mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

В Министерстве транспорта и дорог КР прошло мероприятие, посвященное предстоящему «Дню кыргызского языка» и к 90 летию всемирно-известного писателя Ч.Айтматова

img_8200 img_8215 img_8222 img_8230 img_824522 сентября 2018 года в Министерстве транспорта и дорог КР прошло мероприятие, посвященное предстоящему «Дню кыргызского языка» и к 90 летию всемирно-известного писателя Ч.Айтматова. Словами приветствия  коллектив минтрансдора и его подведомственных организаций поздравил заместитель министра транспорта и дорог КР Азимкан Жусубалиев(Ниже т размещен текст  выступления). В своем выступлении он отметил отведенную роль государственного языка и необходимость его применения в государственных органах власти, а также роль произведений Ч.Айтматова в мировой культуре.

На мероприятие, посвященном предстоящему «Дню кыргызского языка» и к 90 летию всемирно-известного писателя Ч.Айтматова, выступили писатель, поэт и сатирик Ильгиз Гильязетдинов, представили Госкомиссии по развитию кыргызского языка и молодые специалисты, отметившие неоценимую роль кыргызского языка в делопроизводстве и других сферах.

Затем представители Центрального аппарата ведомства и его подведомственных организаций представили сценки, песни на государственном языке, а также были исполнены танцы.

 

Пресс-служба МТиД КР

Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттагы

 КР Транспорт жана жол министринин куттуктоо сөзү

 

Саламатсыздарбы, урматтуу кесиптештер! Урматтуу КР Президентине караштуу тил комиссиясынын өкүлү! Урматтуу ушул мааракенин коноктору!

Бүгүн өзүңүздөр билгендей,  кош майрамдардын алдында турабыз. Быйылкы жылды Президентибиз  “Айтматов жылы” деп расмий жарыялаган, дүйнөлүк масштабдагы классик жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө алдында турабыз.  Ошондой эле, салтанаттуу мааракебиз  1989-жылы 23-сентябрь күнү кабыл алынган Мамлекеттик тил күнүнө арналган.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамдын кабыл алынгандыгына  үстүбүздөгү жылдын  23-сентябрында 29 жыл толот жана бул күн республикалык деңгээлде жыл сайын салтанаттуу белгиленип келе жатат.  Бул жылдардын аралыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө карата республикада көптөгөн иштер аткарылды.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили — кыргыз тили болуп саналат” деп жазылган жана Кыргыз Республикасында “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам 1989-жылы 23-сентябрда кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги да  мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү, конституциялык беделин жогорулатуу, министрликтин кызматкерлерин мекенчилдикке тарбиялоодо өз салымын кошуп  келатат.

“Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын” ишке-ашырууга багытталган иш-чаралардын алкагында кызматкерлердин компетенттүүлүгүн арттыруу, иш кагаздарын алып барууда сөз байлыгын, терминологиялык базасын кеңейтүү заманбап талаптардын нугунда түздөлүп турушу зарыл.

Ошого ылайык, азыркы учурда кызматкерлердин мамлекеттик тилде жаза билүү деңгээли бир топ жогорулагандыгы байкалат. Себеби, Министрлик ичинде жүргүзүлгөн документтер, арыздар ж.б. каттар мамлекеттик тилде аткарылат, коллегиялык жыйындар, аппараттык жыйындар ж.б. чогулуштар мамлекеттик тилде өткөрүлөт.  Министрликтин сайты мамлекеттик тилде жүргүзүлүүдө.

19.09.2017-ж. № 12-3305 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорунда  “Административдик кызматтарда иштеген жарандык кызматкерлер жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө билүү деңгээлин орнотуу жана аларды мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракетине киргизүү  маселелери” каралган жана “Кыргызтест” системасын киргизүү пландаштырылган.  Бул иш-чара 2018-жылдын башынан ишке аша баштады.

Дүйнө космикалык ылдамдык менен өнүгүп жаткан учурда, биз ошол ылдамдыктан артта калбай, көп тилде сүйлөп, өз оюн эркин билдире алган замандаштардан болуубуз абзел.

Андыктан, кеминде беш тилде, керек болсо он тилде сүйлөй турган мезгил алыс эмес.  Өзүбүздүн эне тилибизге кошуп, орус, англис, кытай, япон ж.б. тилдерде сүйлөй билүү азыркы заман талабы.

Ошонун ичинде мамлекеттик тилибиз болгон – өз эне тилибизди сыйлай да, барктай да билели. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил гимнинде так ушинтип айтылган:

Тил жаралып Көкө-Теңир таңынан,

Адамзаттын дөөлөтүнө буйруган.

“Адам” деген түп сөзүнөн элимдин,

Кыргыз тили ай-ааламга жаңырган.

 

Мекен тили — Ата-Журттун кареги,

Биримдиги, күч-кубаты, тиреги,

Мекен тили – куттуу кыргыз элимдин,

Көкүрөктө согуп турган жүрөгү.

 

Майрамыңыздар кут болсун, мамлекеттик тил – эне тилибиз өнүгүп-өсүп, Эгемендүү Мамлекетибиздин гүлдөп-өсүшү үчүн, КР Транспорт жана жол министрлигинин иши дагы да алгалашы үчүн кызмат кылалы!

Бар болуңуздар!