mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

«Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу жана кайра куруу долбоорлорун стратегиялык пландарга киргизүүнүн тартиби жана критерийлерин бекитүү жөнүндө»

БУЙРУК

2017-жылдын 4-майы № 164

 «Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу жана кайра куруу долбоорлорун стратегиялык пландарга киргизүүнүн тартиби жана критерийлерин бекитүү жөнүндө»

Стратегиялык пландарга жол куруу объектерин жекече киргизүү менен байланышкан тобокелдиктерди жоюу үчүн стратегиялык пландоону түзүү аркылуу мамлекеттин кийлигишүүнүн чегинде юридикалык боштуктарды жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылыдын 15-сентябрындагы №530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык,

БУЙРУК КЫЛАМ:

  1. Тиркелеген Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу жана кайра куруу долбоорлорун стратегиялык пландарга киргизүүнүнтартибижана критерийлери бекитилсин.
  2. КР ТжЖМнын пресс-катчысы К.Р. Досмамбетовго ушул буйрук  «Эркин-Тоо» гезитине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор Министрлигинин веб-сайтына катталган күндөн тартып 3 иш күн ичинде жарыялоо камсыз кылынсын.
  3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор Министрлигинин ЧУАны иштеп чыгуу боюнча консултанттардын тобунун жетекчиси Н.Б. Кайынбаевге:

 — расмий жарыяланган күндүн ичинде ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине мамлекеттик каттоо үчүн жөнөтүлсүн;

ушул буйрук күүнө кирген күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде, маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтүлсүн.

  1. КР ТжЖМнын автомобиль жолдор башкармалыгынын начальниги М. Алыпсатаровго, КР ТжЖМнын алдындагы жол чарба Департаментинин директору А. Ибраевге жогоруда көрсөтүлгөн тартиптин жоболорун аткарууну камсыз кылышсын.
  2. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
  3. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө КР транспорт жана жолдор Министринин орун басары А. Жусубалиевге жүктөлсүн.

Министр Ж. Калилов