mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ысык-Көлдө жолдор кардан тазаланып, инерттүү материалдар себилүүдө

Ысык-Көл облусунда түндө жааган кардан улам жолчулар жолду тазалап, инерттүү материалдарды себишүүдө.
25-марттан 26-мартка караган түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарына кар жааган. Жол эксплуатациялоо мекемелеринин жолчулары таңында жолду тазалап, инерттүү материалдарды себишти, жолдор ачык.

Барскоон-Ак-Шыйрак автожолунун Сөөк ашуусунда, Кара- Сай заставасына чейин каардуу бороон болуп жатат, Сөөк-Каракол автожолунун Айгыр- Булакка чейин каардуу бороон, каттамдар ачык.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 27-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо жана Нарын облусунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. . Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Мындай шарттарга жолчуларда атайын даярдалган инерттүү материалдар жетиштүү.