mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

ЖАЛПЫ ПАЙДАЛАНУУДАГЫ АВТОМОБИЛЬ ЖОЛДОРУН КУРУУДА, РЕКОНСТРУКЦИЯЛООДО ЖАНА ОҢДООДО ИШТЕРДИН САПАТЫН КӨЗӨМӨЛДӨӨ СИСТЕМДҮҮЛҮГҮН КАМСЫЗДОО ЖӨНҮНДӨ ЖОБО

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинин 2017-жылдын 4-майы № 165 буйругуменен бекитилген

 

 

ЖАЛПЫ ПАЙДАЛАНУУДАГЫ АВТОМОБИЛЬ ЖОЛДОРУН  КУРУУДА, РЕКОНСТРУКЦИЯЛООДО ЖАНА ОҢДООДО  ИШТЕРДИН САПАТЫН КӨЗӨМӨЛДӨӨ СИСТЕМДҮҮЛҮГҮН  КАМСЫЗДОО ЖӨНҮНДӨ

ЖОБО

КОЛДОНУУ ТАРМАГЫ

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын курууда, реконструкциялоодо жана оңдоодо  иштердин (мындан ары жол-курулуш жумуштары)  сапатын көзөмөлдөө системдүүлүгүн камсыздоо  жөнүндө жобо Бажы Биримдигинин «Автомобиль жолдорунун коопсуздугу» ТР ТС 014/2011 техникалык реглментинини талаптарына ылайык иштелип чыгып республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлгөн автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо жана оңдоодо иштердин сапатын көзөмөлдөө системдүүлүгүн уюштуруу  талаптарын белгилейт.

Ушул Жобонун талаптары автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жана оңдоо иштерине катышкан бардык тараптарга аткаруу үчүн милдеттүү.

ТЕРМИНДЕР ЖАНА АНЫКТАМАЛАР

Заказчы —  автомобиль жолу боюнча чарбачылык жүргүзгөн (ыкчам башкаруу) мамлекеттик бийлик органы.

Подрядчы —  Заказчы менен жол-курулуш жумуштарын жүргүзүүгө келишим түзгөн менчигинин түрүнө карабастан жеке же юридикалык жак.

Жол-курулуш жумуштары – автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын куруу, реконструкциялоо, оңдоо боюнча жумуштар.

Өндүрүштүк көзөмөлү – аткарылган жол-курулуш жумуштарынын долбоордук документтерге жана техникалык регламенттердин талаптарына дал келүүсүн көзөмөлдөө.

Кирүү көзөмөлү – объектиге келип түшкөн материалдардын, ошондой эле техникалык документтердин колдонуудагы ченемдик документтерге дал келүүсүн текшерүү.

Операциялык көзөмөлү – технологиялык операцияларды аткаруу менен бирге аткарылуучу жол-курулуш жумуштарын аткаруунун технологиялык процессин көзөмөлдөө.

Кабыл алуу көзөмөлү – аткарылган жол-курулуш жумуштарынын, ошондой эле жоопкерчиликтүү конструкциялардын сапатын текшерүү.

Геодезиялык көзөмөлү – жайгаштыруучу жумуштарды аспаптык текшерүү жана аткарылган курулуш жумуштарынын долбоорго жана ченемдердин талаптарына дал келүүсүн аныктоого багытталган Автомобиль жолдорунун жана жол курулмалардын аткарылган элементтеринин жана конструкцияларынын геометриялык параметрлерин аспаптык ченөө.

Лабораториялык көзөмөлү – курулуш материалдарынын физикалык — механикалык маңызын жана сапатын, ошондой эле сынамдарды (проба) жана үлгүлөрдү аныктоо.

Инспекциялык көзөмөлү – мурда аткарылган көзөмөлдөөнун таасирдүүлүгүн текшерүү максатында атайын ыйгарым укуктуу жактар тарабынан жүргүзүлүүчү көзөмөлдөө.

Техникалык көзөмөлү – курулуш-монтаждоо жумуштарынын, колдонулган материалдардын, буюмдардын, конструкциялардын жана жабдуулардын ченемдик – техникалык жана бекитилген долбоордук – сметалык документацияларга ылайыктуулугун, ошондой эле күбөлөндүрүү, кабыл алуу жана аткарылган жумуштарды эсепке алууга  Заказчынын туруктуу инженердик көзөмөлдөөсү.

Инженер – консультант – Заказчынын жана Подрядчынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналбаган техникалык көзөмөлдөө кызматын көрсөткөн жеке же юридикалык жак.

Автордук көзөмөлү – жумушчу документтерде камтылган чечимдердин объектиде аткарылып жаткан курулуш-монтаждоо жумуштарына дал келүүсүн камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөн долбоорлоочунун жоопкерчиликтүү өкүлүнүн көзөмөлү.

Аткаруу өндүрүштүк-техникалык документациясы – курулуш-оңдоо жумуштарын өндүрүүнүн бардык процесстерин көрсөткөн жана тигил же бул жумуштарды өндүрүү жөнүндө зарыл маалыматтарды камтыган, сыноолордун жана ченөөлөрдүн жыйынтыктарын, ошондой эле өнүмдүн сапаты жөнүндө башка документтерди камтыган подряддык уюмдун документтеринин комплектиси.

Ченемдик-техникалык документтери – Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуудагы техникалык регламенттери, эл-аралык жана улуттук стандарттары, эрежелер жыйындысы (анын ичинде курулуш ченемдери жана эрежелери).

