mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ысык – Ата районунун Ново Покровка айылынын Бероговая жана Жаштык кѳчѳлѳрүнун атынан Ыраазычылык кат

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин атына жана министрге Ысык – Ата районунун Ново Покровка айылынын Бероговая жана Жаштык кѳчѳлѳрүнүн атынан ыраазычылык айтышкан. Урматтуу Жамшитбек Калилович, Береговая жна Жаштык кѳчѳлѳрүнүн жашоочулары Сиздерге – Транспорт жана жол министрлиги жамаатына – ѳтѳ чоң ыраазычылык  билдиребиз.

Себеби: — Сиздер, коррупиялык иштердин болуп кетишине бѳгѳт койгонунарга баарыбыз мин мертебе ыраазы болуп турабыз.

Кыргыз Ѳкмѳтүнүн 31т декабрь 2013 жылы чыккан № 528 р- буйругун аткарып, буйруктагы 2000метр жолдун -540метрин 2014 – жылы, быйыл планга киргизип – 1000 метр жолубузду асфальттап, бүтуруп бергениниздерге сиздерге чоң ыраазчылык  билдиребиз.

Кыргызда:- «Элдик кылсан сүрѳо кыл» -дейт. Эмки жыл планга киргизип, калган 460 метр жолубузду  — (Московская кѳчѳсүнѳ кошулган Линейная, Алма-Атинская жана Фрунзе) кѳчѳлѳрүн да «Бүтүрүп берет» — деп сиздерге чоң ишеним,  үмүт артып турабыз.

Урматтуу Жамшитбек Калилович, Азимкан Ильясович, Эрмек Алтымышевич, Арстанбек Абдылдабекович, Кубанычбек Абдылдаевич- сиздерге чын денсоолук, үй-бүлѳлүк бакыт, кыргыз лине «Кажыбас» кайрат менен эмгектене бериңиздер, ѳмүрүңѳр узун болуп, сиздерди дайым ийгилик жылоосун.

Сиздерге алкыш айтып Береговая, Жаштык, Линейная, Алма-Атинская жана Фрунзе кѳчѳлѳрүнүн  жашоочулары ыраазычылык  менен кол мѳѳрлѳрүбүздү бастык.

Министрликтин алдындагы ДЭП №43 тарабынан 1 км жолго асфальт  тѳшѳѳ иштери жүргүзүлгѳн.

Пресс служба