээли ар бир участкада берилген көрсөткүчтөрү менен салыштырып аныкталат.
  3. Автомобиль жолун тейлөөнүн деңгээли автомобиль жолунун ар бир конструктивдүү элементин жана конструктивдүү элементти түзүүчүлөрүн көрүнөө текшерүү жолу менен аныкталат. Тейлөө деңгээлин баалоодо тапшырыкчы менен кызмат көрсөтүүчүнүн ортосунда кайчы пикирлер пайда болсо, тараптар ушул Жобонун 1 жана 2 Тиркемелеринде аныкталган көрсөткүчтөрдөн четтөөнүн чоңдугун аныктоо максатында табылган кемчиликтерди белгилөө менен инструменталдык ченөөнү аткарышат.
  4. Автомобиль жолдорун тейлөө деңгээлин баалоону жүргүзүү үчүн пайдаланылган ченөөчү жабдуулар, приборлор, жылып жүрүүчү лабораториялар аттестациядан өтүүсү жана текшерилүүсү керек (калибрлөө).

24.Тапшырыкчы баалоо процесинде автомобиль жолунун ар бир километринде конструктивдүү элементтер жана алардын түзүүчүлөрү боюнча кемчиликтердин параметрлерин көрсөтүү менен белгилешет. Кемчиликтер жөнүндө маалыматтар, ушул Жобонун 1 жана 2 Тиркемесинде белгиленген көрсөткүчтөр менен салыштырылат.

  1. Табылган кемчиликтерди четтетүү мөөнөтү ГОСТ 33220-2015 жана ушул Жобонун 4 Тиркемесине ылайык тапшырыкчынын жазма буйругу менен аныкталат.
  2. Кемчиликтер табылган учурда кызмат көрсөтүүчү аларды четтетүү боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алат жана кемчиликтерди каттоо журналына, жасалма курулуштарды күнүмдүк текшерүү журналына жазат.
  3. Тапшырыкчы жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун тейлөө деңгээлин, ошондой эле кемчиликтерди жоюу, жолдун өтүүчү бөлүгүн (кардан, кар-муз күрткүлөрүнөн ж.б. тоскоолдуктардан) тазалоо мөөнөтүн аныктайт.
  4. Тапшырыкчы жазма буйрукта белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин автомобиль жолунун километрлерин кайталап текшерүү жолу менен автомобиль жолунун кемчиликтерин кызмат көрсөтүүчүнүн жойгонун текшерет. Мындай текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ушул Жобонун 5 Тиркемесине ылайык отчеттук мезгилде автомобиль жолдорун тейлөөнүн деңгээлин баалоонун жүрүшүндө табылган кемчиликтерди жоюу боюнча текшерүүнүн актысы түзүлөт.

Табылган кемчиликтер жоюлбаган учурда, мындай кемчиликтер табылган жолдун километрлерин Кызмат көрсөтүүчү ушул Жобонун 6 Тиркемесине ылайык кемчиликтер журналына киргизет.

  1. Тейлөө деңгээлине жүргүзүлгөн баалоонун жайынтыгы боюнча ушул Жобонун 7 Тиркемесине ылайык автомобиль жолун тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу актысы таризделет.

 

  1. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун кызматтарды

сатып алуу келишим түзүүнүн негизинде тейлөөгө  кызмат

көрсөтүүлөрдү  каржылоо

 

  1. Кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу келишимин түзүүнүн негизинде жалпы пайдалануудагы автомобиль жолун тейлөөгө кызмат көрсөтүүлөрдү  каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган жана башка булактардын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
  2. Тапшырыкчы автомобиль жолун тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүчүгө кызматты кабыл алуу актыларынын негизинде, ушул Жобонун 1 жана 2 тиркемесинде каралган талаптар аткарылган километр жолдор үчүн ай сайын төлөйт.
  3. Тапшырыкчы төлөмдү кызмат көрсөтүүчү аткарган жумуштардын көлөмү үчүн эмес, ушул Жободо аныкталган тейлөө деңгээлинин бекитилген талаптарына жолдун ылайык келгендиги боюнча жүргүзөт.

33.Тапшырыкчы өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча (жолдун түшүп кетүүсү, жер көчкү, таш түшүү, кар көчкү ж.б.) кызмат көрсөтүүчүнүн кызматына аткарылган жумуштардын актысына ылайык өзүнчө төлөйт.

  1. Автомобиль жолун тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүчүнүн кызматына төлөм, жол чарбасын башкаруу боюнча мамлекеттик органдын сметалык эсеп-кысабынын негизинде же жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун тейлөөгө каржы чыгымдарынын ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.