Бул Жободо төмөнкүдөй кыскартуулар бар:

МАМСТ – Мамлекеттик стандарт;

КЧжЭ – курулуш ченемдери жана эрежелери;

ЭЖ – эрежелер жыйындысы;

ВКН – ведомстволук курулуш нормалары.

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

Жол куруу уюму курулуш жумуштарынын сапатын көзөмөлдөө системдүүлүгүн карайт.

Жол-курулуш жумуштарынын сапатын көзөмөлдөө системдүүлүгүнун максаттары төмөнкүлөр:

— аткарылган жумуштардын жана колдонулган материалдардын, буюмдардын жана конструкциялардын белгиленген тартипте бекитилген долбоордук документтердин, техникалык спецификациялардын, жана колдонуудагы ченемдик-техникалык документтердин талаптарына дал келүүсүн камсыз кылуу;

— шаар куруу ишмердиги тармагында мыйзамдын, долбоордук документтердин, техникалык регламенттердин, стандарттардын жана башка ченемдик документтердин талаптарынын бузулушун жоюу;

— түзүлүп жаткан курулуш өнүмдөрүнүн жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын  ченемдик талаптарга жана керектөөчүлөрдүн талаптарына ылайык келүүсүн камсыз кылуу.

Жол-курулуш жумуштарынын сапатын көзөмөлдөө системдүүлүгүнүн милдеттери төмөнкүлөр:

— курулуш материалдарынын, конструкциялардын, буюмдардын жана аткарылган жумуштардын сапаттык көрсөткүчтөрүнүн долбоордук чечимдер жана техникалык регламенттер тарабынан белгиленген талаптарга дал келүүсүн аныктоо;

— жумуштун сапатын жогорулатуу, кайра жасоого, кемтиктерди, жараксыздыктарды жана башка ылайык келбестиктерди жоюуга кеткен өндүрүмдүү эмес чыгашаларды төмөндөтүү;

— кемтиктерди, жараксыздыктарды жана жумуш өндүрүүнүн эрежелерин бузууларды, башка ылайык келбестиктерди, ошондой эле анын пайда болуу себептерин өз убагында табуу, жоюу жана алдын алуу;

— өндүрүштүк жана технологиялык тартипти, жумушчулардын курулуш-монтаждоо жумуштарынын жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын камсыз кылуу үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу;

Жол-курулуш жумуштарынын сапатын көзөмөлдөө системдүүлүгү төмөнкү элементтерден турат:

— курулуштук көзөмөлдөө (долбоордук документтин кирүү көзөмөлү, курулуш материалдарынын жана жабдуулардын кирүү көзөмөлү, операциялык көзөмөлү, геодезиялык көзөмөлү, лабораториялык көзөмөлү, кабыл алуу көзөмөлү);

— ченемдик документтердин бар экендиги (техникалык регламенттер, эрежелер жыйындысы, эл-аралык жана улуттук стандарттары, технологиялык карталар, нускамалар);

— кызматтык жактарга жоопкерчиликти жана ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү менен сапатты көзөмөлдөө системдүүлүгүн камсыз кылуучу уюштуруучу түзүмдү түзүү;

—   курулуш көзөмөлдөөнүн жыйынтыктарын жол-жоболоштуруу боюнча аткаруу өндүрүштүк-техникалык документациясын жүргүзүү (жумуш жүргүзүү журналы, көзөмөлдөө түрүнүн журналы, атайын ведомосттор, көмүскө жумуштардын актысы, жоопкерчиликтүү конструкцияларды күбөлөндүрүү актысы, аткаруучу схемалар).

Курулуш көзөмөлдөө төмөнкүлөрдү ичине камтыйт:

— Подрядчы тарабынан жүргүзүлүүчү курулуш көзөмөлдөө – өндүрүштүк  көзөмөлү;

— Заказчы тарабынан ишке ашырылуучу курулуш көзөмөлдөө – техникалык көзөмөлү.

Бардык түрдөгү көзөмөлдөөнун жыйынтык маалыматтары тийиштүү журналдарда, актыларда, аткаруучу сүрөттөрдө жазылат жана документтештирилет.

ЖОЛ-КУРУЛУШ ЖУМУШТАРЫНЫН САПАТЫН КӨЗӨМӨЛҮН УЮШТУРУУ

Курулуштун катышуучулары өзүнүн тескөөчү документтери менен персоналдык түрдө объектиге жоопкерчиликтүү кызмат адамдарын дайындайт:

—  Подрядчынын жоопкерчиликтүү өкүлү —  уюмдун жогорку жетектөөчү курамынан жумуштардын аткарылышына жана сапатына жооптуу кызмат адамы (башкы инженер, техникалык директор);

— Заказчынын жоопкерчиликтүү өкүлү – жол-курулуш жумуштарынын сапатын көзөмөлдөө системдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча жалпы жетекчилик үчүн – Подрядчы тарабынан өндүрүштүк көзөмөлүнүн жүргүзүлүшүнө жана техникалык көзөмөлдү ишке ашыруусуна жооптуу кызмат адамы;

— Инженер-консультанттын жоопкерчиликтүү өкүлү —  туруктуу техникалык көзөмөлүн жүргүзүүгө жооптуу кызмат адамы. Жеке консультант техникалык көзөмөлүн жүргүзүүгө өз алдынча жалпы жетекчиликти ишке ашырууга укуктуу.

