mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу жана кайрадан куруу долбоорлорун стратегиялык пландарга киргизүү тартиби жана критерийлери

  Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол Министрлигинин №164  «04» май 2017ж. Буйругу менен бекитилген

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу жана кайрадан куруу долбоорлорун стратегиялык пландарга киргизүү тартиби жана критерийлери

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

 Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу жана кайрадан куруу долбоорлорун стратегиялык пландарга киргизүүнүн ушул тартиби (мындан ары-Тартип) автомобиль жолдорун куруу жана кайрадан куруу долбоорлорун (мындан ары-Долбоор) стратегиялык пландарга киргизүү тартибин, процедурасын жана критерийлерин белгилейт.

Ушул Тартип Долбоорлорду стратегиялык пландарга киргизүүдө транспорт жана жолдор боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын пайдалануусу үчүн милдеттүү болуп саналат.

  1. КУРУУ ЖАНА КАЙРА КУРУУ ДОЛБООРЛОРУН СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАНДАРГА КИРГИЗҮҮ ТАРТИБИ

Жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун куруу жана кайра куруу долбоорлорунун артыкчылыгы төмөнкүдөй критерийлерге ылайык төмөндөөчү деңгээл боюнча аныкталат:

3.1. Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларында аныкталган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечимдери менен бекитилген стратегиялык жана программалык документтердеги Долбоорлор;

3.2. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде аныкталган Долбоорлор, ылайыктуу мыймайзамдарда аныкталган шарттарда.

3.3. Калган учурларда ушул Тартиптин 4-пунктуна ылайык Долбоорлор.

Курулуш жана кайра куруу Долбоорлорун стратегиялык пландарга киргизүү Долбоордун техникалык-экономикалык эсептөөлөрүн даярдагандан кийин жана ушул Тартип менен белгиленген жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу же кайра куруу Долбоорунун артыкчылыгы  аныкталгандан кийин жүргүзүлөт.

Долбоордун техникалык-экономикалык эсептөөлөрүн жүргүзүү, транспорт жана жолдор боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан камсыздалат. Техникалык-экономикалык эсептөөлөр Долбоордун болжолдуу баасын, Долбоорду жүзөгө ашырууда социалдык-экономикалык пайдасын камтууга тийиш.

Долбоордун техникалык-экономикалык эсептөөсү экономика, финансы, транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын тиешелүү адистери курамына кирген  мекеме аралык комиссия тарабынан каралат. Мекеме аралык комиссия, экономика жана финансы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын макулдашуусунда  транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен түзүлөт.

Долбоордун техникалык-экономикалык эсептөөсүнө мекеме аралык комиссиясынын корутундусу терс болгондо, Долбоорлорду өнүгүүнүн стратегиялык пландарына киргизүүгө тыюу салынат.

  1. СТРАТЕГИЯЛЫК  ПЛАНДАРГА КУРУЛУШ ЖАНА КАЙРА КУРУУ КРИТЕРИЙЛЕРИ ЖАНА ДОЛБООРЛОРДУН АРТЫКЧЫЛЫгын АНЫКТОО

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун өнүктүрүүнүн стратегиялык пландарына долбоорлорду киргизүүнүн артыкчылыгы, критерийлердин түрлөрү боюнча тиешелүү баллдарды эсептөө жолу менен аныкталат.

Критерийлердин түрлөрү боюнча төмөнкүдөй баллдар ыйгарылат:

9.1. Кыймылдын иш жүзүндөгү (кайра куруу боюнча долбоорлор үчүн же болжолдонулуучу жаңы курулуш боюнча долбоорлор үчүн) орточо суткалык ургалдуулугу үчүн:

— суткасына 100 гө чейин авто                                             — 5 балл;

— суткасына 101ден 500 гө чейин  авто                     — 10 балл;

— суткасына 501ден 1000 ге чейин  авто                         — 20 балл;

— суткасына 1001ден 2000 ге чейин  авто                       — 25 балл;

— суткасына 2001 ден 3000 ге чейин авто                       — 35 балл;

— суткасына 3000 ден көп  авто                                     — 45 балл.

9.2. Кыска убакыт ичинде автомобиль жолун жоготуу тобокелдиги үчүн:

— 2 жылга чейин                                                                              — 30 балл;

— 4 жылга чейин                                                                      — 20 балл;

— 6 жылга чейин                                                                      — 10 балл;

— тобокелдик жок                                                                    — 0 балл.

9.3. Эл аралык базарларга товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн:

— мамлекеттик чек ара жана эл аралык транспорттук коридор менен байланышты камсыз кылууга -50 балл;

— мамлекеттик чек ара менен байланышты камсыз кылууга — 40 балл;

— эл аралык транспорттук коридор менен байланышты камсыз кылууга   — 30 балл.

9.4. Жергиликтүү базарларга товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн:

— чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштардын ортосундагы транспорттук катнаштын көз карандысыздыгын камсыздаган жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна                        — 40 балл;

— Бишкек же Ош шаарлары менен түздөн-түз байланыштыруучу эл  аралык автомобиль жолу менен байланышты  камсыз кылууга — 30 балл;

— Бишкек же Ош шаарлары менен түздөн-түз байланыштыруучу мамлекеттик жол менен байланышты камсыз кылууга                   — 20 балл;

— Бишкек же Ош шаарлары менен түздөн-түз байланыштыруучу жергиликтүү жол менен байланышты камсыз кылууга                   — 10 балл;

— ири шаар же райондук борбор менен түздөн-түз байланыштыруучу эл аралык жол менен байланышты камсыз кылууга                            — 15 балл;

— ири шаар же райондук борбор менен түздөн-түз байланыштыруучу мамлекеттик  жол менен байланышты камсыз кылууга                  — 10 балл;

— ири шаар же райондук борбор менен түздөн-түз байланыштыруучу жергиликтүү жол менен байланышты камсыз кылууга                     — 5 балл.

9.5. Долбоордун финансылык жүзөгө ашырылышы үчүн:

— каржылоонун булагы аныкталган (финансы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу, эл аралык донордун долбоорду каржылоо ниети жөнүндө документтин болушу)                                             — 20 балл;

— каржылоо булагы аныкталган эмес                                                — 0 балл.

9.6. Социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жакшыртуу үчүн:

— медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жакшыртууга — 20 балл;

— башка социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жакшыртууга  -10 балл.

9.7. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына :

     — I категория                                                                                   — 15 балл;

     — II категория                                                                                              — 10 балл;

     — III категория                                                                                             — 5 балл;

     — IV и V категории                                                                         — 0 балл.

Баллдарды эсептөөдө ар бир критерий боюнча  бир гана позиция эске алынат.

Автомобиль жолунун бөлүгүнө альтернативдүү болуп саналган жаңы курулуш долбоору үчүн долбоордун артыкчылыгы, ушул Тартипке ылайык аныкталуучу автомобиль жолунун тиешелүү бөлүгүнүн артыкчылыгына барабар болот.

Автомобиль жолдорун өнүктүрүү боюнча стратегиялык пландарга Долбоорду киргизүүнүн жетиштүү шарты болуп артыкчылыктын 150 баллга барабар же андан ашык болгон  чоңдугу (баллдардын суммасы) саналат.