mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ысык-Көл аэропортунда күтүү залы ачылды

2022-жылдын 9-февралында «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөрдүн санын көбөйтүү, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү, узатуу жана элди тосуп алуу максатында курулган жаңы күтүү залы ачылды.
Объекттин курулушу 2021-жылдын 7-октябрында башталган. Имараттын жалпы аянты 372 чарчы метрди түзөт. Күтүү залында эне-бала үчүн бөлмө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн шарттар түзүлгөн.
Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун администрация башчысы – акими Калыбек Жумадылов, «МАМ» ААК башкармалыгынын төрагасы Бакыт Шаршеев жана башка ишкана жетекчилери катышышты.
«2021-жылы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун өндүрүштүк көрсөткүчтөрү бир нече эсеге өстү. Алсак, 2019-жылга салыштырмалуу каттамдардын саны 4,3 эсеге, жүргүнчүлөрдү ташуу 6,9 эсеге өскөн. Буга байланыштуу аэропорт негизинен жайкы туристтик сезондо иштегендиктен, мурда жок болгон күтүү залынын имаратын куруу чечими кабыл алынды», — дейт Бакыт Шаршеев.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев «МАМ» ААКтын эмгек жамаатын куттуктап, алардын эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.
«Ысык-Көл облусун өнүктүрүүдө аэропортторду реконструкциялоо жана модернизациялоо маанилүү роль ойнойт. Анткени, бул туризмдин борбору. Ошондуктан жакшы шарты жана инфраструктурасы бар туристтерди тосуп алуу абдан маанилүү. Каракол аэропортун жакында модернизациялоо да бизди кубандырат. Бул чындыгында туризмди өнүктүрүү үчүн керек», — деди Мирбек Кожоев жана команданын мындан аркы өнүгүүсүн каалады.
«Менин оюмча, бүгүнкү күн авиаторлор үчүн гана эмес, биринчи кезекте жүргүнчүлөр жана туристтер үчүн чоң мааниге ээ. Ыкчам иш алып барган «МАМ» АК жетекчилигине ыраазычылык билдирем. Ушундай кыска убакыттын ичинде жаңы күтүү залынын курулушун бүтүрдүңүз. Ал эми жалпы командага ийгиликтерди каалайм”,-деди КРнын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев.
Өз кезегинде Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Калыбек Жумадылов белгилегендей, райадминистрациянын тапшырмасы менен жол боюна 2 транспорттук аялдама курулат.