— долбоордук уюмдун жоопкерчиликтүү өкүлү – автордук көзөмөлүн жүргүзүүчү жак – долбоордун автору.

Техникалык көзөмөлүн ишке ашыруу боюнча өз иш-милдеттерин аткаруу үчүн Заказчы мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте (КР“Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамы) Инженер консультантты (Заказчынын жана Подрядчынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналбаган жеке же юридикалык жак) тартуусу мүмкүн.

ӨНДҮРҮШТҮК КӨЗӨМӨЛҮ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛҮ

Жол-курулуш жумуштарын жүргүзүү процессинде техникалык көзөмөлү жана өндүрүштүк көзөмөлү Заказчы жана Подрядчы тарабынан төмөнкү максаттарда ишке ашырылат:

— курулуп жаткан объектинин бардык конструкциялык элементтери боюнча жумуштардын долбоордук жана ченемдик-техникалык документтерге ылайык аткарылышын  камсыз кылуу;

— колдонулуп жаткан материалдардын, буюмдардын жана конструкциялардын долбоордун, техникалык тармактын, улуттук стандарттардын жана башка регламенттөөчү документтердин талаптарына ылайык келишин камсыз кылуу;

— аткарылган жумуш көлөмдөрүнүн берилген өндүрүштүк-техникалык документтерге ылайык келишин текшерүү;

— аралыктык кабыл алууну  өз убагында жүргүзүүнү камсыз кылуу.

Подрядчынын өндүрүштүк көзөмөлдү төмөнкүлөрдү камтыйт:

Заказчы тарабынан берилген долбоордук документтердин кирүүчү көзөмөлү.

колдонуудагы курулуш материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды кирүүчү көзөмөлү;

колдонуудагы курулуш материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды жыюу жана  сактоо  белгиленген ченемдердине жана эрежелерине дал келүүсүн көзөмөлдөө;

жол-курулуш жумуштарынын ырааттуулугун жана технологиялык операциялардын курамын көзөмөлдөө;

Заказчы же Инженер-консультант (ал каралган учурда) менен биргелешип тиешелүү актылардын түзүүсү менен көмүскө жумуштарды күбөлөндүрүү жана жооптуу конструкцияларды аралыктык кабыл алуу;

Инженер-консультант (ал каралган учурда) менен биргелешип жумуштардын аяктаган түрлөрүн (этаптарын) аткаруучулардан (бригадалардан, звенолордон, өзүнчө жумушчулардан) кабыл алуу.

Заказчынын техникалык көзөмөлү төмөнкүлөрдү камтыйт:

Подрядчынын колдонуудагы курулуш материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды кирүүчү көзөмөлүнүн аткарылышынын курамын жана өз убактысын жана анын жыйынтыгын документтештирүүсүн текшерүү;

Подрядчынын колдонуудагы өнүмдү жыюу жана сактоо эрежелерин сакталышы боюнча контролдук  иш-чараларынын аткарылышын текшерүү;

Подрядчынын аяктаган жумуштарынын түрлөрүн (этаптарын) кабыл алуу;

көмүскө жумуштарды күбөлөндүрүү жана жооптуу конструкцияларды аралыктык кабыл алуу;

Подрядчынын жумуш аткаруусунун көлөмүн жана мөөнөтүн контрактын шарттарына дал келүүсүн текшерүү;

курулуш  же оңдоо жумуштары менен аяктаган объектилердин сапатын долбоордук документтерге, инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына жана техникалык регламенттердин талаптарына дал келүүсүн текшерүү жана баалоо;

Подрядчынын аткаруу өндүрүштүк-техникалык документациясынын жана  жумуштарды эсепке алуу журналдарын  бар болуусун жана тууралыгын көзөмөлдөө.

Техникалык көзөмөлүн ишке ашыруу боюнча Инженер-консультант тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын көлөмү туруктуу техникалык көзөмөлүн жүргүзүү жана Заказчынын, подрядчынын жана инженер – консультанттын өз ара байланышы жөнүндө Жободо белгиленген (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы №742 Токтому).

ДОЛБООРДУК ДОКУМЕНТТЕРДИ КИРҮҮ КӨЗӨМӨЛҮ

Долбоордук документтерге кирүү көзөмөлү анын мыйзамдардын, техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, мамлекеттик стандарттардын жана башка ченемдик документтердин талаптарына ылайыктуулугун аныктоо үчүн жүргүзүлөт.

Заказчынын иш-милдетин аткаруу үчүн келишим боюнча тартылган Заказчы же Инженер-консультант тарабынан жүргүзүлгөн долбоордук документтердин кирүү көзөмөлү долбоордук жумуштарды аткарууга келишимдин негизинде аны долбоордук уюмдан алуу процессинде жүргүзүлөт.

Долбоордук документтердин кирүү көзөмөлү жүрүшүндө  Подрядчы берилген документтердин барын, анын ичинде жумушчу документтерин талдоого алуусу жана алардын комплекттүүлүгүн текшерүүсү керек.

Кемчиликтер табылган учурда тийиштүү документтер кирүү көзөмөлүнүн жыйынтык актысы тиркелип, анда табылган кемчиликтерди көрсөтүү  менен толуктоо үчүн кайтарылып берилет.