 

  1. Тапшырыкчынын жана кызмат көрсөтүүчүнүн жоопкерчилиги

 

  1. Кызмат көрсөтүүчү автомобиль жолун жана жол курулуштарын тейлөөгө, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугу үчүн автомобиль жолун же автомобиль жолунун участкасын жана жол курулуштарын тейлөөгө кабыл алуу актысына кол койгон учурдан баштап жоопкерчиликтүү болот.
  2. Тапшырыкчы автомобиль жолун тейлөө боюнча Кызмат көрсөтүүчүгө аткарган жумуштары үчүн ай сайын төлөөгө жооптуу.
  3. Тапшырыкчы жана Кызмат көрсөтүүчү келишимдин милдеттенмелери аткарылбаган учурда эки тарапка тең айып пул санкцияларын колдонуу жана анын өлчөмү жөнүндө шарттарды көрсөтүүгө милдеттүү.
  4. Кызмат көрсөтүүчү автомобиль жолдорун тейлөөгө көзөмөлдү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын жазма буйруктарын аткарууга милдеттүү.
  5. Өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында тейленип жаткан автомобиль жолунда кыймыл үчүн тоскоолдуктар жаралганда (жол-транспорттук окуялар, жолдун түшүп кетүүсү, жер көчкү, таш түшүү, кар көчкү ж.б.) кызмат көрсөтүүчү кыймылды жүргүзүү же убактылуу чектөө боюнча кечиктирилгис чараларды камсыздайт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме№ 1

 

Жазгы-жайкы-күзгү мезгилде автомобиль жолдорун тутуунун (жумуштарды кабыл алуу) деңгээлин баалоо ведомосту

 

Автомобиль жолунун аталышы жана категориясы  _____________________________________________

Жолдун участогу, км _________________________________________________________

Күнү: __________________

Тутуунун талап кылынган деңгээли _____________________________________________

 

Автомобиль жолдорун тейлөөнүн деңгээлине талаптар

  1. Жол тилкесинин, жер полотносунун, жол бөлүү бөлүгү, жол четтеринин, коопсуздук тилкелеринин кемчиликтери
   
Кемчиликтин түрү Тейлөө деңгээли боюнча кемчиликтин өлчөмү Талаптарга ылайык келүүсү Кемчиликтери табылган километрлер
1 2 3 4 5 Ылайык келбейт Ылайык келет  
Жолдун өтүү бөлүгүнүн түрү боюнча бекитилбеген, тереңдиги 10 см жана (же) аянты 2 м2 көп жолдун четине токтоп калган суу.  Жол берилбейт      
Аянты 0,09 м2, узундугу 15 см кем, тереңдиги 5 см ге жетпеген айрым ойдуңдар, бузулуулар же жаракалар өтүү бөлүгүнүн, аянтынын тиби боюнча жолдун четтеринде бекитилген коопсуздук тилкелеринде узундугу 100 м м2 участкаларда,   төмөндөгүлөрдөн ашык эмес 0,1 0,5 1,0 2,1 Орнотулбайт      
Бордюр жок учурда жолдун өтүү бөлүгү менен кошулган жерлеринде жол четтерин жана бөлүү тилкелерин азайтуу, узундугу 50 см жана андан көп, см, көп эмес 4,0      
Пландаштырылган жана бекемдөөчү жумуштарды жүргүзүү зарылдыгына байланышкан үстүнкү суу агызуу элементтеринин, ошондой эле бөлүү тилкелеринин, жантайыштардын жана чуңкурлардын  жуулуп кетүүсү, (жазгы кыймылды чектөө мезгили аяктагандан кийин) Жол берилбейт      
Орунтукташтырылбаган жерлерде автомобиль жолунан чыгып кетүүлөр Жол берилбейт      
 Бөлүү тилкесиндеги, жол четинде, жер полотносунун четтериндеги жана четтетүү тилкесиндеги таштандылар  (бөтөлкө, банка, кагаз, пакеттер, эски дөңгөлөктөр ж.б.), кыймылдын коопсуздугуна таасир бербейт, көбүрөөк кезигет  м. 200,0 Орнотулбайт      
Жолду тутууда тиешелүү иш-чараларды өз учурунда жүргүзбөгөндүн натыйжасында таш түшүүнүн, жер көчкүнүн, суу ташкынынын, сел агымдарынын кесепеттери Жол берилбейт      
  1. Өтүү бөлүгүнүн жабууларынын кемчиликтери
   
