mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

«Жүк ташуучу транспорттук каражаттардын тайгалакка каршы чынжыры жана буксирдик тростору жок кыймылын, ошондой эле, прицептери бар жүк ташуучу транспорттук каражаттардын кыймылын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча убактылуу чектөө жөнүндө» буйругу

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун айрым участкаларында чоң жүк ташыган технологиялык транспорттордун жол кыймылынын шарттарын начарлатууга алып келе турган жол коопсуздугуна коркунучту четтетүү максатында, ошондой эле, адам курмандыгына алып келе турган жол-транспорттук окуяларга байланышкан кооптуу учурларды болтурбоо үчүн “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесин жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар калың жааган учурларда жүк ташуучу транспорттук каражаттардын жана тайгалакка каршы чынжыры жана буксирдик тросу жок жүк ташуучу транспорттук каражаттардын кыймылына жолду кардан толук тазалап жана тайгаланууга каршы материалдарды сепкенге чейин убактылуу чектөө киргизилсин.
2. «Ош-Сарыташ-Иркештам», «Джалал-Абад – Балыкчы», «Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт-КЭР чек арасы», «Бишкек-Ош» АЖМД автомобиль жолдорунун байкармалыктарынын начальниктери, КР ТжЖМне караштуу Жол чарба департаментинин №2, №3 регионалдык бөлүмдөрү жана КР ТжЖМне караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-көлөмдү контролдоо агенттиги, Кыргыз Республикасынын ИИМ ЖККУМБнин аймактык башкармалыктары менен биргеликте төмөнкү контролдук-өткөрүү пункттарында жана транспорттук контроль пунктарында кар калың жааган учурларда жүк ташуучу транспорттук каражаттарды убактылуу контролдоону ишке ашыруу боюнча жумушту уюштурушсун:
— «Торугарт» КӨП;
— «Иркештам» КӨП;
— «Карамык» КӨП;
— «Бишкек-Ош автомобиль жолунун 81 км «Сосновка» ТКП»;
— «Бишкек-Ош автомобиль жолунун 388 км км «Кара-Көл» ТКП;
— «Сары-Таш-Комсомолабад» автожолунун 5 км «Сары-Таш» ТКП;
— «Бишкек-Балыкчы — Нарын-Торугарт –КЭР чек арасы» автомобиль жолунун 101 км «Кемин» ТКП;
— «Ош-Сарыташ-Иркештам» автомобиль жолунун 22 км «Каратай» ТКП;
— «Кочкор-Арал-Тоо-Ашуу» автомобиль жолунун 91 км «Дыйкан» ТКП.
3. АЖБ башчылары жана Департаменттин аймактык бөлүмдөрү:
— автомобиль жолдорунун кар көчкү коркунучу бар участкаларында кар көчкү кооптуулугу бар экендиги жөнүндө маалыматтык эскертүү щиттерди (панно), жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү аймактык мамлекеттик органдар менен макулдашылган дислокацияга ылайык орнотушсун;
— кар көчкү коркунучу жана кар күрткүлөрү чогулуп кала турган кооптуулугу бар автомобиль жолдорунун участкаларынын абалы жөнүндө массалык маалымат каражаттары аркылуу калкка маалымат берип турушсун.
— бул буйрук массалык маалымат каражаттарына жайгаштырылсын.
4. Аткарууну контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин директору Ш.М. Иманкуловго жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ЖККУМБнин ЖКБнө жүктөлсүн.

Министр Ж.С. Бейшенов

«Макулдашылды »
Кыргыз Республикасынын
Ички иштер министри,
милициянын генерал- майору К. Джунушалиев