Подрядчы  Заказчы тарабынан берилген геодезиялык бөлүү негиздерин кабыл алууну аткарат, аны белгиленген талаптарга тактыгын, аймакка бекитилген белгилердин бекемдигине ылайыктуулугун текшерет.

Заказчынын  геодезиялык бөлүү негиздерин кабыл алууну тиешелүү акт менен жол-жоболоштуруу керек.

Долбоордук документтердин кирүү көзөмөлүнүн жыйынтыктары кирүү көзөмөлү боюнча журналда документтештирилиши керек.

КУРУЛУШ МАТЕРИАЛДАРЫН, КОНСТРУКЦИЯЛАРДЫН, БУЮМДАРДЫН ЖАНА ЖАБДУУЛАРДЫН КИРҮҮ КӨЗӨМӨЛҮ

Өнүмдөрдүн (курулуш материалдары, буюмдар, конструкциялар жана жабдуулар) кирүү көзөмөлүнүн максаты курулушта улуттук стандарттардын, техникалык шарттардын жана башка ченемдик документтердин талаптарына ылайык келбеген материалдарды, жана жабдууларды колдонууга жол бербөө болуп саналат.

Өнүмдөрдүн  кирүү көзөмөлү объектиге курулуш материалдары, буюмдар, конструкциялар жана жабдуулар келип түшкөндө дайыма өткөрүлөт.

Кирүү көзөмөлүндө объектиге ташылып келген курулуш материалдарынын,  буюмдардын, конструкциялардын жана жабдуулардын сапаттык көрсөткүчтөрүнүн стандарттардын, техникалык шарттардын жана долбоордук документтерде жана (же) подряд келишиминде көрсөтүлгөн аларга техникалык күбөлүктөрдүн талаптарына ылайыктуулугу текшерилет. Ошону менен бирге көрсөтүлгөн курулуш материалдардын, буюмдардын, конструкциялардын жана жабдуулардын сапатын тастыктаган  коштомо документтердин (паспорттор, коштомо кагаздар, сертификаттар жана башка коштомо документтер) бар экендиги жана анын мазмуну текшерилет. Көзөмөлдөөчу өлчөөлөр жана сынамдар аркылуу (лабораториялык көзөмөлү) алардын долбоордук, ченемдик жана коштомо документтердин талаптарына ылайыктуулугу текшерилет. Бул өлчөө жана сыноолордун методдору жана каражаттары улуттук стандарттарга, техникалык өзгөчөлүктөргө жана (же) материалдарга жана буюмдарга техникалык күбөлүктөргө ылайык келүүсү керек.

Кирүү көзөмөлүн жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу жак тарабынан атайын акт түзүлөт, анын текстинде ташылып келген материалдар ченемдик жана долбоордук документтерге ылайык келгендиги тууралуу корутунду жазылышы керек.

Белгиленген талаптарга жооп бербегендиги кирүү көзөмөлү тарабынан табылган курулуш материалдарын, буюмдарды, конструкцияларды жана жабдууларды (өнүмдөр) жарактууларынан бөлүп жана белги коюу керек.

Белгиленген талаптарга жооп бербеген өнүмдөрдү пайдаланууга жол берилбейт. Заказчы жумуштардын токтотулгандыгын жана анын себептери тууралуу маалымдалышы керек.

Курулуш материалдарынын жана буюмдардын кирүү көзөмөлүнүн жыйынтыктары кирүү көзөмөлүнүн журналында жана (же) лабораториялык көзөмөлүнүн журналында документтештирилүүсү керек.

Жыюу жана  сактоо эрежелерин текшерүүдө  белгиленген ченемдердин жана эрежелердин бузулгандыгы табылса, бузулуу менен сакталган өнүмдөрдү анын сапаттык көрсөткүчтөрүнүн долбоордук документтердин, техникалык регламенттердин, техникалык тастыктоолордун талаптарына ылайыктуулугун аныктаганга чейин курулуш үчүн пайдаланууга жол берилбейт.

ОПЕРАЦИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛҮ

Операциялык көзөмөлү курулуш процесстерин /жумуштардын түрлөрүн же технологиялык операцияларды аткарууда ишке ашырылышы керек жана кемтиктерди жана алардын пайда болуу себептерин   өз убагында табууну, ошондой эле аларды жоюу жана алдын алуу боюнча чараларды колдонууну камсыз кылуусу керек.

Операциялык көзөмөлү менен төмөнкүлөр текшерилет:

жумуштун аткаруу технологиясын, ырааттуулугун жана аткарылып жаткан технологиялык операциялардын курамын долбоордук докменттердин  жана ченемдик документтердин талаптарына ылайык келүүсүн сактоо;

операцияларды аткаруунун сапат көрсөткүчтөрүн жана  алардын жыйынтыгын долбоордук жана техникалык документтерге жана  ошондой эле ушул технологиялык операцияларга тиешелүү ченемдик документтердин талаптарына ылайык келүүсү;

кемтиктерди жана алардын пайда болуу себептерин   өз убагында табуу, ошондой эле аларды жоюу жана алдын алуу боюнча чараларды көрүү;

Аткаруу өндүрүштүк-техникалык документациясыдин жол-жоболоштуруунун өз убагында жана туура болушу;

колдонулуучу материалдардын, буюмдардын жана конструкциялардын долбоордук жана ченемдик документтердин талаптарына ылайык келишин камсыз кылуу;

кийинки операцияларды мурунку процесстерде кетирген бардык кемтиктер жоюлгандан кийин аткаруу;

жумуштар журналында белгиленген кемчиликтерди аткарылган жумуштарды көзөмөлдөөнун жана көзөмөлдөөнүн жүрүшүндө жоюу.