Кемчиликтин түрү Тейлөөнүн деңгээли боюнча кемчиликтердин өлчөмү Талаптарга ылайык келүүсү Кемчиликтер табылган километрлер  
1 2 3 4 5 Ылайык келбейт Ылайык келет    
Узундугу 100 м, м2, андан көп эмес  кыймылдын тилкесинин участкасындагы аянты 0,09 м2 көп эмес,  узундугу 15 см көп эмес, тереңдиги  5 см көп эмесбузулуулар (ой-чуңкурлар жана жаракалар) 0,1 0,5 1,0 1,5 2,1        
асфальтбетон жана цементбетон жабуулардагы оңдолбогон ачык жаракалар ( а.и. температуралык жаракалар жана  тапталган тилкелер боюнча жаракалардын торлору) ачык жаракалардын кеңдиги 3 мм ден көп жана суммардык узундугу 1000 м2,  андан көп эмес 15,0 15,0 20,0 20,0 Орнотулбайт        
Цементбетон  жабуулардагы  бузулган жана мастика  менен толтурулбаган деформацияланган жарака кетүүлөр Жол берилбейт        
Жолдун кырларынын булгануусу: булгануу катмарынын калыңдыгы 1,5 см көп эмес, кеңдиги о,5 см, 1000 м жолдун кырына  м көп эмес 50,0 50,0 100,0 100,0 150,0        
Жолдун өтүү бөлүгү суу агызуучу өткөөл менен камсыздалбаган Жол берилбейт        
  1. Суу өткөрүүчү түтүктөрдүн кемчиликтери
   
Кемчиликтин түрү Тейлөөнүн деңгээли боюнча кемчиликтердин өлчөмү Талаптарга ылайык келүүсү Кемчиликтер табылган километрлер  
1 2 3 4 5 Ылайык келбейт Ылайык келет    
Жантаймаларды бекемдеген топурактын локалдык бузулуулары  м2  ашык  эмес Жол берилбейт 0,5 0,8 1,2 1,2        
Суу өткөрүүчү түтүктөрдүн  ылайга толуп калуусу, диаметринн бөлүктөрүн  же түтүктүн кесилиштеринин бийиктигин сел жүргөндө тазалоону аяктагандан кийин, ашык эмес Жол берилбейт 1/15        
Селдин кесепеттерин тазалоодон кийин түтүктөрдүн баш жактарындагы  бузуулулары,  м2 ашык эмес Жол берилбейт 0,1 0,3 0,5 0,8        
 Суу өткөрүүчү түтүктөрдүн баш жактарындагы суу топтолуучу арыктардын жуулуп кетүүсү Жол берилбейт

 

       
Түтүктөрдүн секцияларын вертикалы жана горизонталы боюнча жылдыруу Жол берилбейт        
Суу өткөрүүчү түтүктөрдүн звенолорунун ортосундагы ачык жерлер Жол берилбейт        
Суу өткөрүүчү түтүктөрдүн баш жактарында суунун топтолуп калуусу Жол берилбейт        
  1. Тоннелдердин, балкондордун, галереялардын, жөө жүрүүчү жолдордун элементтеринин кемчиликтери
     
Кемчиликтин түрү Тейлөөнүн деңгээли боюнча кемчиликтердин өлчөмү Талаптарга ылайык келүүсү Кемчиликтер табылган километрлер  
1 2 3 4 5 Ылайык келбейт Ылайык келет    
Тоннелдин  ички жасалгандарынынар кайсы жерлеринин бузулуулары,  ички шыбактын жалпы аянтынан % ашык эмес Жол берилбейт

 

3 3 7 10        
Тоннелдин порталдарындагы топурактын жылып кетүүсү Жол берилбейт        
Тепкичтердин бириккен жерлеринин  локалдык бузулуулары Жол берилбейт        
Жасалма жол курулуштарын коопсуз пайдалануу үчүн колдонулган суу өткөрүүчү, аба тазалоочу, жарык берүүчү, өрттү өчүрүүчү, байланыш, ошондой эле авариялык жана башка техникалык курулуштардын системасындагы бузулуулар Жол берилбейт        
Жасалма жол курулуштарындагы таштандылар, булгануулар жана башка буюмдар Жол берилбейт        
Жөө  жүрүү жолдорунун зонасындагы тосмолордун бекитилбеген  перилалары, айрылыштары жана башка бузулуулары

 

