mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев: Өндүрүштүн токтоп калуусуна жол бербөө максатында өлкөгө импорттук сырьену ташуу жолун табуу керек

Өндүрүштүн токтоп калуусуна жол бербөө максатында өлкөгө импорттук сырьену ташуу жолун табуу керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев коронавирус инфекциясынын өлкөнүн экономикалык абалына тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтты.

«Өзүңүздөр билгендей, калк керектеген товарларды ташуу үчүн бир дагы мамлекет чек араны жапкан жок. Бирок жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын чек арадан өтүү алгоритмине байланыштуу жүк ташуу агымы токтоп калды. Тактап айтканда, мамлекеттик чек арадан өткөндө ар бир адам келген өлкөсүндө 14 күндүк карантинге алынышы керек. Бул өтө узак процесс. Бирок мындан жарандардын коопсуздугу көз каранды болгондуктан, бул алгоритмди жеңилдетип же аткарбай коюуга болбойт. Бул маселени чечүүнүн башка жолдорун табуу керек», — деди вице-премьер-министр.

Жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, жүктөрдү убактылуу сактоо кампалары жабык, чек арада медициналык жана чек ара кызматкерлеринен башка эч ким жок.

Эркин Асрандиев Экономика министрлигине белгиленген мөөнөттө тигил же бул товарларды ташууга жөндөмдүү альтернативдик өлкөлөрдү издөөнү улантуу тапшырмасын берди.

«Негизги импорттоочулар жана жүк ташуучулар менен жолугушууларды өткөрүп, бул маселе боюнча алардын сунуштарын угуу керек. Алсак, темир жол ташуулары мурдагы график боюнча жүргүзүлүүдө. Балким, импорттоочулар азырынча ушул жол аркылуу өз товарларын жеткирип турушат. Учурда коронавирустун жугуу тобокелдиги жогору өлкөлөрдүн ичинен биз Кытайдан сырье ташыйбыз. Бул негизинен жеңил өнөр жай тармагынын товарлары. Бүгүнкү күндө өндүрүүчүлөр белгилешкендей, сырье жетиштүү. Бирок биз эртеңки күндү ойлошубуз керек. Ошондуктан бардык тараптарды угуп, ойлонулган чечим кабыл алууга тийишпиз», — деп баса белгиледи Эркин Асрандиев.

Ал Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жарыялагандыгына пандемияга байланыштуу жүк ташуулардын алгоритмине киргизилиши мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү талдоону тапшырды.