Жумуш жүргүзүү технологиясынан четтөөлөр табылган учурда Подрядчы четтөөлөрдүн пайда болуу себептерин жоюуга жана аткарылган жумуштардын кемтигин жоюуга чейин кечиктирбестен жумуш жүргүзүүнү токтотот. Жумуш жүргүзүү технологиясынан четтөөлөр табылгандыгы табылган жана жоюлган кемтиктерди каттоо боюнча тийиштүү журналда жазылуусу керек.

Контролдук операциялардын аткаруу орду, алардын тездиги, аткаруучулар, ченөө методдору жана каражаттары, жыйынтыктарды жазуу түрү, белгиленген талаптарга дал келбестик табылган учурда чечим кабыл алуу долбоордук, техникалык жана ченемдик документтерге ылайык болушу керек.

Операциялык көзөмөлүнүн жыйынтыктары жумуштарды эсепке алуу боюнча жалпы журналда жазылат, кийин курулушу аяктаган объектилерди эксплуатацияга өткөрүп берүү үчүн Аткаруу өндүрүштүк-техникалык документациясыдин курамына киргизилүүчү тийиштүү актыларда жана корутундуларда белгиленет.

КАБЫЛ АЛУУ КӨЗӨМӨЛҮ ЖАНА АТКАРЫЛГАН ЖУМШТАРДЫ АРАЛЫКТЫК КАБЫЛ АЛУУ

Кабыл алуу көзөмөлү курулушу аяктаган жана кабыл алууга берилген курулуш объектилерин жана жол оңдоолорду, ошондой эле көмүскө жумуштарды жана өзүнчө жооптуу конструкциялардын сапатынын долбоордук жана ченемдик документтерге ылайык келишин текшерүү үчүн жүргүзүлөт.

Кабыл алуу көзөмөлүнүн жыйынтыгы боюнча көзөмөлдөөдө объектинин эксплуатациялоо жарактуулугу же кийинки жумуштарды аткаруу жөнүндө  документтештирилген чечим кабыл алынат.

Аткарылган жумуштарды кабыл алуу көзөмөлү төмөнкүдөй ишке ашырылат:

аткаруучулардан (бригадалардан, звенолордон, өзүнчө жумушчулардан) жумуштарды күн сайын кабыл алуу;

көмүскө жумуштарды жана жоопту конструкцияларды аралыктык кабыл алууда;

курулуш же оңдоо иштери аяктаган объектилерди кабыл алууга тапшыруу иштеринин жүрүшүндө.

Кабыл алуу көзөмөлунун жыйынтыктары жумуштардын журналында, көмүскө жумуштарды жана жооптуу конструкцияларды аралыктык кабыл алуу актыларында (күбөлөндүрүү) жана колдонуудагы ченемдерде каралган башка документтерде жазылат.

Көмүскө жумуштарды күбөлөндүрүүнүн ар бир актысында жана жооптуу конструкцияларды кабыл алуу актыларында контролдук ченөө ведомосттору, сыноо жыйынтыктары, аткаруучу схемалар милдеттүү түрдө тиркелет.

Операциялык көзөмөлдөө жана кабыл алуу көзөмөлунун (аткарылган жумуштарды кабыл алуу) жүрүшүндө жүргүзүлүүчү контролдук ченөөлөрдүн жана сыноолордун көлөмдөрү техникалык өзгөчөлүктөрдүн талаптарына жана КЧжЭ 3.06.03-85 “Автомобиль жолдор”, КР ЭЖ 32-01:2006 “Автомобиль жолдорун курулуш жана оңдоо боюнча техникалык эрежелер жыйынтыгы” бөлүмдөрүнө дал келүүсү керек.

Жумуштарды кабыл алуунун эрежелери жана аткарылган жумуштарды аралыктык кабыл алууну жүргүзүү тартиби жол курулушунда ВКЧ 19-89 “Автомобиль жолдорун курулуш жана оңдоо жумуштарын кабыл алуу эрежелери” жана МАМСТ 32756-2014 ББ ТР 014/2011 “Аткарылган жумуштарды аралыктык кабыл алуу жүргүзүүнүн талаптары”.

АТКАРУУ ӨНДҮРҮШТҮК-ТЕХНИКАЛЫК ДОКУМЕНТАЦИЯСЫ

Аткаруу өндүрүштүк-техникалык документациясы – куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо, Автомобиль жолдорун жана аларга жол курулмаларды оңдоо  процессинде курулуштун катышуучулары жана кызыкдар уюмдар тарабынан юридикалык тастыктоо максатында жол-жоболоштурулган документтердин жыйындысы:

а) конкреттүү жумуштун түрлөрүнүн аткарылуу фактысы;

б) алардын талап кылынган сапаттык деңгээли, долбоорго жана ченемдик техникалык документтерге дал келиши;

в) жумуштарды аткарууда конкреттүү аткаруучулардын (уюмдар, бөлүмдөр же жактар) катышуусу;

г) кийинки жумуштардын түрлөрүн өндүрүү мүмкүнчүлүгү.

Аткаруу өндүрүштүк-техникалык документациясыдин бар экендиги жол-курулуш жумуштарынын өзүнчө түрүн кабыл алуу үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.