Жол берилбейт        
Жер астындагы, жабык жана жер үстүндөгү өткөөлдөрдүн дубалдарынын жана жабууларынын булгануусу жана бузулуусу Жол берилбейт        
5. Таяныч дубалдарынын кемчиликтери      
Кемчиликтин түрү Тейлөөнүн деңгээли боюнча кемчиликтердин өлчөмү Талаптарга ылайык келүүсү Кемчиликтер табылган километрлер  
1 2 3 4 5 Ылайык келбейт Ылайык келет    
Таяныч дубалдарынын конструкцияларынын көзгө көрүнүп турган бузулуулары Жол берилбейт            
Таяныч дубалдарынын  шыбагынын, боегунун (акталган) бузулуулары, таяныч дубалдардын шыбагынын, боегунун (актоонун) аянтынын % Жол берилбейт 3 5 10 15        
Таяныч дубалдардын түбүнө суу чогулуп калуусу  жана түбүн жууп кетүүсү Жол берилбейт        
  1. Автомобиль жолдорунун жабдууларынын элементтеринин кемчиликтери
   
Кемчиликтин түрү Тейлөөнүн деңгээли боюнча кемчиликтердин өлчөмү Талаптарга ылайык келүүсү Кемчиликтер табылган километрлер  
1 2 3 4 5 Ылайык келбейт Ылайык келет    
Тосмолордун боекторунун жана вертикалдык белгилеринин жок экендиги же бузулуулары, үстүнө цинк   жабылгандардан тышкары, 100 м тосмого м  ашык эмес Жол берилбейт 5,0 5,0 10,0 15,0        
Тротуарлардын, жөө жүрүү жана велосипед жолдорунун жабууларындагы тереңдиги 5 см кем эмес ой-чуңкурлар, 100 м2 жабуунун аянтына м2 ашык эмес 1,5 Орнотулбайт        
Аларды орнотуу зарылдыгын пайда кылган себептерди жойгондон кийин алып салынбаган жол кыймылын уюштуруунун убактылуу орнотулган техникалык каражаттары Жол берилбейт        
Бордюрлардын бузулуулары (кетилүү, түлөө), кетилүү,түлөөнүн тереңдиги 3 см жогору эмес болгон шарттарда үстү ачык аянттын %  (бордюрларда башка кемчиликтер болуусуна жол берилбейт), ашык эмес 10,0        
Жол кыймылынын коопсуздугуна таасир берүүчү  белгилеринин бузулуусу жана жолду багыттоочу жабдуулардын кемчиликтери (жолдун сигнал берүүчү устундары, жол тумбалары, буферлердин жана б.) жол тосмолору (а.и. жөө жүрүү жолдору)

 

Жол берилбейт

 

       
7. Көпүрө курулуштарынын кемчиликтери        
Кемчиликтин түрү Тейлөөнүн деңгээли боюнча кемчиликтердин өлчөмү Талаптарга ылайык келүүсү Кемчиликтер табылган километрлер  
1 2 3 4 5 Ылайык келбейт Ылайык келет    
Тосмолордун жана тротуарлардын  четиндеги өтүү бөлүктөрүнүн булгануусу, калк жашаган пунктардагы тротуарлардын булганууларынын калыңдыгы 0,5 см ашык эмес, калк жашабаган пункттарда – 1,0 см ден ашык эмес,  % узундукта, ашык эмес Жол берилбейт 5,0 5,0 10,0 15,0        
Жолдун өтүүчү  бөлүгүндө жана тротуарларда суу өткөрүүчү түтүктөр  менен камсыздалбаган Жол берилбейт        
Тротуарлардын  үстүндөгү ой-чуңкурлар, тротуардын плиткаларынын сынып калуусу,  тротуардын 100 м2 аянтына   тереңдиги 5 см ашык эмес, 0,5 0,7 0,7 1,0 2,0        
Тротуар блокторундагы  суу өткөрүүчү түтүктөрдүн, лотоктордун жана терезелеринин акыр-чикирге толуп калуусу, жалпы санынын % , ашык эмес 10,0        
Баткактан тазаланбаган тосмолор, % узундукта 2,0 10,0        
Периланын бийиктиги 110 см кем Жол берилбейт        
Булганган перилалар Жол берилбейт Орнотулбайт        
Перилалар сырдалган эмес Жол берилбейт Орнотулбайт        
 Тосмолордун перилалары вертикаль  тургузулган эмес Жол берилбейт Орнотулбайт        
Тосмолордун перилаларынын элементтери бекитилген эмес, деформацияланган элементтери алмаштырылган эмес,  перилалардын ичин  толтуруу бузулган Жол берилбейт        
Тротуарлардынжарылганжерлериненсуулардынагышы Жол берилбейт        
Жарылганжерлертазаланганэмес, резинабитум мастика  100 м узундуктагыжарылганжерлергетолтурулганэмес,  м, ашыкэмес 1,0 2,0 2,0 5,0 10,0        
Жыгач көпүрөнүн үстүндө төшөлгөн жыгачтардын, бордюрдун устунунун 3 см ашык  эскирүүсү,  кыска кошумча жармаштыруулар, бузулган тротуарлар, жалпы аянттын %, ашык эмес Орнотулбайт 10,0        
Өткөөл курулуштар жана тротуардын блокторундагы  ачык жерлер таштанды, баткак, чңп-чардан тазаланган эмес, жалпы аянттын % 5 10        
Диафрагмалардын үстүнкү беттери, коммуникациялардын бекиткичтери, күчөткүчтөрү сырдалган эмес. Жол берилбейт        
Өткөөл курулуштардын темирбетон конструкцияларынын 0,3 мм ашык ачылган жаракалары бүтөлбөгөн.  Коргоо катмарынын кетилген жерлери жана башка бузулуулары оңдолгон эмес. Арматуралар сырдалган эмес (же арматурага коррозияга каршы боек берилбеген) Жол берилбейт        
Жол көрсөткүчтөрдөн таянычтарында жана өткөөл курулуштарында вертикаль белгилер коюлбаган. Жол берилбейт        
Болттор бекем буралбаган,  бекиткич заклепкалардын дефекттери Жол берилбейт        
Темир бетон плиткалары бар болот устундардын түйүндөрүнүн жана кошулган жерлеринин бузулган абалда болушу Жол берилбейт        
Металл конструкциялардын, өткөөл курулуштардын жана таянычтардын (цинктелгенден сырткарылары) элементтеринин сырдалган боекторунун ар кай жеринде жок болушу,  сырдалган жалпы аянттын %, ашык эмес Жол берилбейт 5 5 10 10        
Бардык таянычтардын үстүнкү саптары таштандыдан, баткактан, чөп-чардан тазаланган эмес Жол берилбейт        
Таянычтардын астынкы саптары суу агызуучу өткөөлдөр менен камсыздалбаган Жол берилбейт        
Булганган металл жана темирбетон таяныч бөлүктөр, ошондой эле резина таяныч бөлүктөрү Жол берилбейт        
Вант көпүрөлөрдүн ванттарынын  жана пилондорунун  кемчиликтери Жол берилбейт        
Таяныч бөлүктөрүнүн темир  элементтери сырдалган эмес, сырдоонун жалпы аянтынын %,  ашык эмес Жол берилбейт 5 5 10 10        
Таянычтардын капталдарынын үстүндөгү (устундар, насадкалар, нерселер)  бетондун арматуралары көрүнүп кетилип сынып калуулары Жол берилбейт        
Таянычтардын капталдарынын үстүндөгү (устундар, насадкалар, нерселер жаракалар жана сөгүлүүлөр толтурулган эмес жана толук кандуу бүтөлбөгөн.

 

Жол берилбейт        
Таянычтардын үстүнкү бетондору (насадкалар, зарыл болгон таянычтардын өзүн) акрил сырлар менен сырдалбаган же гидрофобизияциялоочу составдар менен иштелип чыккан эмес 100 м2, м2 тан ашык эмес 0,5 0,5 0,8 1,5 1,6        
Жээктердеги таянычтардын конустары таштанды, ашык топурактан тазаланган, түздөлгөн эмес, бетон конустарды чөп-чар баскан.ю конустардын жалпы аянтынын % 10,0        
Көпүрөнүн астындагы зона жана жээктери ар кандай кирден, таштандыдан, ар кандай нерселерден тазаланган эмес Жол берилбейт        
Суу өткөрүүчү түтүктөрдүн алдына баткак толуп кеткен Жол берилбейт        
Көпүрөнүн астындагы зоналарды  суунун жууп кетүүсү Жол берилбейт        
Көпүрөнүн астындагы зоналардагы топурак түздөлгөн эмес

 

Жол берилбейт        
Суу өткөрүүчү лотоктор ( а.и. баш жактары, аягы)  оңдолгон эмес, суу өткөрбөйт Жол берилбейт        
Лотоктордун бузулган, эриген элементтери алмаштырылган эмес Жол берилбейт        
Жээктердин четиндеги жана телескопиялык суу өткөрүүчү лотоктор,  баш жактары жана суунун күчүн азайтуу  бөлүктөрү таштандыдан, баткактан тазаланган эмес Жол берилбейт        
Гаситель суу өткөрүүчү өткөөл менен камсыздалбаган Жол берилбейт        
Көпүрөнүн жер менен кошулган зоналарында ой-чуңкурлар жана жарылуулар. Жол берилбейт        
6 м узундуктагы өткөөлдөрдүн жантаймаларын жана четтерин суу жеп кетүүсү, ошондой эле суу өткөрүүчү лотоктордун жанында жана гасителдерде, 100м2, м2 ашык эмес 0,5 0,5 0,8 1,5 1,6        
Тепкичтердин кошулган жерлери (анын ичинде эки тарабы тең сырдалбаган перилалар) таштанды, баткактан тазаланган эмес Жол берилбейт        
Тепкичтердин кошулган жерлериндеги перилалар бекемделген эмес, оңдоп-түзөлбөгөн, бузулуп калган элементтери көп. Жол берилбейт        
Өткөөлдөрдүн алты метр чегиндеги  четтери жана тосмолору баткактан, таштандыдан тазаланган эмес. Жол берилбейт Орнотулбайт        
Жасалма жол курулуштарынын зоналарында тепкичтердин бириккен жерлеринин айрым элементтеринин бузулуп калуусу Жол берилбейт        