Жол-курулуш жумуштарын аткаруучу уюмдар курулуштун, реконструкциялоонун жана автомобиль жолдорун оңдоонун бардык процессин чагылдырган аткаруу өндүрүштүк-техникалык документациясын өз убагында түзүүгө милдеттүү.

Аткаруу  өндүрүштүк-техникалык документациясынын  толуктугун жана сапатын, көмүскө жумуштардын жана жооптуу конструкцияларды аралыктык кабыл алуулардын актыларынын өз убагында түзүлүшүн көзөмөлдөө Подряддык уюмдун жоопкерчиликтүү өкүлүнүн жана Заказчынын техникалык көзөмөлдөө кызматынын же Инженер-консультант (ал каралган учурда)  милдети болуп эсептелет.

Аткаруу өндүрүштүк-техникалык документациясы жумуш жүргүзгөн жерде сакталат жана Заказчынын өкүлүнүн же мыйзамдар менен аныкталган  жактын талабы боюнча берилет.

Курулуш аяктагандан кийин аткаруу өндүрүштүк-техникалык документациясынын бир нускасы Заказчыга берилет.

Аткаруу өндүрүштүк-техникалык документациясы Автомобиль жолдорунун тийиштүү конструктивдик элементтерин кабыл алуу жүргүзүүгө чейин түзүлөт.

Аткарылган жумуштардын сапатын жана көлөмүн бышыктоо жана кийинки жумуштардын түрлөрүн аткарууга уруксат берүүгө жооптуу аткаруучу документтерге көмүскө жумуштарды жана жооптуу конструкцияларды күбөлөндүрүү актысы кирет.

Курулуш объектилерине жана оңдоого негизги аткаруу өндүрүштүк-техникалык документациясыди жүргүзүү тартиби жана болжолдуу тизмеси ВКЧ 19-89 “Автомобиль жолдорун курулуш жана оңдоо жумуштарын кабыл алуу эрежелеринде” жана МАМСТ 32756-2014 “Аткарылган жумуштарды аралыктык кабыл алуу жүргүзүүнүн талаптарында”  берилген.

ЛАБОРАТОРИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛҮ (ЛАБОРАТОРИЯЛЫК КОШТОМО)

Подрядчы колдонуудагы ченемдик техникалык документтердин талаптарына жооп берген сапатты камсыз кылуу системдүүлүгүна ээ болушу керек. Анын негизги элементтеринин бири болуп  сыноо лабораториясы эсептелет.

Лабораториянын сыноонун тиешелүү түрлөрүнө аккредитациясы болушу керек, же өлчөмдөрдүн абалына расмий баа берүү (аттестацияга) жөнүндө  күбөлүгү, өлчөөгө зарыл болгон ишеним берилген (калибрленген) өлчөм каражаттары жана аттестацияланган сыноо жабдуусу, актуалдаштырылган ченемдик-техникалык документтери, лаборатория жөнүндө иштелип чыккан жана бекитилген  жобосу, адистердин кызматтык нускамалары болуусу керек.

Өзүнүн лабораториясы жок Подрядчы техникалык компетенттүүлүгү жогоруда саналган талаптарга жооп берген башка лаборатория менен келишим түзүүсү керек.

Лабораторияда жүргүзүлгөн көзөмөлдөө жана сыноолор кабыл алынган жана колдонулган курулуш материалдары жана аткарылган жумуш үчүн Подряддык уюмду жоопкерчиликтен  бошотпойт.

Лабораториянын иш-милдеттери:

келип түшкөн курулуш материалдарын, буюмдардын, конструкциялардын, чала фабрикаттардын, шагылдын ж.б. сапатына кирүү көзөмөлун жүргүзүү;

аткарылган жумуштардын сапатына операциялык контролду ишке ашырууга катышуу;

аралыктык кабыл алуу жана кабыл алуу көзөмөлуна катышуу;

аралашмалардын курамын тандоо жана материалдарды сарптоо ченемдерин аныктоо;

жарксыз өнүмдөрдү алдын алуу жана өнүмдүн сапатын жогорулатуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу;

Лабораториянын милдеттери:

сыноолорду тандоону, объектиге түшкөн материалдарды, аралашмаларды, буюмдарды  жана конструкцияларды, талаа сыноосу үчүн материалдарды жана конструкцияларды, сыноолордун жыйынтыктарын жол-жоболоштурууну өз убагында жана белгиленген көлөмдө жүргүзүүгө;

өндүрүүчүлөргө жана Подрядчынын администрациясына материалдардын, буюмдардын, конструкциялардын  канааттандырарлык эмес сапаты тууралуу өз убагында билдирүүгө;

аралашмалардын курамынын сакталышына жана аларды өз убагында оңдоого тутумдуу көзөмөлдөө жүргүзүүгө.

Жүргүзүлгөн лабораториялык сыноолордун толуктугун жана сапатын жана алардын улуттук стандарттарга жана техникалык өзгөчөлүккө ылайыктуулугуна көзөмөлдөө жүргүзүү Заказчынын же Инженер-консультанттын (ал каралган учурда) компетенттүү адистери тарабынан туруктуу техникалык көзөмөлдүн алкагында үзгүлтүксүз ишке ашырылат.

Подрядчы талап кылынган сапаттагы, долбоордук чечимдерде белгиленген  материалдарды ташып келүү булагын тандайт жана лабораториялык сыноонун жыйынтыгынын негизинде аралашмалардын курамын тандоону жүргүзөт жана белгиленген тартипте аларды жумуш башталганга чейин Заказчы менен макулдашат.