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме№ 2

 

Автомобиль жолдорун кыш мезгилинде тейлөө деңгээлин баалоонун ведомосту (Жумушту кабыл алуу)

 

Автомобиль жолунун аталышы жана категориясы  _____________________________________________

Жол участогу, км _________________________________________________________

Күнү: __________________

Тутуунун талап кылынган деңгээли _____________________________________________

 

Автомобиль жолдорун тутуунун деңгээлине талаптар

  1. Жол четинин жана бөлүү тилкелеринин абалына талаптар
   
Көрсөткүч Тейлөөнүн деңгээли боюнча ченем Талаптарга ылайык келүүсү Кемчиликтери табылган километрлер
1 2 3 4 5 Ылайык келбейт Ылайык келет
Жол четинде жана бөлүү тилкелеринде жолдун өтүүчү бөлүгүнө кар-муздун калың  катмарлары толуп калгандыктан дөңсөө пайда болуусу, см ашык эмес Жол берилбейт 2 3 6      
Кар жааган учурда жана карды тазалап бүткөнчө жол четине топтолгон суу кардын   калыңдыгы, см, ашык эмес

 

2 3 4 7 12      
Жол четин тазалоонун салыштырма кеңдиги, %  кем эмес

 

80 70 60 50 50      
  1. Жолдун өтүүчү бөлүгүнүн абалына талаптар
   
Кар-муз топтомдорунун түрлөрү Тейлөөнүн деңгээли боюнча ченем Талаптарга ылайык келүүсү Кемчиликтери табылган километрлер  
1 2 3 4 5 Ылайык келбейт Ылайык келет  
Кар топтомунун калыңдыгы, мм, ашык эмес Жол берилбейт 10 30 50        
Суу кардын калыңдыгы, анын ичинде кар түшкөндө жана карды тазалоо учурунда көпүрө курулуштарында, см, ашык эмес 1 2 2 3 5        
Кышкы тайгалактын болуусу Жол берилбейт        
  1. Суу өткөрүүчү түтүктөрдүн абалына талаптар
   
Көрсөткүч Тейлөөнүн деңгээли боюнча ченем Талаптарга ылайык келүүсү Кемчиликтери табылган километрлер  
1 2 3 4 5 Ылайык келбейт Ылайык келет  
Суу ташкыны башталгыча түтүктөрдүн ичине кар-муз толуп калышы Түтүктүн 2/3 бийиктигинен ашык  тоңууга жол берилбейт        
Кирүүчү жана чыгуучу тешиктердин ачылбагандары Кар аябай эрий баштаган учурда жол берилбейт

 

       
 Тротуарлардын жана көпүрө курулуштарынын тепкичтеринин абалына талаптар

 

 
Тротуарлардагы жана тепкичтердеги суу кардын калыңдыгы, үзгүлтүксүз жөө кыймыл бар тротуарлар жана тепкичтерден сырткары, кар жаап жаткан учурда жана кар тазалоонун аягына чейин, см, ашык эмес 6 8 10 12 12        
Калк жайгашкан пунктарда тротуарларды жана тепкичтерди үзгүлтүксүз жөө кыймылында музга каршы материалдар менен иштеп чыгуунун жоктугу Жол берилбейт        

 

  1. Жабдуулардын элементтеринин абалына талаптар
   
Көрсөткүч Тейлөөнүн деңгээли боюнча ченем Талаптарга ылайык келүүсү Кемчиликтери табылган километрлер  
1 2 3 4 5 Ылайык келбейт Ылайык келет  
Кар жаап бүткөндөн кийин (бороон-чапкын) жана кар тазалоодон кийин тротуарлардагы, жөө жүрүүчү жолдордогу жана велосипед жолдорундагы  суу жана  тапталган кардын калыңдыгы, см, ашык эмес* 6 8 10 12 12        
тротуарлардагы, жөө жүрүүчү жолдордогу жана велосипед жолдорундагы  музга каршы материалдар менен иштеп чыгуу боюнча жумуштарды аткарбоо

 

Жол берилбейт

 