Материалдарды сыноо Кыргыз Республикасынын аймыганда колдонуудагы МАМСТарынын, жана ошондой эле Бажы Биримдигинин “Автомобиль жолдорунун коопсуздугу” техникалык регламентинин МАМСТарынын талаптарына  ылайык жүргүзүлөт.

Ташылып келген материалдардын, буюмдардын жана конструкциялардын сапаттарын лабораториялык камсыз кылуу кийин керектөөчүгө тиешелүү коштомо документтерди (паспортторду, сертификаттарды) берүү менен өндүрүүчү ишканалардын лабораториялары же көмөкчү өндүрүүчү ишканалар тарабынан ишке ашырылат.

Объектиде сапатсыз же долбоордук талаптарга жооп бербеген материалдар, буюмдар жана конструкциялар табылган учурда Подрядчыга жумуштарды токтотуу боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилет; эскертүү  жазуу түрүндө берилет жана аткарууга милдеттүү. Жумуштарды токтотуу жөнүндө кечиктирилбестен Заказчынын жана Подрядчынын жетекчилигине баяндалат.

Жумуштарды токтотуу жөнүндө көрсөтмө кемтиктер жана ылайык эместик себептери жоюлгандан кийин гана жокко чыгарылат.

Подрядчы материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды пайдалануунун бардык баскычында лабораториялык контролду ишке ашырууга милдеттүү.

ГЕОДЕЗИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛ (ГЕОДЕЗИЯЛЫК КОШТОМО)

Геодезиялык көзөмөлдөөдо курулуш жумуштарынын долбоордун геометриялык параметрлерине жана ченем талаптарына ылайык туура аткарылышына аспаптык көзөмөлдөө, геометриялык көлөмдөрдүн кетирилүүчү четтөөсү бузулган учурда аткарылган жумуштарды  жараксыз деп табуу каралган.

Геодезиялык көзөмөлдөө төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:

1) Заказчыдан анык чыгарылган геодезиялык бөлүү негиздерин кабыл алууда;

2) операциялык жана кабыл алуу көзөмөлунун жүргүзүү процессинде.

Курулуш аянтында жумуштардын геодезиялык коштолушу Подрядчы тарабынан да, Заказчы тарабынан да уюштурулат жана аткарылат.

Заказчынын милдеттери:

курулуш үчүн геодезиялык бөлүү негизин түзүү;

геодезиялык жумуштун бардык көлөмүнүн Подрядчы тарабынан аткарылышына тутумдуу контролду жана көзөмөлдү ишке ашыруу.

Подрядчынын милдеттери:

курулуш процессинде геодезиялык жумуштарды жүргүзүү;

геодезиялык жумуштарды жүргүзүүнүн долбоорлорун иштеп чыгуу (зарыл болгондо);

инженердик тармактар трассасынын параметрлеринин тактыгын геодезиялык көзөмөлдөө;

аткаруучу сүрөттөрдү аткаруу.

Жумуштун сапатына геодезиялык көзөмөлдөө милдеттери жана уюштуруу Заказчынын өндүрүштүк-техникалык кызматына же Инженер-консультанттын геодезиялык кызматына, ал эми түздөн-түз аткаруу Подрядчынын  геодезиялык кызматына жүктөлөт. Курулуш процессинде аткарылган геодезиялык көзөмөлдөө документтик түрдө жол-жоболоштурулуусу керек жана аткаруучу схемаларды, көзөмөлдөө журналын, текшерүү актыларын ж.б. камтуусу керек.

Курулманы тургузуу жана конструкцияларды жана тутумдарды монтаждоо процессинде геодезиялык жумуштарды жана өз убагында көзөмөлдөөну жүргүзүү үчүн геодезиялык профилдеги квалификациялуу адистер, приборлор жана жабдуулар болушу зарыл.

Өлчөөнүн бардык каражаттары жана приборлор – теодолиттер, нивелирлер, рулеткалар ж.б. аттестацияланган жана текшерилген (калибрлеген) болуусу керек.

Подрядчынын  геодезиялык кызматы төмөнкүлөргө милдеттүү:

Заказчыдан бөлүүчү негиздерди кабыл алуу;

курулуш процессинде, аралыктык окту, деталдык бөлүүнү, имараттын чекиттерин  жана огун тигинен жана бийиктиги боюнча белгилерди  берүүдө бөлүү жумуштарын аткаруу;

курулуш процессинде  анын жыйынтыктарын жумуштардын жалпы журналына киргизүү менен аспаптык көзөмөлдөөну ишке ашыруу;

аткаруучу схеманы түзүү менен аткаруучу сүрөттөрдү өз убагында аткаруу;

геодезиялык приборлордун, өлчөө каражаттарынын абалын, алардын туура сакталышын жана эксплуатацияланышын көзөмөлдөө;

Геодезиялык (аспаптык) текшерүүнүн жыйынтыктары жумуштарды эсепке алуунун жалпы журналында жазылат. Элементтерди, конструкцияларды жана курулмалардын бөлүктөрүн аткаруучу геодезиялык сүрөткө тартуунун жыйынтыктары боюнча аткаруучу схемалар түзүлөт.

ИНСПЕКЦИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛҮ

Инспекциялык көзөмөлүнүн жүрүшүндө текшерилип жаткан уюмда  сапатты башкаруу системасынын жана коопсуздук техникасынын иштөөсү текшерилет.

Инспекциялык көзөмөлү курулуштун бардык баскычында Подрядчынын жоопкерчиликтүү адистери менен бирге төмөнкүлөр менен жүргүзүлөт:

— Заказчынын техникалык көзөмөлдөө кызматынын адистери же Инжнер-консультант (ал каралган учурда) тарабынан техникалык көзөмөл алкагында;

— долбоордук уюмдардын өкүлдөрү тарабынан автордук көзөмөл тарабынан;

— курулуш процессинде объектидеги коопсуздукту камсыз кылуу шартында дайындалган мамлекеттик архитектуралык-курулуш боюнча көзөмөлдү (курулуш объектилери үчүн)  ишке ашырган мамлекеттик экотехинспекциянын аймактык органынын адистери тарабынан.

Курулуш-монтаждоо жумуштарынын сапатын инспекциялык көзөмөлү курулуштун бардык баскычында төмөнкүдөй жолдор менен ишке ашырылышы мүмкүн:

— текшерилип жаткан уюмдун сапатты башкаруу системасынын таасирдүүлүгүн, анын ичинде сапатты көзөмөлдөө кызматынын бар экендиги, камсыз болушу жана иш жүргүзүшү, лабораториясынын аттестацияланышы, текшерилген өлчөө аспабынын бар экендигин, квалификациялуу кадрлар менен толукталышы, ченемдик-укуктук камсыз болушу, прибордук камсыз болушу, кирүү, операциялык жана кабыл алуу көзөмөлунун жана алардын документтик берилишинин толуктугу текшерилет;

— техникалык же автордук көзөмөл жүрүшүндө табылган бузууларды жоюунун толуктугун жана өз убактысын текшерүү;

— курулуш объектисинде уруксат берүүчү, долбоордук, технологиялык жана эксплуатациялык документтердин, персоналдын квалификациясын бышыктаган журналдардын, буйруктардын, документтердин,  эмгекти коргоо боюнча нускаманын, ченемдик-техникалык документтердин бар экендигин текшерүү;

— объектидеги кампада материалдардын жана жабдуулардын жыйылышынын жана сакталышынын тууралыгын текшерүү;

— жазуулардын толуктугун, өз убагында жана так жүргүзүлгөндүгүн, Жалпы жана жумуштардын атайын журналын жүргүзүүнү жана сактоону текшерүү;

— лабораториялык көзөмөлдөөнун толуктугун жана өз убагында жүргүзүлүшүн текшерүү;

— геодезиялык көзөмөлдөөнун толуктугун жана өз убагында жүргүзүлүшүн текшерүү;

— курулуш объектисинин метеорологиялык камсыз болушун текшерүү;

— курулуш-монтаждоо жумуштарынын сапатын, анын ичинде, жумуштарды аткаруунун талап кылынган технологиясын сактоону жана зарыл механизация каражаттары менен жабдылышын текшерүү;

Курулуш жумуштарын аткаруу технологиясын, долбоордук документтердин,  КЧжЭ жана башка ченемдик документтердин талаптарын, көзөмөлдөө түрлөрүн жүргүзүү тартибин, коопсуздук техникасынын жана курулуш материалдарын, буюмдарды, конструкцияларды жыюунун талаптарын бузгандык боюнча фактылар табылган учурда инспектордук жак тарабынан Подрядчыга табылган бузууларды жоюу тууралуу жазуу түрүндө эскертүү берилет.

Инспекциялык көзөмөлдөөнун жыйынтыгы боюнча акты түзүлөт же жумуштардын жалпы журналына жазылат.

АВТОРДУК КӨЗӨМӨЛҮ

Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларды курууда долбоорчунун автордук көзөмөлү ишке ашырылат. Башка учурларда автордук көзөмөл Заказчынын чечими боюнча автордук долбоордук уюм менен келишимдин негизинде ишке ашырылат. Автордук көзөмөлдү ишке ашыруунун тартиби курулуш ченемдери жана эрежелери КР КЧжЭ 11-02-00 “Долбоордук уюмдардын ишканаларды, имараттарды жана курулмаларды курууга автордук көзөмөлү жөнүндө Жобо” менен белгиленген.

Автордук көзөмөл, жалпы эреже катары, курулуштун жана эксплуатацияга киргизүүнүн бардык мезгилдеринде, зарыл болгон учурда жана аны эксплуатациялоонун башында да жүргүзүлөт.

Автордук көзөмөлдү ишке ашырган адистер кийинки конструкцияларды тургузууда көмүскөдөгү жумуштарды; өзүнчө олуттуу конструкцияларды куруу процессинде кабыл алууда күбөлөндүрүүдө катышат.

Автордук көзөмөлдүн жыйынтыктары автордук көзөмөл журналында жазылат, ал Заказчы тарабынан подрядчыга берилет жана объектинин курулушу аяктаганга чейин курулуш аянтында болот.

Автордук көзөмөлдүн өкүлдөрүнүн эскертүүлөрү автордук көзөмөл журналында документтештирилет жана Заказчынын жана подрядчынын жоопкерчиликтүү өкүлдөрүнүн колу менен такталат. Автордук көзөмөлдүн өкүлдөрүнүн эскертүүлөрү боюнча дефектилерди (бузууларды) жоюу алардын катышуусу менен документтештирилет.