       
Кар жаап бүткөндөн кийин же бороон-чапкындан кийин жүргүнчүлөр үчүн аянттарда, эс алуу аянттарында, маршруттук транспорттук каражаттардын аялдамаларында суу же тапталган кардын калыңдыгы, см, ашык эмес

 

9 10 10 12 12        
* Фрикциондук ПГМ милдеттүү иштеп чыгууда.  
  1. Кар күрткүлөрүн   жыйноого талаптар 
   
Жолдун элементи Жолдун элементине чейинки аралык,  м,  азыраак Талаптарга ылайык келүүсү Кемчиликтери табылган километрлер  
Ылайык келбейт Ылайык келет  
Темир жол өтмөгү 250        
Бир деңгээлдеги  кайчы жол 150        
Маршруттук  транспорттук каражаттардын токтоочу пункту 20        
 Жөө жүрүүчүлөрдүн өтмөгү 15        

6.  Тоннелдерге, балкондорго жана жөө жүрүүчү өтмөктөргө талаптар

   
Көрсөткүч Тейлөөнүн деңгээли боюнча ченем Талаптарга ылайык келүүсү Кемчиликтери табылган километрлер  
Ылайык келбейт Ылайык келет  
Жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү  кар-муз  күрткүлөрү жана таштанды (бөтөлкө, банка, кагаз, пакеттер ж.б.) Жол берилбейт

 

       

Тиркеме № 3

 

Автомобиль жолунун абалын баалоо  менен изилдөөнүн    АКТЫСЫ

    ( 20___ж. _____айынан 20___ж. _____айына чейинки мезгилде)

 

Комиссиянын курамы:

Тапшырыкчынын өкүлү ________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Кызмат көрсөтүүчүнү өкүлү ________________________________________________________________________________________________________________________________________________

«__» _______ 20__ жылдан  «__» _________ 20__ ж.  чейин автомобиль жолунун абалына изилдөө  жүргүздү _______________________________ ________________________________________________________________________

жана төмөнкүлөрдү  тастыктады:

  1. Бардыгы изилденди __________________________________________________км

1.1. Автомобиль  жолу боюнча ___________________________________________ км

1.2. Жасалма жол курулуштары боюнча  _______________________даана /пог.м

  1. төмөнкү километрлер берилген деңгээлге ылайык келбейт, анын ичинде жасалма жол курулуштарырын кемчиликтери менен ______________________ ________________________________________________________________________

Бардыгы:

Автомобиль жолу боюнча  ______________________________________________км

Жасалма жол курулуштары боюнча __________________________ даана /пог.м

  1. Берилген деңгээлге ылайык келет:

Бардыгы______________________________________________________________км

Автомобиль  жолу боюнча ___________________________________________ км

1.2. Жасалма жол курулуштары боюнча  _______________________даана /пог.м

  1. Автомобиль жолдорун тутуунун кемчиликтеринен улам канааттандырбаган жол шарттары кошумча болгон жол-транспорттук окуялар (катталган эмес же участкада/ларда катталган, участкалардын дарегин көрсөтүү керек

_______________________ _________________________________________________

 

 

 

 

 

Тапшырыкчынын өкүлү                           Кызмат көрсөтүүчүнүн өкүлү ______________________                               ________________________

М.П.                                                                     М.П.

 

Тиркеме 4

Жазма буйрук №_____

 

Жооптуу__________________________________________________________________________________________

(Кызмат көрсөтүүчү )

____________________________________________________________________________________________________________

(Аты-жөнү)

«___»___________ 20__ж. №  келишимге ылайык  жана «___» ___________ 20__ж. текшерүү актысына ылайык табылган кемчиликтерди жоюу максатында Силерге төмөнкү иш-чараларды аткаруу сунуш кылынат:

 

№ п/п Кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чаралардын аталыштары км Аткаруу мөөнөтү Аткарылгандыгы жөнүндө белги
1 2 3 4 5
         
         

 

Табылган кемчиликтерди жоюу боюнча Жазма буйрукта көрсөтүлгөн иш-чараларды аткаруу  жөнүндө маалыматты  берүү____________________________________________________________________________________________________________

«___»_________________20___ж.  чейин

Жазма буйрукту аткарбаган учурда Сизге жогоруда көрсөтүлгөн келишимде каралган  айып санкциясы колдонулат.

Тапшырыкчынын өкүлү              _____________________________________________________________________________________

(кызматы, аты-жөнү)

«___»___________20__-ж.                                                       колу

Жазма буйрукту алдым: Кызмат көрсөтүүчүнүн өкүлү ____________________________________________________

(кызматы, аты-жөнү)

«___»___________20__-ж.                                                       колу

 

Эскертүү: жазма буйрук эки нускада түзүлөт, бири Кызмат көрсөтүүчүгө берилет, экинчиси Тапшырыкчыда калат.

 

Тиркеме № 5

 

Кемчиликтерди жоюу жөнүндө билдирүүнүн аткарылгандыгын текшерүү АКТЫСЫ

«__» ____ 20__ж. дан «__» ____ 20__-ж.чейинки отчеттук мезгилде автомобиль жолдорун тутуунун деңгээлин баалоонун жүрүшүндө табылган

 

«___» ________ 20__                                                                                         №___________

 

 

Комиссиянын курамы:

Тапшырыкчынын өкүлү________________________________________________________________

Кызмат көрсөтүүчүнүн өкүлү________________________________________________________

автомобиль жолунун участкасын тутуу боюнча аткарылган жумуштарды кабыл алууда  жазма буйрукта белгиленген километрлерге биргелешкен текшерүүнү жүргүзүштү

________________________________________________________________________

(автомобиль жолунун аталышы)

 

км___+___ — км___+___ ( «__» ___ 20__-ж №_________келишим)

 

Комиссиялык караштыруунун натыйжалары боюнча төмөндөгүлөр тастыкталды:

 

№ п/п Кемчиликтери белгиленген километрлердин тизмеси

 

Кемчиликтердин аталыштары Иш жүзүндө аткаруу, жоюлду/ жоюлган жок

 

Эскертүү
1 2 3 4 5
         
         

 

Натыйжа: Билдирүүдө белгиленген кемчиликтер бекитилген мөөнөттө жоюлду/жоюлган жок.

(керексизди чийип сал)

Билдирүү аткарылды/аткарылган жок деп эсептелсин.

(керексизди чийип сал)

Кызмат көрсөтүүчүгө санкцияларды түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык колдонуу/ колдонбоо керек.

(керексизди чийип сал)

 

Тапшырыкчынын өкүлү________________________________________________________________

(кызматы)                                                   (колу)                                 (Аты-жөнү)

Кызмат көрсөтүүчүнүн өкүлү________________________________________________________

(кызматы)                                                   (колу)                                 (Аты-жөнү)


Тиркеме № 6
Кемчиликтерди каттоо журналы  

 

Кемчилик табылган күн Кемчилик табылган орду, км. Кемчиликтин түрү Кемчиликтин өлчөмү жана мүнөздөмөсү

 

Оңдоп-түзөөнүн талап кылынган түрү

 

Кемчиликти жоюунун пландаштырылган күнү

 

Кемчиликти иш жүзүндө жоюу күнү Жооптуу адамдын аты-жөнү
Элемент дороги Километр
                   
                   
                   

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме № 7

Автомобиль жолун тейлөөдө кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуунун

АКТЫСЫ

                                  

( «__» __ 20__ж. «__» __ 20__-ж. чейинки мезгилде)

 

 

Комиссиянын курамы:

Тапшырыкчынын өкүлү________________________________________________________________

Кызмат көрсөтүүчүнүн өкүлү________________________________________________________

автомобиль жолун жана андагы  жасалма жол курулуштарын тутуунун деңгээлин баалоону жүргүздү_________________________________________

(автомобиль жолунун аталышы

 

км___+___ — км___+___ ( «__» ___ 20__-ж №_________келишим)

 

жана төмөнкүлөрдү тастыктады:

  1. Бардыгы изилденди ______ км
  2. Төмөнкү километрлер тутуунун деңгээлине ылайык келбейт ______________ (келишим боюнча тутуунун деңгээли)

________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Бардыгы______ км

  1. Тутуу деңгээлине туура келет ____________________________                                                       (келишим боюнча тутуунун деңгээли)

Бардыгы: ______ км

Автомобиль жолдорун тутуунун кемчиликтеринен улам канааттандырбаган жол шарттары кошумча болгон жол-транспорттук окуялар (участкада/ларда катталган эмес же катталган,  участкалардын  дарегин көрсөтүү керек

_______________________________________________________________________________________________

 

Комиссия текшерүүнүн натыйжасында:

Отчеттук мезгилде автомобиль жолун жана анын конструктивдүү элементтерин тутуу боюнча  талап кылынган деңгээл:

— туура келет жана төлөөгө жатат*;

— туура келбейт, төлөөгө жатпайт* деп эсептейт.

(керексизди чийип сал)

 

Тапшырыкчынын өкүлү                           Кызмат көрсөтүүчүнүн өкүлү ______________________                               ________________________

М.П.                                                           М.П.

 

*— актыга автомобиль жолун тутуу деңгээлин баалоонун Ведомосту тиркелет.